Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:57

Жерге-Талдагы «Кайгылуу күндүн» тагы


Сайфулла Камалов.

Чейрек кылымдан кийинки эскерүү же Тажикстандагы саясий согуштун кесепетинен улам бир колунан ажыраган кыргыз Сайфулла Камалов менен маек.

Бийлик менен диний фанаттардын тизгин талашынын айынан кандуу согушка айланган саясий чатак Тажикстандын Шаартуз, Жерге-Тал, Мургаб, Исфара ж.б. райондорунда тээ илгертен бери жашап келаткан бейтарап кыргыздардын деле жүрөк үшүн алып, далай азаптарга кириптер кылганы жашыруун эмес.

Жерге-Талдын кыргыздары ошол кыйын күндөрдөгү азап-тозокторунун баарын унутса да, 1993-жылы 26-февралда болуп өткөн кыямат окуяны эч качан унутушпаса керек. Жайылган айылында жашаган кыргыздар бул кандуу окуяны «Кайгылуу күн» деп атап, кийинки муундар курман болгон бейкүнөө айылдаштарын эстеп жүрүшү үчүн тарых барактарына өчпөс кылып жазып, өздөрүнүн тарыхый-этнографиялык музейинде сактап жүрүшөт.

Аскердик учактын аёосуз аткылоосуна дуушар болгон 40тан ашуун кыргыздардын бири, ошол кайгылуу окуяда бир колунан ажыраган, азыркы учурда Чүй районунун Чүй айылында жашап жаткан Сайфулла Камалов менен ошол унутулгус кандуу күн тууралуу аӊгемелештик.

- Сайфулла мырза, сиз Тажикстанда болуп өткөн саясий согуштун кесепетинен бир колуӊуздан ажырап, далай азаптарды баштан өткөргөнсүз. Согуш жүрүп жаткан 1993-жылдын 26-февралын эмне үчүн «Кайгылуу күн» деп атаганыӊыздар, ал күндү эстен чыгара албай келатканыӊыздар тууралуу айтып берсеӊиз.

Төбөбүздө аскердик учак капилеттен пайда болуп, бизди оппозициянын адамдары деп ойлодубу, айтор үстүбүздөн ок жаадырды.


- Биздин ошол күнү эмне болгонубузду 25 жылдан кийин биринчи жолу сурап келгениӊиз үчүн сизге рахмат айтам. Буга чейин бизди эч ким сураган эмес. «Бизди учак атты» дегениӊ кимге кереги бар эле? Эмне дээр элем, Кыргызстанга көчүп келип жаман болгонубуз жок. Бул жакка ооп келгенибизге ошол согуш себепкер болду. «Кайгылуу күн» тууралуу айтуу, ал күндү эстөө мен үчүн абдан оор. Республиканын башка райондорунда катуу согуш жүрүп жаткан учур эле. 26-февраль күнү коӊшулаш айылда бир адам каза болуп калды. Жайылган айылынан 40тан ашуун кыргыз жүк ташуучу машиненин кузовунда барып көӊүл айтканбыз. Кайра келатканыбызда үч уктаса түшкө кирбеген кыямат окуяга туш болдук. Төбөбүздө аскердик учак капилеттен пайда болуп, бизди оппозициянын адамдары деп ойлодубу, айтор үстүбүздөн ок жаадырды. Бешенибизге жазылган ал күндү ылайым эч ким көрбөсүн. Канга боёлуп калганбыз. Ал-жаны бар адамдар кузовдон ыргып түшүп, туш-тарапка качышты. Абалы оор болгондор кансырап кузовдо калганбыз.

- Кузовдо канча адам каза болду?

- Үч киши ошол замат жан берди, калгандарынын дээрлик бардыгына осколка тийип, жарадар болушту. Алты адам абдан оор жарадар болдук, алардын бири ооруканага барганда көз жумду, осколка бешенесин тешип өтүп, мээсине өтүп кеткен экен.

- Сиз кандай жараат алдыӊыз?

- Учак атканда алдымда олтурган Машрап акенин үстүнө кулап түшкөн экенмин. Оӊ колум менен бортту кармап, сол колума таянып өйдө турайын десем, колум жоктой туюлду. Карап көрсөм алаканым, манжаларым тытылып кетиптир. Ичиме карасам, кан шорголойт. Жанымда бараткан эки жаш бала биротоло тытылып, биринин эттери бортко, менин кийимдериме жабышып калыптыр. Кол-буттары, баштары бөлөк-салак. Бир аял белинен экиге бөлүнгөн, экинчи аялдын эки буту теӊ тизеден үзүлгөн. Ушу бир-эки мүнөттүн ичинде өтө оор абалда болуп калдык. Бирибиз бирибизге жардам бере албайбыз. Мен эптеп кузовдон жерге түшсөм, бир аял катуу жарадар болуп жаткан күйөөсүнүн жанында озондоп олтурган экен. Ушул учурда жанагы жаналгыч учак кайра пайда болуп, үстүбүзгө учуп келатканда үчөөбүз машиненин астына кирип бекиндик. Учак бул жолу да машинени аткылап өттү. Машиненин астында жатканда кузовдун октон оюлган тешигинен шылдырап аккан канды көрүп, дене-боюм муздап кетти. Көрсө экинчи жолу аткылаганда кайнатамдын эки буту жулунуптур. Тытылган колумдун оорусун ошондо сезе баштадым. Ага чейин негедир билген эмесмин. Катуу корккондо, өлүктү, канды көргөндө адам башкача болуп калат экен. Колумдан кан агып жатса да айласыздан эки чакырымдай жол бастым. Айылга жакындаганыбызда бизди утурлап машине келип калды. Көрсө, окуя тууралуу айылга кабар жеткен экен. Ушул учурда баягы учак үстүбүзгө дагы учуп келди. Бирок бул жолу атпады. Туш-тушка качып бекинген адамдар чогулуп машинеге олтурганыбызды билем, андан кийинкисин билбейм. Бизди түшкү саат экилерде ооруканага алып келишсе, калган өлүктөр менен жарадарларды караӊгы киргенден кийин эптеп алып келишиптир. Өтө кыйын учур эле, машине жок, бензин жок, электр жок. Эл жолдо жүрүүдөн, бир жерге топтошуудан коркуп калган. Улам-улам учуп келип жаткан учак элдин үрөйүн учуруп койгон болчу. Ошол күнү өлүктөрдү көмүү да тозок болгон. Айылдаштар түнү менен караӊгыда көр казган. Мүрзөгө эл топтолуп, сөөктөрдү жерге коё баштаганда баягы учак дагы учуп келе калбайбы. Ошондо топтолгон элдин баары качып кеткен. Мүрзөдө маркумдардын зар какшап ыйлаган жакындары калып, сөөктөрдү өзүлөрү жерге коюшкан, байкуштар. Иши кылып ушундай кыйын күндөрдү баштан өткөрдүк. Аларды эстегенден да корком.

- Ошондой кыйын кезде айылдагы оорукана жарадарларга зарыл болгон жардамын бере алдыбы? Ооруканада дарыгерлер иштечү беле?

- Өлкөдө кыямат болуп жатса, анан кайдагы дары-дармек, кайдагы дарыгер? Алгачкы жардамды кудай жалгагыр өзүбүздүн Сами деген кыргыз дарыгерибиз берген. Элден айланса болот, уккан кулактын баары үйлөрүндө болгон дары-дармектерин ж.б. алып келип жатышты. Көп нерсе жетишсиз эле.

Колу дарт көрбөсүн ылайым, дарыгерибиз Сами аке кыштын суук күнүндө жүз чакырымдан ашуун жол жүрүп, Кыргызстандын Дароот-Коргон айылына барган.


Мени таӊга жуук операция кылышыптыр. Наркоздон улам колумдун кесилгенин билбей жаткам. Ойгонсом колумдун учу сыздап ачышат. «Суукта үшүп калса керек» деген ойдо оӊ колум менен сыйпалап көрсөм, колум жок! «О, кудай, жаш кезимде эле колумдан ажырап, майып болуп, шорум куруган турбайбы» деп ичимден ыйлап алдым. Ага кошумча каным да азайып, жарым жан болуп калыптырмын. Колу дарт көрбөсүн ылайым, дарыгерибиз Сами аке кыштын суук күнүндө жүз чакырымдан ашуун жол жүрүп, Кыргызстандын Дароот-Коргон айылына барган. Ал жердеги ооруканадагылар менен масилеттешкен. «Биздеги кыргыздар абдан оор кайгыга кириптер болушту, жарадарларыбыз көп, бир тобуна операция жасаш керек» деп жардам сураган. Оштон дарыгерлерди алдырган соӊ бизди чакыртты. Күн суук, транспорт маселеси кыйын, тизеге чейин кар жааган, жолдорду борошо уруп турган кыйын учурда жолго чыктык. Эртеден кечке жол жүрүп, Дароот-Коргондун ооруканасына азап менен жеттик. Дарыгерлер бизди күтүп турушкан экен. Ошо кезде мен өзүмдү жакшы эле сезип турганмын, башка жарадарлар ооруга чыдабай онтолоп жатышкан. Дарыгерлер баарыбызды көрүп чыккандан кийин менин абалымды «өтө оор экен» дешти. Көрсө колумдун шишиги улам өйдөлөп, гангренага айланып баратыптыр. Ошол себептен мени шашылыш түрдө операция кылышты. Колумдун экинчи жолу кесилген жерине төрт түтүк киргизип, 20 күн бою суусун агызып, кургатууга аракет кылышса да болбоду. Шишик улам өйдөлөй бергенинен чыканактан өйдөрөөк булчуӊдун үстү жагынан кесүүгө туура келди. Ошентип, колум үчүнчү жолу кесилди. Кудай жалгап, ошондон кийин шишик кайтып, жаным жай алып калды. «Эми өлөт экенмин» деген ой улам күн өткөн сайын унутулуп баратты. Дароот-Коргондо 50 күн дарылангандан кийин ооруканадан чыгып кеттим. Ошондогу дарыгерлерге өлөр-өлгөнчө ыраазымын, алар болбогондо өмүр менен кош айтышмакмын.

- Ошондо Бишкек тараптан да жардам берилсе керек?

- Жардам болгон, болгондо да бишкектик дарыгерлер дары-дармектерин алып вертолет менен учуп келишкен. Абалыбызды астейдил көрүп «Бишкекке алып баралы» дешти, бирок биз өзүбүз макул болбой койдук. Колу-буту кесилгендердин баары айыгып калышкан эле. Арасында менин гана абалым начар болчу. Бийлик талашуунун, «мен президент болом, мен элди башкарам» деп от менен ойногондордун бизге тийгизген кесепети ушундай болду.

- Согуш оту бийлик менен диний фанаттардын ортосундагы тирешүүдөн улам тутандыбы?

- Тажиктер өзүлөрү эки топко бөлүнүп, бир тарабында молдолор, экинчи тарабында бийлик адамдары тиреше башташты.


- Тажиктер өзүлөрү эки топко бөлүнүп, бир тарабында молдолор, экинчи тарабында бийлик адамдары тиреше башташты. Союз тараган маал болчу, республика дээрлик ээсиз калган. Эл эмнени кааласа ошону жасай баштаган. Бийлик талашуу абдан күч алып жаткан. Мисал үчүн молдолор согуш болбогон биздин бейтарап районго да жетип келип, «акимчиликти биз башкарабыз» деп акимдин ордуна отуруп алышпадыбы.

- «Ислам мамлекетин түзөбүз» дешсе керек?

- Дал ошондой деп айтышкан. «Силер 70 жыл орустун кол астында жүрдүӊөр, эми эркиндикке чыктык» дешти. Бул согушта канчалаган карапайым адамдар өлдү. Бирок бийлик талашкан тараптардын балдары өлгөн жок. Баарынан да түрмөдө отургандарды бошотуп жиберишкени жаман болгон. Түрмөдө түрдүү адамдар отурарын билесиз. Бошотулган ошол баш кесерлер өлкөнү бир нече айлар бою бийлеп, элди далай азапка салган.

- Аларды кимдер бошотту?

- Тирешкен тараптардын кимиси болбосун бошотту да.

- Кимиси бошотконун эл билген эмеспи?

Биздин райондогу бейтарап кыргыздар согуш болуп жаткан башка аймактардан качып келгендерге мектептерден, бала бакчалардан, өз үйлөрүнөн жай берип багышкан.


- Ал кезде элге маалымат бере турган радио да, телевизор да, газета да жок болчу. Мындай нерселерди ошо тирешкен тараптар өздөрү билишкен, бирок элге айтылчу эмес. Биздин райондогу бейтарап кыргыздар согуш болуп жаткан башка аймактардан качып келгендерге мектептерден, бала бакчалардан, өз үйлөрүнөн жай берип багышкан. Ар бир үй-бүлөдө ондогон качкындар баш калкалашкан. Эл алардан тамак-ашын, отун-суусун аяган эмес.

- Бул үчүн кыргыздарга рахмат айтыш керек. Бирок «ошо кезде жогору жактан молдолор келип, намаз окубагандарга салык салып кыйнаган, ал эми жергиликтүү молдокелер ошолордун буйругун аткарып, аларды кубаттап жардам беришкен» деп айтылып жүрөт, ушул ыраспы?

- Мен ал кезде Кыргызстанга көчүп келген элем. Ошондой болгон экен. Молдолор ислам жаатында элден экзамен алыптыр. Билбегендерге олчойгон салык салып, чоӊ кочкор же койлорун алып кыйнашкан дешет. Өзүбүздүн молдокелерибиз болсо аларга жардам беришкен. Ошо кезде ар бир айылда чоӊ молдо боло албай жүргөндөр бар эле да. Мына ошолор бийлик жүргүзө баштаган диний фанаттардын көзүнчө «мына, буюрса эми өлкөнү ислам мамлекетине айландырабыз, паранжы алдырабыз» дешип, аялдарды «көчөгө, базарга чыкпагыла» деп буйрук кылышкан. Ошондой молдолордун биринин диний командир боло калган уулу айылдагы бир карапайым адамдын атын «бул мен мине турган ат экен» деп ээсинен тартып алган.

- Элдин жүк ташуучу, жеӊил машиналарын, тракторлорун да тартып алышкан дешет...

- Командири болобу, башкасыбы, айтор ошондой иштерди жасаган. Тажик эли жаман эмес, ар бир элде жаманы болот, ошол жаман адамдар уюмдашып алып каалаганын кылышкан. Бир бечараны «сен эки жыл илгери арак ичкен экенсиӊ» деп аёосуз уруп-согуп, каалаган суммадагы салыкты төлөтүшкөн. Биз көчүп кеткенден кийин элдин жашоо турмушу абдан оор болуптур. Бир кап унду бир чоӊ уйга же букага сатып алганга аргасыз болуптур.

- Эгер мамлекет, бийлик элди жакшы карап, жакшы багып, өзүнүн идеологиясын, саясатын тынымсыз жүргүзүп турбаса, айрыкча диний маселеге кыраакылык жана кылдаттык менен көзөмөл жүргүзбөй койсо, мунун кесепети кандай болооруна сиздер күбө болуп келдиӊиздер, туурабы?

Тынчтыктын баасын башынан кыйынчылык өткөн адам жакшы билет.


- Алардын баарын өз көзүбүз менен көрүп келбедикпи. «Ошо биз көрүп келген окуялар башкаларга сабак болду бекен?» деп ойлоп калам, кээде. Тынчтыктын баасын башынан кыйынчылык өткөн адам жакшы билет. Биз ошондой кыйынчылыкты башыбыздан өткөрдүк. Тынчтык болбосо карапайым элге азап болот.

- Кыргызстандын жардамы менен Дароот-Коргондогу ооруканада дарыланып жүргөнүӊөрдө Тажикстан тараптан бирөөлөр сиздерди издеп келип «жардам кылалы, компенсация төлөйлү» дешкен жокпу?

- Андай болгон жок. Эч ким бизди сураган эмес. Маегибиздин башында айтпадымбы, 25 жылдан кийин рахмат, мына сиз сурап келдиӊиз.

- Бул менин да кемчилигим. Бирок, кандай болгон жерде да Кыргызстан тараптан жакшы жардам берилиптир, буга рахмат айтыш керек. Ошентип, сизге канча пенсия чегерилди, майыптыгыӊыз Тажикстанда эсепке алындыбы?

- Жөн жерден майып болгон адам катары пенсияга чыгарып, экинчи топтогу майыптыкты ыйгарышкан. Акчасы жарыбаган сумма. 25 жылдан бери көбөйүп олтуруп азыр жаамы 4000 сом алам. Ушуга да шүгүр…

- Азыр Чүй районунун Чүй айылында жашайт экенсиз, ошол айылда Тажикстандан келген канча үй-бүлө бар?

- 200гө жакын түтүн жашайбыз.

- Тажикстанда жашап жүргөнүӊүздөрдө кыргыздарды «көчкүлө, кеткиле» дегендер болгонбу?

Кыргызстандан барсам тажиктер: «Сен неге кеттиӊ?» деп кыжаалат болушкан.


- Биз көчүп келгенге чейин эч ким антип айткан эмес. Тажик менен кыргыз бир туугандай болуп калганбыз. Көчүп келип бир жылдан кийин Кыргызстандан барсам тажиктер: «Сен неге кеттиӊ?» деп кыжаалат болушкан. Эми андан бери арадан чейрек кылым өттү. Азыр ким билет, ошондой деп айтышы ыктымал. Себеби, эл да өзгөрдү, өлкөлөр да өзгөрдү…

- Бул жактагы эл менен жуурулушуп калсаӊыздар керек, кыз берип, кыз алып дегендей?

- Ал жагынан жакшыбыз, бардыгы ойдогудай. Нарынга чейин келин болуп барган кыздарыбыз, жергиликтүүлөрдөн алган келиндерибиз бар. Тилегенибиз эле тынчтык. Тынчтыктан өткөн байлык жок.

Мирзохалим КАРИМОВ

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG