Линктер

шаршемби, 17-июль, 2019 Бишкек убактысы 07:34

Kинорежиссёрлордун оң колу Рая Шаршенова


Режиссёр-монтажёр Рая Шаршенова.

Фильм тартылып бүткөндөн кийин ар бир картина жана окуя оболу өз алдынча фрагмент болуп, жалганат. Үндөр жана музыка жазылган соң фрагменттер сценарийге ылайык монтаждалат же туташтырылып, бүтүн чыгарма жаралат.

Бул жооптуу жумушту фильмдин режиссёру көзүндөй болгон адамы – режиссёр-монтажёрго гана ишенет.

Кыргыздын туңгуч режиссёр-монтажёр кызы

Кыргыз кинематографиясы 1941-жылдан башат алат. Бирок Рая Шаршенова эже 1960-жылдарга чейин тасмадагы кадрлардын керектүүсүн кесип алып, кайра жалгаштырып, фильмге сюжеттик линия берген монтажёрлор сырттан чакырылганын айтып сөзгө кирди:

- Азыр кино тарткан режиссёрлор менен кино өнөрүн бизнес кылган адамдардын баары монтажёрдун маанисин жана ролун түшүнөт деп айта албайм. Алар “кинону тарттың, тасманы жалгаштырдың, экрандан көрсөттүң, болду” деп ойлошот. Иш жүзүндө монтажёрдун функциясы - тартылган киноматериалды логикалык жактан кайра ойлоп чыгуу. Себеби, материал чийки абалында кызыксыз. Эң маанилүүсү - көркөм фильмдин авторунун идеясын, даректүү фильм болсо - режиссёрдун позициясын монтаж аркылуу жалпы композицияга бириктирүү, монтаж аркылуу драматургияны түзүү - ушунун баары монтажёрдун милдети. Ал түгүл автордук текст, музыка да монтаждалат. Мисалы, Бишкекке мартабалуу бирөө учуп келип, ал боюнча сюжет тартылды дейли. Сыйлуу коноктун учуп келип, документке кол коюп, учуп кеткенин ирети менен көрсөтүп коюу кызыксыз. Дипломаттар кыл чайнашкан сүйлөшүүдө, визиттин эки жакка пайдалуу экенин тиги тарапка кантип ишендиргени көрсөтүлсө көрөрман үчүн кызыктуу болот эмеспи. Сюжетти минтип түзүү материалды монтаж кылган адамга байланыштуу.

Монтажёр Рая Шаршенова иш үстүндө.
Монтажёр Рая Шаршенова иш үстүндө.

Рая эже "Кыргызфильм" киностудиясынын босогосун 1959-жылы 1-июлда аттайт. Киного болгон кызыгуусу согуштан кийин олжого келген “Тарзан” фильминен башталат. Бул фильм жалпы союздук экранга 1952-жылы чыгарылган.

- Согуштан кийин трофей катары келген фильмдерди колхоздун клубунда саманды астыбызга жаздап алып көрчүбүз. Мага экранда кишилер эмес, космостон келген меймандар жүргөндөй туюлчу. “Балтикалык депутат” фильмин кыргыз тилинде көргөнүбүз дале эсимде. Каармандардын түсү бизге окшобойт, сүйлөгөнү болсо таптаза кыргызча. Мага мунун баары табышмак... Ошентип, кино мени арбап алды. Ошого онунчу классты бүткөндөн кийин түз эле киностудияга бардым. Ал кезде киностудиянын жамааты, лаборатория, үн цехи, монтаждык цех, администрация, гараждын шопурлары - баары (Курган көчөсүндөгү #1) бир имаратта болчу.

Кинонун дөө-шааларынын оң колу монтажёрдук өнөрдүн алиппесин кыргыздын туңгуч кинорежиссеру Лиля Турусбекова менен кинодокументалист Дмитрий Иванович Эрдмандан үйрөнөт.

- Ал кезде Лиля Жусуповна Турусбекова ВГИКти жаңы эле бүтүп келген. Ал шыңга бойлуу, чачы желкесинен кесилген суйкайган сулуу катары көз алдымда турат. Менин чачым ал кезде балтырыма жетчү. Мен Лиля Турусбекованы көрүп, селейип калыптырмын. Баары аны сыйлап, астейдил саламдашчу. Ал өтүп кеткенче элдин баары шүк турушчу. Биз аны менен “Советтик Кыргызстан” киножурналын чогуу даярдай баштадык.

Лиля Турусбекова, ВГИКтин студенти (1951-1955-жж). "Биринчи карлыгач" даректүү фильминен. Режиссёру Рая Шаршенова.
Лиля Турусбекова, ВГИКтин студенти (1951-1955-жж). "Биринчи карлыгач" даректүү фильминен. Режиссёру Рая Шаршенова.

Рая эженин айтымында, ал эмгек жолун баштаган кезде кыргыз тилине көркөм фильм көп которулуп, ал үчүн дубляжга белгилүү артисттер келчү экен.

- Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Сабира Күмүшалиева, Мира Далбаева - алардын дикциясы укмуштуудай тунук, кулакка угумдуу эле. "Каармандар кыргыз эмес болсо, дубляжды кантип жасайт?" деп ойлойм да. Ошого бир күнү дубляждын режиссёру Дмитрий Иванович Эрдмандан: “Сиз кыргызча түшүнөсүзбү?” - деп сурасам, ал: “Кызым, интонация бардык тилдерде окшош!” - деди. Түн оогондо дубляждан соң кичинекей томолок автобус менен үйгө баратканда Дмитрий Иванович опералардан арияларды укмуштуудай ырдачу. Мага Лиля Турусбекова да даректүү фильмдин өзгөчөлүгүн абдан сонун түшүндүрүп берген. Дмитрий Эрдман менин устатым болгонуна сыймыктанам.

Мелис Убукеевдин унутулгус сабактары

Чыбыктай солкулдаган селки 1962-жылы Лиля Турусбекованын “Улуу эпос” даректүү фильмин режиссер-монтажер катары жалгаштырат. Болду. Ушундан тартып, Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Альгимантас Видугирис сыяктуу кыргыз киносунун дөө-шаалары Рая Шаршенова менен эриш-аркак иштешет.

- Жолдуу экенмин: Мелис Убукеев менен “Тайгак кечүү” фильминде чогуу иштедим. Бир эпизод али жадымда. Фильмдин башында куугунчулар баратат. Материал аябай көп. Үстүңкү, ортоңку, төмөнкү ракурстан тартылган. Куугунду бир жума монтаждаганбыз. Мен чыдабай: “Мелис, куугунду мынча көп тарткан зарыл беле?”, - дедим. Ал монтаждык столдун чырагын өчүрдү. “Бул фильмдин эң башы. Драма ушу жерде башталат. Жаңы бийлик - атчан келген солдат. Баш каарман Мукаш - эзилген элдин өкүлү. Эски бийлик беш адам, а совет бийлиги - жалгыз солдат. Бул бир байламта. Аны биз кыска көрсөтө албайбыз”, - деп түшүндүрдү. Ал мага драматургия, ири план эмне экенин да ушинтип түшүндүргөн. Акцент, субъективдүү монтаж, көз караш, алдыңкы план, ортоңку план, ири план - мунун баарын “Тайгак кечүүдө” өздөштүрдүм. Ал үчүн Мелис Убукеевге алкыш гана айтам.

А. Жумагулов (солдо), Ч. Айтматов (ортодо), М. Убукеев (оңдо). 1990-жылдардын башы. Асел Даниярованын өздүк архивинен.
А. Жумагулов (солдо), Ч. Айтматов (ортодо), М. Убукеев (оңдо). 1990-жылдардын башы. Асел Даниярованын өздүк архивинен.

Рая эже Мелис Убукеев өзгөчө издемчил, өтө билимдүү, эпикалык масштабдагы режиссёр болгонун, тилекке каршы, асыл тилектеринин көбү ар кандай себептерден улам жүзөгө ашпаганын айтып күрсүндү:

- Мелис Убукеев мыкты таалим-тарбиялуу, интеллигент адам эле. Ал адамдардын насилин бир караганда жазбай билчү. Ал улуу драматург. Мен “Ажардын” сценарийин окуп жатып, биринчи беттен акыркы бетке чейин денем сүлкүлдөп ыйладым. Тилекке каршы, “Ажарды” тартканга жол беришпеди. Михаил Фрунзе жөнүндө жакшы жазылган төрт сценарийи бар эле. Пржевальский жөнүндө да. Өкүнүчтүүсү, анын баары ишке ашпады. Мелис Убукеев менен иштеген абдан кызык болчу.

Даректүү фильмдердин падышасы Альгимантас Видугирис

Рая эже дээрлик жарым кылым өмүрү кыргыз жерине байланган теги литвалык кинорежиссёр Альгимантас Видугиристи даректүү фильмдердин падышасы деп билет.

- Албетте, даректүү фильмдердин падышасы – Алгис Видугирис. Анын материалдары океан. Океан. “Нарын күндөлүгү”, 6-бөлүк, 60 мүнөт. Эки жыл монтаждаганбыз. Материалдары эки монтажканага араң сыйган. Кызыктуу сүрөткер. “Күн тутулган жылда”, 7-бөлүк, 70 мүнөт. 9 ай монтаждаганбыз. Видугирис “киноматериалды таштаган таш боордук” дечү. “Жалко, жалко, жалко” дечү зарлап. Акырындап, акырындап сюжет жаралып жатты. Анын өз иштөө усулу бар болчу.

Ал түнү бою монтажда отурат да, эртеси башына тапанча кадап турсаң да төшөктөн турбайт. Саат 11-12ге чейин укташ керек. Саат 1де жумушка келет. Кайра тасманы чаптайбыз, жалгаштырабыз. Ал шалдырап, дарманы кеткен. Мен аялы Розага: “Видугиристи дарылаш керек, нерви бузулуп отурат”, - деп телефон чалам... Ушинтип отуруп көрүүчүгө сунуш этилген фильм жаралат. Альгимантас менсиз чапталган бир да кадрды алмаштырбайт. Бир жолу бардык 6 бөлүк тең даяр эле. Синхрон, ызы-чуу, музыка - баары бар, жалгаштырылган. Мен келсем, жардамчы монтажёр: “ Видугирис 4-бөлүктөгү планды алмаштырып койду”, - дейт. “Эмне алмаштырдың?” - деп сурасам, ал адегенде танып жатып, анан алмаштырганын моюнуна алды да: “Сен шахмат ойношуң керек”, - дейт мага. Анан кайра-кайра менден кечирим сурады.

Кыргыз ССР Эл артисти Альгимантас Видугиристин эмгектери бүгүн бир катар өлкөлөрдүн кинематография окуу жайларында, анын ичинде Москвадагы Ломоносов университети менен дүйнөдө айтылуу ВГИКте (орусча толук аталышы - Всероссийский государственный институт кинематографии имени С.А. Герасимова) окутулат.

Рая Шаршенованын кыргыз киносуна салымы
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:39 0:00

Кинонун устаты Төлөмүш Океев кадим турмушта

Рая Шаршенова режиссёр-монтажёр катары Төлөмүш Океевдин бардык фильмдеринин жаралышына түздөн-түз катышкан. Ошого залкар талантты кинорежиссёр катары да, адам катары да жакшы билет жана эскерип жатканда терең урмат менен "Төлөмүш Океев" деп аты-жөнүн толук айтат.

- Төлөмүш Океев төтөн адам, төтөн режиссер. Анын чыгармачыл дүйнөсү ачык болчу. Ага идея келсе, Сүймөнкулга (Чокморов), Кадыржанга (Кыдыралиев), мага түн ортосунда телефон чалчу: “Идея бар. Мындай фильм тарткым келет”, - деп. Идеясын эртеси бүт өлкө билчү. Дубль тандаганда экранды карабай эле мен эмне жазганымды карап турчу. Себеби, баары “3-дубль” дейт, а мен “1-дубль” деп жазам дептериме. Анткени мурда эле тартылган тасмаларды көрүп, керектүүсүн тандап койчумун. “Сен эмнеге крестти башка жакка койдуң?” - деп сурайт. “Анан түшүндүрөм”,-дейм.

Үч залкар: С. Чокморов, Ч. Айтматов, Т. Океев. Асел Даниярованын жеке архивинен.
Үч залкар: С. Чокморов, Ч. Айтматов, Т. Океев. Асел Даниярованын жеке архивинен.

Ошо замат Төлөмүш Океев: “Stop!”- деп айтканда механик тасманы шыр токтотот. Мен: “Сүймөнкул дайыма 1-дублда жакшы!” - дейм. Ал мен жазууларды оңдогондо көрүп туруш үчүн кийин мага чырагы бар чоң калемсап сатып берген. Бир ирет менин монтаждык баракчамда эч жазуу жок, “П” деген гана тамга турган. Төлөмүш Океев сурайт: “Рая, сен эмнеге жазбайсың?” деп. “П” деп жазганымды айттым. Төлөмүш Океев: “Кадыржан! Биз болбогон бир нерсе тартыппыз. Ал “пересъемка” деп жазды”, - деп кыйкырды. Кадыржан: “Туура! Себеби, Сүймөнкулдун оозунан буу чыгып жатат”, - дейт. Анткени “Улан” фильмин тартып жатканда Балыкчыда күн суук болгон. Чоң эпизод Балыкчыда кайра тартылды. Сүймөнкул демин чыгарбай тартылды. Жамал Сейдакматова бууну көрсөтпөш үчүн чылым да чегип жиберди.

"Уркуя" көркөм фильминен бир кадр.
"Уркуя" көркөм фильминен бир кадр.

​Кыргыздын чыгаан кыздарынын бири, жаңы теңчил доордун жарчысы Уркуя Салиевага арналган “Уркуя” көркөм фильмин монтаждоо маалында финалдык кадрлардын кандай жаралганы да кызыктуу. Айтса-айтпаса, Төлөмүш Океев тарткан фильмдерден "Бакайдын жайытын", "Көк серекти", "Кожожашты" жана "Уркуяны" адистер дүйнөлүк кинонун шедеврлерине кошот.

- Чийки фильмдин финалында кызыл аскерлерди утурлай Уркуянын апасы келатат. Мен Төлөмүш Океевге: "Кызыл аскердин такыр кереги жок. Бул шаблон. Бүт фильмди өлтүрөсүң!” дедим. Барып тартып келишсе, тасмада брак бар экен. Экинчи жолу дагы бир балээ болуп, тасма брак чыкты. Финал жок. Эмне кылыш керек? Мен иштеп жатканда реклама ролиги үчүн керектүү кадрларды бөлүп койчумун. Ролик үчүн 70 метр тасма керек. Ошого Таттыбүбү Турсунбаева бар кадрлар өзүнчө жатчу. Реклама үчүн ролик жасап жатсам, Төлөмүш Океев келип калды. Экранда Уркуя гүлдөгөн өрүкзарда бирде жөө, бирде атчан баратат. Жүзүндө жылмаюу. Төлөмүш Океевге: “Кара! Балким сенде идея пайда болуп жүрбөсүн” дедим. Менин салмагым 44 кг., арыкмын анда. Ал менин ийиндериме эки алаканы менен сындырып жиберчүдөй уруп: "Бүттү! Финал бар!” десе болобу! Фильмдин финалында Уркуя баратат. Аны апасы үч небереси менен утурлайт. Музыка. Тасманы көргөндө бүт зал шолоктоп ыйлады.

Устат Рая Шаршенова шакирттери менен.
Устат Рая Шаршенова шакирттери менен.

​Рая Шаршенова бардыгы болуп 30 көркөм жана даректүү фильмди монтаждаган. Дасыккан чебер монтаж аркылуу режиссёрлорго фильмди жалпы композицияга бириктирип, драматургиялык чыңалуу түзгөнгө көмөктөшкөн. Режиссёр-монтажёр эженин колунан өткөн тасмалардын арасында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган “Айтматовдун дүйнөсү, дүйнө Айтматовсуз” даректүү фильми да бар.

Рая эже Б. Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде студенттерге монтаждоонун теориясынан дарс да окуйт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG