Линктер

ишемби, 23-март, 2019 Бишкек убактысы 17:10

Тайтөрө Батыркуловдун эмгеги бааланбады


Тайтөрө Батыркулов. (Аалы Молдокановдун сүрөтү)

Тажикстандын Жерге-Талынан Чүй бооруна көчүп келгендер 2010-жылы Ивановка айлында залкар этнограф, фольклорчу, табият таануучу Тайтөрө Батыркуловдун 90 жашын утурлай маараке өткөрүштү.

Ошондо ленинабаддык бир агай Дүйшөмбүдө абитуриент болуп жүргөндө бир гана ирет көрүшкөнүн, кырк жылдан кийин (!) Бишкекке издеп келип тапканда, Тайтөрө аба аны дароо тааныганын айтты эле.

Мааракеден эки жылдан кийин Дүйшөмбүгө жумуштары менен барганда «каза болду» деген суук кабарды уктук. Көзү тирүүсүндө биз, кыргыздар, баркына жетпедик...

Ал Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун колунан эки элдин маданий карым-катышын чыңдоого кошкон зор салымы үчүн «Достук» орденин алган. Кыргыздын каада-салты, рухий байлыгы, мекендеген жерлеринин табияты жөнүндө баа жеткис эмгектерди жазган, мергендер гана жете алгыдай аска-зоолорго чейин далай ирет кыдырып, жапайы жаныбарлардын жашоосун, өсүмдүктөрдүн өзгөчөлүктөрүн ажайып баяндаган, дүйнөлүк «Вокруг света» илимий-таанымал журналына Орто Азия авторлорунун ичинен эң мазмундуу, эң көп макала жарыялаган бул адамдын тагдыры кызык болуптур. Андан калган таберик жөнүндө маселе коёрдон мурун 1997-жылы жазган макаламды келтирейин.

Карысын сыйлаган калк нарктуу же саманчынын тажик жергесиндеги жолу

Мындан жарым кылым илгери Таластын Кара-Буурасынан аттанып чыгып, кан күйгөн согуш алааматын баштан өткөрүп келген Батыркулов Тайтөрө деген жигит Кыргыз мамлекеттик университетинде окуй баштайт.

Филология факультетинин акыркы курсунда окуп жүргөндө биздеги өзүн тирүү классик санап калган бир-эки «авторитеттин» чыгармаларын «соцреалисттик халту­ра» деп жарыя айткандыгы үчүн куугунтукка алынып, акыры аны мамлекеттик сыноолорго киргизбей коюшат. Табиятынан өжөр, түз айтып, шар жүргөн киши диплом албай калганына көп деле капаланган жок – эң негизгиси билимге, болгондо да чылгый идеологиялуу программа менен чектелип калбаган билимге ээ болду.

Тайтөрө Батыркуловдун мааракесинде тартылган сүрөт. Вахоб Расулов тарткан сүрөт.
Тайтөрө Батыркуловдун мааракесинде тартылган сүрөт. Вахоб Расулов тарткан сүрөт.

Ошол 1957-жылы ал фарси тилин үйрөнүш үчүн Тажикстанга жөнөп кетет. «Тажик тили кайсы аймакта эң таза сакталган?» деп атактуу акын Мирзо Турсунзадеге барып сураганда, Кара-Тегин тарапты мактаган экен. Ошентип, өз мекенине батпаган өрт жигит кошуна республиканын Гарм районунун Жерге-Талга чектеш Навабад айылында орус тилинен сабак берип жүрүп, бир жылда тажикчени да кыйла жакшы үйрөнүп алат.

1958-жылы Дүйшөмбүгө которулат – гезиттерге фотокабарчы болуп иштеп, республикалык радио менен да кызматташа баштайт. Тилди мыктылап өздөштүрүп отуруп, акыры котормочулук ишке бел байлайт. Тажик жазуучулары Жалол Икраминин «Мен күнөөлүүмүн» романын 1964-жылы, Пулод Толистин «Саратан» повестин 1965-жылы кыргызчалатып чыгарат. Ошол эле жылы Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестин «Ала-Тоо» журналынан Б.Муртазаев менен бирге тажикчеге оодарат. Котормо «Комсомоли Тожикистон» гезитине сандан-санга толук бойдон басылып, анан өзүнчө китеп болуп чыгат.

Каратегиндик 16 кыз

1960-жылдарга чейин коңшулаш республиканын кыргыз жаштары ЖОЖдордо дээрлик окучу эмес. Бул ишти Т.Батыркулов баштаган. 1964-1970-жылдары ал Тажикстандын Жерге-Тал, Мургаб, Шаартуз, Яван ж.б. райондорунан Дүйшөмбүгө келген жаштарды Кыргызстандын жана Орусиянын жогорку окуу жайларына жиберип турган. Аларды жатаканага жайгаштырып, жетелеп жүрүп документ тапшыртып, кыргыз тилинен жана адабиятынан өзү экзамен алып, калган сыноолордо да баш-көз болуп жүргөн. 1966-жылы алыскы айылдардан ал ээрчитип келип окууга өткөргөн 16 кыздан тогузу Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Кыз-келиндер пединститутунун ар кайсы факультеттерин ийгиликтүү бүтүрүп чыккан.

Тайтөрө Батыркулов 1960-жылдары Тажикстандын Исфара жана Пролетар райондорунда өзбек мектептеринде окуп жаткан кыргыз балдарын өз эне тилинде окутуу маселесин көтөрүп, кыргыз мектептерин ачтырууга жетишет. Ошондой эле Тажикстан радиосунда кечээ кайра куруу мезгилинде уктура баштаган жумасына 20 мүнөттүк берүүлөрдүн (өкүнүчтүүсү – согуш чыккандан бери токтоп калган) зарылдыгын да республиканын жетекчилигине тээ илгери эле билдирип, коомчулуктун көңүлүн бурган да Тайтөрө аба болчу.

Ал Өзбекстандын «Фан ва турмуш» («Илим жана турмуш») журналына да жазып турган экен.

«Тилдүү чымчык», «Вокруг света»

Тагдыр бул адамдын насибине эл кыдырып, жер тааныганды, какыраган кумдуу чөлдөн аскасы асман мелжиген тоолорго чейин барып, табият менен жакын сырдаш болгонду, ар ким эле байкай бербеген, байкаса да баркына жетпеген кадимден калган каада-салттын акыркы үлгүлөрүн изилдөөнү да буюрган экен.

Бери жагы Чоң-Алайга чектеш Жерге-Тал, ары жагы Анжиян, Фергана, Самарканд, Жизак – деги эле бул жырткыч кармоочу адис, этнограф журналисттин буту баспаган жер Орто Азияда жок окшойт.

Көргөн-билгенин Батыркулов дүйнөгө белгилүү «Вокруг света» журналына жөнөкөй да, жугумдуу да тил менен байма-бай баяндап жазып турду. Коңшулаш республикалардан деле бул илимий-популярдуу басылма менен үзгүлтүксүз кызматташкан башка автор болбоптур. Антпесе 1992-жылы журнал Т. Батыркуловдун 70 жашын атайын белгилеп, ага арнап төрт бет орун берет беле?

Айтмакчы, бул кишинин аңгемелери да бар. Тажикче чыккан «Тилдүү чымчык» жыйнагына кыргыз тилинде жарык көргөн «Тоо чымчык» китебиндеги чыгармалары кирген эмес.

Ак куржун толо ыр…

Ошол эл аралап, жер кыдырып жүргөндө гезит-журналдарга макала, фото сүрөт даярдоо менен эле чектелбей, көкүрөгүндө көөнө тарыхтан, улуу сөздөн көптү сактаган сөзмөр, ырчы адамдарды атайын издеп таап, жолугушуп, коно жатып айттырып, жазып алгандары азыр да өз колунда.

Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондуна неге өткөрбөгөнүн сурасам: «1953-жылы тапшырган кол жазмамды жоготушуптур, эми булардан да кол жууюнбу?» - дейт. (Баткендик Кожо ырчынын 3000ге жакын сап ыры жоголгон экен, ошондо). Ырасында эле, ферганалык Шоорук ырчы, жизактык Каландар, Анарбай, Тажикстандын Жерге-Талындагы саргойлук Абди ырчы сыяктуу өткөн муундун өкүлдөрүнөн алып калган таберик мурасты улуттук рухий казынага өткөрүп, сактоого астейдил мамиле болобу?

Мүмкүн, кадыр-барктуу инсандардан түзүлгөн атайын комиссия (жалаң эле фонд, анын жетекчиси эмес) карап, сакталышы, туура пайдаланышы жөнүндө кепилдик берип, кол жазмаларды кабыл алышы керек чыгар? Мунун ичинен Каландар ырчынын «Аксуусар» (500 сап), Анарбайдын «Анарбай Ысар жөнөдү» деген ырлары 70-жылы «Кыргызстан маданияты» жумалыгында жарык көргөн экен…

Манастын урпагы

Жетимишке чыкса да тыным алганды билбей, өмүр бою көргөнүн, укканын, жазганын иретке келтирем, толуктайм деп турганда, жарым кылым жашап мекениндей болуп калган Тажикстанды кара туман каптады. Көрсө, дагы эле элге кызмат кылып бүтө элек экен, Тайтөрө аба. Советтик калк жайгаштыруу саясатынын эпкини менен кезинде Тажикстандын Яван, Шаартуз райондоруна, Дүйшөмбү шаарынын жака-белине көчүп барып калган теги жергеталдык кыргыздар согуш башталганда өтө опурталдуу абалга тушукту.

Ала-Тоого көчсөк деп эңсеген элдин тилегин Батыркулов «Манастын» 1000 жылдыгы өткөрүлгөн 1995-жылы Кыргызстандын президентине «Кыргыз жер» коомунун төрагасы, легендарлуу парламентте четтеги кыргыздарга ар тараптуу жардам берели, бул үчүн ар кандай ресурстарды пайдаланалы деп дайым маселе көтөрүп жүргөн жазуучу Төлөгөн Касымбеков аркылуу өзү жеткирди. Аскар Акаев «уруксат» деп арызга кол койгондо, коргоосуз калган боордоштору үчүн күйүгүп жүргөн карыя төбөсү көккө жете сүйүндү. «Үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган Манастан кийин эле Акаев болду», - деп кубанат, сыймыктанат ал.

Ал тажик бийлигине кадырын салып, үч жолу барып көчүрүп келген 115 түтүн эл азыр Чүй боорунан конуш тапты. Сары-Өзөндүн кең пейил калкы, жергиликтүү жетекчилер жакшы тосуп алып, колдон келген жардамын берүүдө.

- Көчкөндөргө көмөк көрсөтүү максатында өкмөт ажыратып, Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу министрлигине өткөргөн 500 миң сом каражат каякка жумшалды, билбейм. Жок дегенде көчкөндөрдүн вагону үчүн Тажикстан берген аз гана үлүштү министрлик төлөсө болмок, - дейт Тайтөрө ава.

Соңку сөз

…Дагы эле карыптардын камын жеп жүрөт бул киши.

«Каракалпакстандагы экологиялык кырсыкка дуушар болгон кыргыздарыбызды көчүрүп алсак…» - деген сөзү комфорттуу креслодо чалкалагандарга дегеле жакпасын билсе да, бир айтып бир койбойт, жарыктык азыркынын Асан Кайгысы. Өзү болсо Бишкекке келгенде баш калкалай турган жайы жок, мечитте түнөйт. Үй сурап жазган арызына мэрден терс жооп алды. «Акаевге жазганымды тегерегиңдегилер жеткирбей жатат го», - дейт ал али да үмүтүн үзбөй. Эмне дейбиз, «Карылар жылы» деген шаңдуу сөздүн шарапаты тийип калгысы бардыр, Ата Мекендик согуштун II топтогу майыбына (ал кечээ жакында борборубуздагы аскердик госпиталда дарыланып чыкты).

(«Кутбилим» гезити, 1997-жыл, 9-сентябрь)

Бүгүнкү сөз: таберик сакталдыбы? Аны ким элге жеткирет?

«Китептериңизди чыгарыштын жолун издейли, балким, эл аралык уюмдар, өнүккөн өлкөлөрдүн биздеги элчиликтери жардам берер же башка сүрөөнчү табылар» деп эки-үч жолу айтканымда, «үйлүү болоюнчу, анан ар жакта сакталган бир нече кап кагазымды чогултуп, ирээттеп, китептеримди чыгара берем» деген эле. Акыры тамдуу да болду. Бирок…

«Тайтөрө абанын көзү өткөнүн туугандарына кабарлап коюңуз» деп Дүйшөмбүдө окуп, иштеп жаткан кыргыз жаштары мага телефон чалгандан кийин Жазуучулар союзуна, өзү көбүрөөк барып жүргөн И. Арабаев университетинин жетекчилерине, Мамлекеттик тил боюнча комиссияга ж. б. жактарга, тааныган-билгендердин баарына кайрылдым.

Тагдырдын буйругу менен үй-бүлө күтпөй, жалгыз жашап өткөн бул инсандын жакындарынан эч кимисин таба албадым да, «Кутбилим» гезитине жаздым. Ошондо гана «Т. Батыркуловдун бир тууганы Койтөрөнүн небересимин» деп Урмат аттуу жигит келди.

Ал кийин маркумдун Тажикстандын өкмөтүнөн совет доорунда эле алган тамына да кызыгып, Дүйшөмбүгө чейин барды окшойт. Урматка мен «Тайтөрө абанын Бишкектеги үйүн ээлеп калсаң, рухий мурасын сактап, элге жеткирүү парзы сенин мойнуңда болот» деп эскерткенмин. Биздин билишибизче, китеп, макала, маек ж. б. у. с. түрүндө жарыяланган тексттерине салыштырмалуу эч каерде жарык көрө элек эмгектери көп болчу.

Ошол жылы Тайтөрө Батыркуловдун кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде жазган эмгектерин төкпөй-чачпай сактап калуу, улуттун кенчине айлантуу зарылдыгын баса белгилеп жазган катка интеллигенциянын көрүнүктүү өкүлдөрүн кол койдуруп, Кыргыз Республикасынын ошол кездеги билим берүү министри Канат Садыковго кайрылганбыз.

Анда маркумдун Дүйшөмбүдөгү үйүндө калышы ыктымал болгон материалдардын сакталышын жана эки улуттун рухий казынасына кошулушун камсыз кылыш үчүн Тажикстандын тийиштүү министрликтерине расмий кайрылуу тууралуу сунуш да жазылган эле. Тилекке каршы, иш аягына чыкпай кала берди – атайын комиссия расмий түрдө түзүлбөдү, реалдуу кадамдар жасалган жок.

«Коомдук негизде иштейли» деп, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкери Аалы Молдоканов, белгилүү педагог, Кыргызстандын Туусунун авторлорунун бири Сабыр Иптаров (ал да арабыздан кете берди, аттиң!), И. Арабаев атындагы КМУнун ал кездеги проректору Эмил Каниметов сыяктуу демилгечил замандаштарыбыз менен жолугушуп акылдашууга Тайтөрө абанын тамын мурастап калган Урмат Батыркулов да келбей койду…

Урмат, айтчы, Тайтөрө абанын түркүн кагаздарын, ал тарткан ажайып фотолорду сактагансыңбы?..

Замандаштар, Т. Батыркуловдун эмгектерин жыйнап, китеп кылып чыгаруу боюнча кандай кеңеш же жардам бере аласыңар?

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG