Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 17:45

Шаартуздук кыргыздардын көчү жана татаал тагдыры


Дүйшөмбү шаарындагы нааразылык жыйыны. 1990-жылдын 10-17-февралы.

Шаартуздук кыргыздар жөнүндө уктуңуздар беле? Теги тажикстандык кыргыздардан болгон таанымал жазуучу жана публицист Мирзохалим Каримов кезектеги учкай этнографиялык баянын сунуштайт.

1953-жылдагы советтик Тажикстанда орун алган мажбурлап көчүрүү окуясы жана 1992-жылы капысынан тутанган жарандык согуш бул жумурияттын мурдагы Коргон-Төбө облусуна (азыркы Хатлон облусуна) караштуу Шаартуз району (тажикче: ноҳияи Шаҳритус) жайгашкан Кафирниган дарыясынын өрөөнүндөгү Саят, Чаянчы, Каарман айылдарында ошол 1950-жылдардан тартып жашап калган жергиликтүү кыргыздар үчүн да тажиктердегидей эле өзгөчө кайгыга кириптер кылган окуя болгон.

Бул кыргыздардын бир бөлүгүнүн миӊдеген бейкүнөө адамдардын өмүрүн кыйган, аялдарды жесир, жаш балдарды жетим кылып, өлкөнүн экономикасына өтө көп зыян келтирген ушул 1990-жылдардагы жарандык согуштун кесепетинен Кыргызстанга качып келип, Чүй облусунун Жайыл районундагы айылдарга отурукташып калган тагдырынын тамыры чындыгында абдан татаал.

Тажикстандагы кыргыздар жалпысынан жерге-талдык, мургаптык, исфаралык жана шаартуздук деп аталат. Кожентте да кыргыздар байырлайт.

Эӊ татаал тагдырга туш келген шаартуздук кыргыздар оболу Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Чоӊ-Алай району менен чектешкен Жерге-Тал районунда (азыр ал «Лахш району» деп аталып калды) нечен кылымдардан бери тынч жашап келишкен.

1953-жылы советтик Тажикстан өкмөтү тоолуу райондордо жашаган калкты пахта өстүрүү үчүн өздөштүрүлгөн жерлерге көчүрүү тууралуу тереӊ ойлонулбаган токтом кабыл алгандан кийин ал кыргыздар да өз ыктыярлары менен эмес, мажбурлоо жолу менен мээ кайнаткан ысык жерлерге көчүрүлгөн.

Абасы салкын тоолуу райондун кыштактарынан көчүрүп келинген калктын катарындагы кыргыздар ал жердин ысык климатына бара-бара айласыздан көнүп, Саят, Чаянчы, Каарман, Айваж деген айылдарга биротоло отурукташып калышат. Мажбурлап көчүрүлгөндөрдүн бири да советтик өкмөттүн бул өкүмзор чечимине каршы чыга алган эмес.

Ошо кездеги бийликтин жүргүзгөн бул саясаты абасы салкын жерден мээ кайнаткан ысык жерге мажбурлап көчүрүлүп келген калкты түбөлүк унутулгус жоготууларга кириптер кылганын тажикстандык кыргыздар азырга дейре айтып жүрүшөт.

Алар бул кайгылуу окуяны «можур» ("маажур"; тажикче «мухожир», арапча "мухажир", б.а. "көчүп келген", "эмигрант" деген сөз; мусулмандык жылнаамадагы "хижра жылы" сөзү да ушул терминге байланыштуу) окуясы дешет. Асман тиреген бийик тоолордун арасындагы абасы салкын кыштактарда кадим замандардан бери жашап жүргөн карапайым калк төмөнкү өрөөндөгү 40-50 градуска чейинки ысыкка көнө албай, алгачкы айларда айрым оорулуулар, жаш балдар каза болуп калган дешет.

Ошентип, советтик бийликтин буйругуна каршылык көрсөтө албаган кыргыздар бул жаңы аймакта жашоого бара-бара айласыздан көнүп калышат. Айылдарында кыргыз мектептери ачылып, улан-кыздары өз эне тилдеринде окууга, Кыргызстандын жогорку окуу жайларына барып билим алууга чейин жетишишип, турмуш-тиричиликтери бир кыйла оӊолот.

Бирок, арадан бир нече жыл өткөндөн кийин тагдырдын дагы бир татаал учуруна туш боло турганы алардын оюна келген эмес. 1992-жылы пост-советтик тажик өкмөтү менен оппозициянын ортосундагы бийлик талашуунун, күчөп кеткен диний фанатизмдин кесепетинен Тажикстанда жарандык согуш оту күтүүсүздөн тутанып кетет.

Пахтачылыкты, жашылча өстүрүүнү мыкты өздөштүрүп, ар тараптан өнүгүп калган кыргыздар ушул кесепеттин айынан бул жердеги бейпил турмуштарынан да айрылып, баштарына дагы бир оор кайгы түшөт.

Алар үй-жайларын да, жыйган-тергендерин да таштап, өтө чоӊ кыйынчылыктар менен тарыхый атажурту -- Кыргызстанга өзгөчө чукул кырдаалда качып чыгууга мажбур болушкан.

1953-жылдагы советтер мажбурлаган көчтүн азап-тозогун унута албай, өзүлөрүн дале болсо мусапыр сезип жүргөн шаартуздук кыргыздардын тагдырынын кайрадан чиеленгенинин, кайра жер которууга, болгондо да ыктыярдуу эмес, айласыздан качып кетүүгө кириптер болушканынын өтө кыска таржымалы мына ушундай.

Эми мурдагы шаартуздуктар жаңы тургун жайларында өздөрүнүн мээнеткечтиги, дыйканчылыктагы чеберчилиги жана мол тажрыйбасы менен алатоолуктарга өрнөк болуп келишет.

Kyrgyzstan - Mirzohalim Karimov, tajik writer in Kyrgyzstan, 25Dec2012
Kyrgyzstan - Mirzohalim Karimov, tajik writer in Kyrgyzstan, 25Dec2012

Албетте, жалпы кыргыздар үчүн Памирдин Тажикстандагы, Ооганстандагы жана Кытайдагы бөлүктөрү деле башка чөлкөмдөр менен бирдикте кеңири тарыхый атажурттун ажырагыс бир бөлүгү экендиги талашсыз.

Мирзохалим Каримов,

жазуучу, журналист, публицист.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (9)

XS
SM
MD
LG