Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:45

Ван кыргыздарынын таарынычы жана сагынычы


Улуу Памир айылынын тоолоруна чыккан кыргызстандык Дастан.

Памир кыргыздары Түркиянын Ван аймагына көчүрүлүп келип, айыл куруп отурукташканына быйыл 36 жыл болуптур. Бул айылдын аты Улуу Памир деп аталат.

Көптөн бери Вандагы туугандарыбыз тууралуу угуп, алар менен таанышкым келип жүрчү. Түркияда эки жылдан бери окуп жүргөнүмө карабай алар менен жолугууга убакыт болбоду. Быйыл жайында "Улуу Памирге бир барып учурашайын" деп максат коюп, аным ишке ашып, ал айылда беш күн болдум. Албетте, 300 түтүн калкы бар бул айылды толук таанышып, изилдеп, талдап жазууга беш күн өтө аздык кылат.

Ошон үчүн болушунча мурда биз билбеген маалыматтарды, жаңылыктарды көбүрөөк билүүгө аракет кылып жаттым. Айылды кыдырып жүрүп көбүнчө аксакалдар, карылар менен көбүрөөк баарлаштым.

Алар менен учурашсаң: "Кимдин баласы элең?" деп таңыркап сурашат. Кыргызстандык экенимди айтсам дароо жылуу кабыл алып, сураган нерсеңди төкпөй-чачпай айтып беришет. Канткен күндө да алар жаштыгын, өмүрүнүн жарымын Памирде өткөрүшкөн эмеспи. "Туулган жердин топурагы алтын" дегенгеби же тоодогу жашоого, жайлоого көнүп калышканыбы, айтор Памир тууралуу сураганымда эле көздөрүнө жаш алып, оор улутунуп, жаштыгын эстеп айтып берип жатышты.

Айдар аттуу бир аксакал: "Биз кең Памирдин тоолорун кыргыздар гана байырлачубуз. Жайлоо, кыштоо деп көчүп-конуп жүрчүбүз, ат, топоз менен төрт-беш күндүк жолду басып өткөн жерлер бизге таандык болгон. Азыр эми минтип кышы-жайы дебестен бир коктуда тыгылып жатабыз. Бул жердеги эки кабаттуу салынган үйлөр, бардык шарттары бар, заманбап жашоо менен жашаганыбыз менен Памирдин тоолоруна эч нерсе жетпейт", - деди. Айылда бир киши апасынын ордуна ажыга кетип жаткан экен, айыл аксакалдарынан бата алыш үчүн үйүнө чакырыптыр. Ага мен да туш келип, кирип калдым, жаш экениме карабай төр жакка отургузушту. Аксакалдар менен таанышып, дароо эле кепке тарттым.

72 жаштагы Жумабай деген аксакалдан: "Азыркы жашоо жакшыбы же Памирдеги жашообу?" деп сурасам, "Памирде менин 35 жылым өттү, ал жакта улак тартып, аң уулап, оюн ойноп, кең тоолордун койнунда эч нерсени ойлонбой жашайт элек. Азыр болсо жаштарда "окуш керек, жогорку окуу жайына тапшырыш керек, иш табыш керек, үй-бүлө куруш керек" деген көп маселе бар, бир аз болсо да Памирдин тоолорундагы жашоо жакшы эле" дейт.

Улуу Памирдеги кыргыз тили

Айылда Кыргызстандын ЭлТР, "Маданият", "Спорт" жана башка алты канал көрсөтөт экен. Бирок айылдыктар буларды көп көрө беришпейт, анткени орусча берүүлөрдөн жана кызыксыз көрсөтүүлөрдөн улам Түркиянын телеканалдарына өтүп кетишет. "Кыргызча берүүлөр да анча кызыктуу эмес, алгач тарта баштаганда "тилибизди аз да болсо ушундан үйрөнөбүз, сактайбыз" деп ойлогонбуз, бирок тилегибиз таш капты" дейт. Кээде гана концерттерди, кыргыз ырларын угушат экен.

Айылдыктардын бири "орусча көрсөтүүлөргө жиним келип, каналдан өчүрүп салгам, апам "Кыргызстанды көрөм" дегенинен кайра коштум" дейт. "Кыргызстанда Орусиянын каналдары жана орусча телеканалдар тартат экен, ошондуктан Түркиянын каналдарындай болуп Кыргызстандын каналдары кыргызча эле берсе жакшы болот эле" деди.

Андан сырткары, Кыргызстан тууралуу үналгыдан жаңылыктарды тыңшап турган карыялар да учурайт. Орто жана жаш муундагылар Кыргызстан каналдарын көрүп же тыңшаганда анча түшүнүшпөйт. Алар кыргыз тилин түркчө менен көп аралаштырып сүйлөп калгандыктан, кыргызчаны толук түшүнбөй калышат. "Кыргыз теле, радиолорун угуп, көрсөк бизге тез сүйлөгөндөй туюлат" дешти. Андыктан көп тыңшабайт. Бирок ошого карабай, телефондорунда кыргызча ырларды жүктөп алып, угуп жүргөндөргө да кезиктим.

Бул айылда тил маселеси чынында олуттуу экенин байкадым. Азыр анча билинбегени менен 20-30 жылда кыргыз тили унутулуп калышы мүмкүн экени көрүнүп турат. Негизинен бул айылдагылар кыргыздын ичкилик диалектисине жакын тилде сүйлөшөт.

Жашы 50дөн өтүп калгандар Памирде сүйлөшкөн таза тилин сактап калышкан. Түркчөнү да анча биле беришпейт. Ал эми 30-50 жаштагылар да кыргызча, түркчөнү бирдей сүйлөй алышат. Сүйлөшүп жатып түркчө-кыргызча аралаштырып, сүйлөй беришет экен. Андан жашыраактары көбүрөөк түркчө сүйлөп калышкан. 15 жашка чейинкилер кыргыз тилин дээрлик унутуп баратышат.

Кыргызча сүйлөгөндө өтө эле көп түркчөнү аралаштырып, көп сөздөрдү түшүнбөй калышат. Алар менен кыргызча баарлашканымда түшүнбөй таңыркап карап, араң түшүнүшөт же кайсы бир сөздөрдүн түркчөсүн айтууга мажбур болуп жаттым. Мунун да себеби бар - Түркияда 36 жыл ичинде төрөлгөндөр өздөрүн түркиялык катары сезип калышкан. Анын үстүнө мектепте, аскерде, жогорку окуу жайларында, шаарларга барып иштеген жерлеринде жалаң түркчө сүйлөөгө мажбур.

Бирок баары ошого карабай кыргыз тилин унутпай сүйлөгөнгө дилгир экени байкалат. Учурда Кыргызстандан барган эки студент кыз Улуу Памир айылында 40 күн боюнча өз ыктыяры менен кыргыз тилин жана комуз чертүү өнөрүн үйрөтүп жатыптыр. Буларды угуп сүйүнүп, кабар алып коюну чечтим. Комуз классында 6-7 окуучу, кыргыз тилин үйрөнүп жаткандар да 6-7 окуучу болчу. Сабак берип жаткандардын айтымында, 20дан ашуун окуучу келип жатыптыр.

Айылда жайкы эс алууда Куран үйрөтүүчү курс бар экен. Балдар-кыздар болуп жаш курагына карай эки класста, бир күндө эки мөөнөт менен 200гө жакын окуучу келип окуйт экен. Балдардын араб тамгасын үйрөнүүгө, Куран окууга аябай кызыкканы көрүнүп турат. Бул албетте, жакшы саамалык, бирок кыргыз тилин жана комуз үйрөнүүгө эмне үчүн мынча аз киши катышып жатышканына кабатыр болдум. Бул суроонун жообун айыл өкмөтү мындай жооп берди:

- Кыргызстандан эки кыз 40 күнгө гана келгендиктен көбү "эч нерсе үйрөнө албай калабыз" деп сабакка келген жок. Ошондуктан Кыргызстандан 9 ай бою кыргыз тилин үйрөткөн мугалимдер дебейли, жок дегенде Куран курсундай жайдагы үч ай кыргыз тилин, кыргыз тарыхын жана комузду үйрөткөн мугалимдер келип окутса, көп окуучу келмек. Тил үйрөтүү маселесин азыр аракет кылып калбасак 10 жылдан кийин, кеч болуп калат, кадимки башка тилди үйрөнгөдөй болуп кабыл алып калышат.

Айылдыктар латын арибине негизделген түрк жазуусун окушкандыктан кыргыз арибин билишпейт. Бирок Кыргызстандагы жаңылыктар менен кабардар болуп туруу максатында Интернеттен, китеп-журналдардан карап үйрөнүп алгандар да бар. Улуу Памирдеги кыргыздардын өздөрүнө тийешелүү сөздөрү да бар экен. Мисалы, чиркейди "маша" деп айтышат экен. Мунун себебин сурасам, "мурда чиркей эле дечүбүз, Пакистанда төрт жыл калганыбызда урду тилинде "маша" дейт экен, биз да дароо эле ошентип кеттик" дешти.

Ал эми өздөрүнө гана таандык болгон кийим - эгин, жогорку же үстүңкү – эгиз, ойгонуу, коркок - жин, туруп - кооп, аззе - аял, эрек - эркек, кымбат - кыймат, чакыруу - кычыруу, макал - метел ж.б. сөздөрү бар. Андан сырткары түркчөдө айтылган йабанжы - чет өлкөлүк - жабанжы, йемек - тамак, йурт - жатакана колдонуп калышыптыр. Бул кыргыздар "ата-эне" деп колдонушуп, "апа" деген сөздү колдонушпайт, билишпейт да экен. Эң көп кулагыма чалдыккан өз "чукул" болду. "Тез, жакын, кыска аралыкта, тез арада" дегендин баарына "чукул" деген сөздү колдонушканын билдим.

Түркчө ысымдар

Улуу Памирдеги кыргыздар Түркияга келишкенден кийин Түркиянын мыйзамы боюнча баарына фамилия алышкан. Түрк мыйзамы фамилияны бизге окшоп атасынын же чоң атасынын атынан жаздырбайт. Өздөрү бир фамилия табат, ошол боюнча мамлекет каттап берет, аны баласы, небереси жана башка укум-тукуму колдонуп кете берет. Бул айылдагы кыргыздар да бүт түрктөрдүн аттарындагы фамилияларды жасатышкан.

Түркияда төрөлгөн балдарга да түркчө ат коюшат экен. Жаш балдардын аттары дээрлик түркчө коюлуп калыптыр. Мунун себеби - Түркиянын адамдын аты-жөнүн жазып күбөлүк берүүчү мекемеси биздин аттарга тили келбей түркчө ат жазып салышат. Мага жолуккан кыргыздардын бири "баламдын атын Памир койдум, күбөлүк берген мекемедеги кызматкер "ушундай да ат болчу беле" деп "Мустафа" деп жазып салды, андан кийин аты Мустафа болуп калган" дейт.

Айылдыктардын Кыргызстан тууралуу ойлору

Кыргызстан илгери Советтер Союзунун ичинде болгондуктан кыргыздар жөнүндө маалымат анча кеңири болгон эмес. Улуу Памирдегилер 1982-жылы Түркияга келгенде көпчүлүк түрктөр, күрттөр Ван кыргыздарын оогандар деп ойлошуптур. 1991-жылы "Кыргызстан эгемендик алды" дегенди угуп, асманга ок атып, "Кыргызстан эгемен болду!" деп аябай кыйкырып майрамдап жатышканда гана аларды аларды ооган эмес, кыргыз экенин билишиптир.

Айылдагы орто жана улуу муундагылардын Кыргызстанды барып бир көрсөм дегенкыял-тилектери күч экен. Бир тобу Кыргызстанга да барып туугандарына жолугуп келиптир. "Кыргызстанга бир барсак арманыбыз жок эле" дегендер арбын кездешет.

Эки ирет аксакалдар, орто муундагылар менен дасторкон үстүндө кошо отуруп калдым. Баары мага кызыгып, Кыргызстан тууралуу сурашат. Айтып берсем, көздөрүн жалдыратып, "биздин да мекен бар эле, бир ошого жетсек, көрсөк" деген ой менен муңдуу карашат. Ошону менен катар эле Кыргызстанга жана кыргызстандыктарга нааразы болгондор да кездешет. Бир канча киши памирлик кыргыздарды Кыргызстанга алып барып, жакшы шарт түзүп бербей койгонуна нааразы болуп, "мындан кийин алар эч качан барышпайт жана туугандарына, айылдаштарына Кыргызстан тууралуу терс пикирлерди жеткиришет" деди. Эки жылдан бери Памирден айылга келип жашап жатышкан эки кыргыз жараны бар экен, алар да туугандарынын Кыргызстандан кетип калышканына, ал жак менен түшүнүшө албаганына кейиди.

Бир келиндин айтымында, бул айылга Кыргызстандан үч кыз келиптир. "Таанышалы деп айылдан эки курбум менен аябай сүйүнүп барганбыз, бой көтөрүп, биз менен сүйлөшпөй, бири-бири менен орусча сүйлөшүп туруп алышкан, ошондо биздин баягы "Кыргызстан" деген кыялдарыбыз астын-үстүн болуп, көңүлүм калган" дейт. "Кийин гана Анкарада иштеп жүрүп, ал жакта кыргыздар менен таанышып, сүйлөшүп, кайра Кыргызстанды жакшы көрө баштадым" дейт.

Дагы бир тургун болсо "Түркияда бизди уят кылып бүтмөй болдуңар" деп нааразы болду. "Бирин бири сатып кеткен, алдап кеткен кыргыздарды жолуктурдук. Анкара, Стамбулда жаман жолго түшүп кеткен кыздар толтура. Анкарага бар ачып алып, түнү кыздар ичип көчөдө жатып калышат. Ар ким келип машинесине салып кетет. Кошо иштегендер "сенин туугандарың" деп шылдыңдашат. Кийин мен өзүмдү "татармын, кыргыз эмесмин" деп ал шылдыңдардан кутулуп жаттым" дейт. Бирок канчалык нааразы болсо да "Кыргызстан деген өлкөбүз бар, артыбызда элибиз бар, эгемен мамлекетибиз бар деп сыймыктанабыз, болбосо канчалаган улуттар өлкөсү жок жүрүшөт" дешти. Айылда Кыргызстандын байрагын жана "Кыргызстан" деген жазууну үйлөрүнө, автоунааларына илип алгандар, "Кыргызстан" деп жазылган кийимдерди кийип жүргөндөрдү көрүүгө болот.

Кыргызстан тууралуу тынбай кабардар болуп турган бир карыянын айтымында, Кыргызстан ашыкча той-мааракелерди, коррупцияны жана ичкиликти азайтса эле өнүгүп кетет. "Бизди "этникалык" деп туура эмес атайсыңар" деп нааразычылыгын билдиргендер да болду.

Учурда бул айылга Кыргызстандан 28 кыз келин болуп келиптир. Булардан бир гана кыз Кыргызстанга тийген. Андан башка түрктөр, күрттөр менен кыз алышып, кыз беришкендери да бар экен. Айыл кичине болгондуктан, бири-бирине кыз алып берүү менен, бири жезде, бири тайке, бири жээн болуп, айтор бүт эле айыл бир-бирине тууган болуп калыптыр.

Мен айылда жүргөндө да үйлөнүү тою болуп катышып калдым. Салттар Кыргызстандыкынан такыр айырмаланып турат экен. Бир эле мисал: үйлөнүү тоюнда сөзсүз улак оюну болот. Тамак-аш жаатында болсо, кыргыздын тамак-ашын унутушпаганы менен түрктөрдүн да тамак-ашы аралашып калган. Тамактануу маданиятында болсо тамак менен кошо чай эмес, суу ичүү, чайды тамактан кийин өзүнчө ичүү, эртең мененки тамактануу өзгөчөлүктөрүн түрктөрдөн алышкан.

Ван кыргыздарынын кесиби

Кыргыздар алгач айылга келгенде ар бир үйгө мамлекет мал бериптир. Алар үчүн 36 миң гектар жер бөлүнөт. Айланадагы күрттөр менен жер талашып, мамлекеттик кээ бир жагдайлардан улам, азыр 18 миң гектар жер калыптыр. Анын 2,5 миң гектары сугат жер, калганы тоют жыйноо үчүн ылайыкташкан жана жайыт жерлер. Алгачкы жылдары мал көбөйүп, тоют, жайыт тартыш боло баштаганда малды азайтууга аргасыз болушкан. Малын кезектешип кайтарып, жердин тардыгынан жайлоого чыгышпайт. Кой, уй, жылкы багышканы менен кымыз жасаганды унутушуптур. Алгач келгенде бийлик куруп берген үйлөрдүн баары окшош жана бир-бирине жакын курулган. 2013-жылы Ванда болгон катуу жер титирөөдө бул айылдагы айрым үйлөр да жарактан чыгып, өкмөт 20 жылдык ипотека менен бир кабаттуу үйлөрдү куруп бериптир. Жеринин аянты өтө эле аз. Кадимки Бишкектин жаңы конуштарына окшоп жакын жайгашкан. Айыл четинде сугат жерлер берилгени менен Памирде жүрүп дыйканчылыкты билбеген калк азыр да жер айдабайт. Айылда бир гана киши күнөскана тигип, ичине помидор, бадыраң өстүрсө, ачык жерден фасоль, калемпир, картошка эгип, өндүрө баштаптыр. Айылдын четинде көп жыл мурда тигилген алты түп чоң жаңгак көрүнөт. Муну жыл сайын айыл өкмөттүн чечими менен айылга салым кошкон үй-бүлөгө беришет экен. Түшүм жакшы болгон жылы бир тоннадан ашуун жаңгак алууга болорун айтышты.

Мындан башка кыргыз, түрк кийимдерин тигип, улуттук курал-жарак жасап саткан, айыл четине эки боз үй тигип, туристтерди кабыл алган киши да бар. Ал жерди “Хан Ордосу” деп атап койгон. Айылдагы негизги иш корукчулук экен. 1990-жылы айылга террордук топтор кол салышканда айылды коргош үчүн өкмөт кыргыздардын коргоо биримдигин түзөт. Учурда айылда коргоочулук кылган 200дөн ашуун эр бүлө кызмат кылып, мамлекет аларга айлык төлөй турганын билдик. Бул коргоо биримдиги жалаң эле Улуу Памир айылын эмес, коңшу айылдарды, мамлекеттик унаа жолдорунун да коопсуздугун сактап турат. Бул топтун ичинен айылга кире бериш көпүрөдө 24 саат бою ар эки сааттан алмашып, айылга кирип-чыгып жаткандарды көзмөлдөп турган күзөтчү аскерлер турат. Айылдыктардын айтымында, корукчулук менен гана айылда ишке жарамдуулар кармалып турушат. Болбосо айылда жаштардын кармалып турушу мүмкүн эмес өңдөнөт.

Бул айылдагы беш күндүк сапарым кыска болсо да алдыма койгон максаттарым ишке ашып, жемиштүү болду. Айылдагыларга, жардам бергендердин баарына ыраазы болдум. Биздин максатыбыз, тилегибиз кай жерде кыргыз болбосун, кыргыздыгын жоготпой улап кетсин деген гана ниетибиз бар.

Дастан Разак уулу

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG