Линктер

жекшемби, 17-февраль, 2019 Бишкек убактысы 20:33

Бишкекти сүйгөн Мануйлованын мурасы


Ольга Мануйлова иш үстүндө.

Бишкектин скульптуралык-архитектуралык келбетин көркөмдөөдө Ольга Максимилиановна Мануйлованын эмгеги зор. Ал өз эмгектери үчүн Эл сүрөтчүсү наамына 1954-жылы татыктуу болгон биринчи скульптор.

Сиз эгер жоон топ адамга бет келсеңиз, алардын арасынан Ольга Мануйловага сөзсүз көңүл бурмаксыз.

Чачтары куудай ак, ак жубар жүздүү, моймол көз, мээримдүү, алпейим байбиче. Менин эсимде Ольга Мануйлованын элеси дал ушундай сакталып калды.

Анын жан отунан, чебер колдорунан жаралган эмгектер көбүңүздөргө тааныш. Опера жана балет театрынын маңдайы - фронтонунун көркүн ачкан фигуралар. Жоомарт Бөкөнбаевдин Эркиндик бульварындагы бюсту. “Ала-Тоо” кинотеатрынын ыптасындагы газдалган суу, балмуздак сатчу павильондун ичиндеги кыргыз кыздын айкели.

Касымалы Баялинов атындагы Балдар китепканасынын бел курчоосундагы кооз фриздер. Шаардын борбордук паркына кире бериштеги генерал Панфиловдун эстелиги. Тоголок Молдо, Мураталы Күрөңкеевдин бюсттары. Дагы башка толгон-токой эмгектер.

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры.
А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры.

Өмүрүнүн 45 жылы Бишкек шаары менен тыгыз байланышкан бул инсан ким эле? Албетте, мындай суроо менен карыя-скульптор Виктор Арнольдович Шестопалга кайрылдым. Дале эзелки сымбатынан жазбаган 83 жаштагы бедизчи ар бир сөзүн кынаптап, Ольга Мануйлова тууралуу узун кепке кирди:

- Ольга Максимилиановна менен биринчи жолугушууну эстегенде толкунданып кетем. Ак чачтары күмүштөй нурланып, жомоктогудай аппапак эле. Ак блузканын үстүнө ак жумушчу халат кийип алган. Айланасында скульптуралар, моделдер жайнайт. Дубалга барельеф-портреттер жыш илинген. Кимдир бирөөлөр өнөрканасында такай жашачу. Өнөрканасында жыгач керебет турчу. Жатарага жай таппаган адамдар Ольга Максимилианованын үйүнөн түнөк тапчу.

Кыргыз Эл сүрөтчүсү В. А. Шестопал.
Кыргыз Эл сүрөтчүсү В. А. Шестопал.

Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты В. А. Шестопалдын да 60 жылдык өмүрү Кыргызстан менен байланышкан. Өмүрлүк жубайы Насыпкан Исмаилова экөө Ташкентте театр искусствосу институтунда окуп жүргөндө кол кармашкан.

- Эгер Алыбек Мухитдинов экөөбүздөй жаштар буйрутманы жасаганга жай таппай калсак (чоң заказдар үчүн өнөрканабыздын шыбы жапыз болуп), Ольга Максимилиановнага барчубуз. Ал кабагым-кашым дебей өнөрканасын бошотуп берчү. Бир кезде анын өнөрканасында армяндар да турган. Аларга да иштегенге мүмкүндүк берген. Ольга Максимилиановнанын өнөрканасында кимдер гана жашабады? Ал балдарды өзгөчө жакшы көрчү. Өнөрканасынын жанындагы №24 мектептин балдар-кыздары көп келчү. Алардын баарын эркелетип, ар бир иштин өзгөчөлүгүн түшүндүрчү. Балдар да аны аябай жакшы көрүшчү.

Виктор Арнольдович атын атаган - Алыбек Мухитдинов кыргыздан чыккан биринчи профессионал-скульптор. Ал жана көйгашка архитектор Аскар Исаев бала чагынан Ольга Мануйлованын окуучулары.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:33 0:00

Жарым кылымдай мурда, 1973-1974-жылдары Азиз Закиров да Ольга Мануйловадан бедизчилик өнөрдүн сырларын үйрөнүп, энелик мээримин көргөн.

- Өзүм айылда чоңойгонмун да, Бишкекке келгенде эле Мануйлова менен таанышып, ал мени кабыл алып, өнөрканасында чогуу иштегенбиз. Чыгармачылык боюнча эмне жасаш керек экенин мага аябай үйрөткөн. Мен орусча жакшы билбейт элем. Ошондой болсо дагы, какпай-силкпей билгенин үйрөтүп, бир-эки жыл колунда эмгектендим. Бизге жакшы мамиле кылчу. Дайыма биз барганда тамак жасап койчу. Студентпиз да. Корреспонденттер келгенде “студенттерим” деп тааныштырып, Ольга Мануйлова менен кошо гезитке чыкканбыз.

Эл сүрөтчүсү Ольга Мануйлова шакирттери, Көркөм сүрөт окуу жайынын студенттери Азиз Закиров (солдо) жана Мурат Самудинов (оңдо) менен өнөрканасында. 1973-1974-жж.
Эл сүрөтчүсү Ольга Мануйлова шакирттери, Көркөм сүрөт окуу жайынын студенттери Азиз Закиров (солдо) жана Мурат Самудинов (оңдо) менен өнөрканасында. 1973-1974-жж.

​Азиз Закиров бүгүн Түркиянын Инёню университетинин (İnönü Üniversitesi) скульптура бөлүмүн жетектейт. Профессор Орусиянын императордук сүрөт академиясынын академиги.

Ольга Мануйлованын кыргыз жерине келүүсү анын жаңыга, өзгөчө, көркөм дүйнөгө болгон чексиз кызыгуусуна байланыштуу.

Себеби, ал 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун 1-декадасын көргөнү барбаса, ал жерден Фрунзе шаарынын башкы архитектору Г. А. Градов менен таанышып калбаса, ошо тушта Токтогул Сатылгановдун айкелин тургузуу боюнча сынак жарыяланганын укпаса, бедизчини тагдыр кайда жетелемек?

Анткени, ошол тушта республикадагы жалгыз скульптор Ласло Месарош репрессияга кабылып, Токтогулдун айкелин жасаганга скульптор жок турган. (Эмнегедир Токтогулдун эстелигин жасоо боюнча долбоор аягына чыкпай калган).

Жоомар Бөкөнбаевдин Эркиндик бульварындагы бюсту.
Жоомар Бөкөнбаевдин Эркиндик бульварындагы бюсту.

Падышалык бийлик тушунда Москвада жана Германияда билим алган скульптор Ольга Мануйлова 1939-жылы кыргыз өкмөтүнүн чакыруусу менен Фрунзеге (Бишкекке) келгенде 47 жашта эле.

Калган 45 жылдык өмүрү ушул шаарда өткөн бедизчини Кыргыз Эл сүрөтчүсү Виктор Шестопал чебер скульптор деп сыпаттайт:

- Менин эсимде Ольга Максимилиановна абдан айжаркын адам катары калды. Ал мага искусствонун скульптурадагы дворянын элестетчү. Түшүнөсүзбү? Ал абдан интеллигент, скульптурага баш-оту менен берилген инсан эле. Жашоону искусство, өз иштери аркылуу кабыл алган. Ак жүздүү, сымбаттуу болчу. Сүрөтчүлөр союзуна келгенде дайыма кара юбка, ак кофта кийип, чачын артка түйүп койчу. Кээде чачы кыска кыркылган болоор эле.

Виктор Арнольдович ордо калаадагы Курманжан датканын, орустун улуу акыны А. Пушкиндин, академик К. И. Скрябиндин айкелинин автору. Дасыккан бедизчи мени менен маектешкенде устатын Ольга Максимилиановна деп атап Мануйловага болгон терең урматын көрсөтүп жатты.

- Ал дүйнөгө кучагын жайып суктана карачу. Шаарыбыздын кайсы бир жери булганыч болсо, газон тепселип жатканын көрсө, ошол замат шаардын аткаруу комитетине телефон чалчу. Ал жердегилер Ольга Максимилиановнаны жакшы билишчү. Аябай сыйлап, урматташчу. Себеби анын Фрунзеге сүйүү менен мамиле кылганын билишчү. Ошого жараша фрунзеликтер да аны терең урматташчу. Бийик руху эч кимге окшобогон бул аял чыныгы дворян болчу, аны демократ десе да болот. Билесизби, Ольга Максимилиановнанын демократизми өзгөчө, эски орус интеллигенциясына мүнөздүү демократия эле.

О.М. Мануйлованын мемориалдык үй-музейи. Бишкек.
О.М. Мануйлованын мемориалдык үй-музейи. Бишкек.

Табиятынан топуктуу Ольга Мануйлованын көп эмгектери бүгүн бедизчинин Бишкектеги мемориалдык үй музейинде сакталуу. Бир кезде Кыргыз илимдер академиясынын Эркиндик бульварындагы имаратынын алдында турган “Кыз жана Жигит” эбак жоголгон.

В. Шестопал Ольга Мануйлованын скульптор күйөөсү А. Мануйлов менен чогуу жасаган генерал Панфиловдун эстелиги акырындап эскирип, поруму бузулуп баратканына кейиди.

- Панфиловдун эстелиги бетондон жасалган. Убакыттын өтүшү менен жешилди. Эстеликти эбак колого которуу керек болчу. Тилекке каршы, акча табылбайт. Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасы жайгашкан имараттын маңдайындагы рельефтер өтө кооз, чебер жана кылдат жасалган. Ольга Максимилиановна көзүнүн тирүүсүндө Алыкул Осмоновдун да бюстун чоподон жасаган. Алыкул отуруп берген. Портрет өтө кызыктуу. Ольга Максимилиановнанын жумуштары көп. Бирок көбү гипсте калды.

Панфиловдун 1942-жылы күз айында ачылган береги айкели - Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда өлкөдө тургузулган тунгуч жана жападан жалгыз эстелик. Бул эстеликтен Кыргызстанда монументалдык скульптура башат алган.

Баса, бедизчинин кээ бир эмгектерин металлга которууга Виктор Арнольдович Шестопал да өз салымын кошкон. Ага чейин Мануйлованын колодон жасалган эмгектери болгон эмес.

АКШлык ырчы, актёр Поль Робсон жана акын Жоомарт Бөкөнбаевдин гипстен жасалган барельефтери.
АКШлык ырчы, актёр Поль Робсон жана акын Жоомарт Бөкөнбаевдин гипстен жасалган барельефтери.

Ольга Мануйлова ар бир эмгегин жогорку чеберчиликте аткарганын академик Закир Азизов да баса белгиледи.

- Мануйлова чынында кыйын скульптор болгон. Булар эми Советтер союзунун эң кыйын скульпторлору да. Мисалы, Жоомарт Бөкөнбаевдин эстелигин алсак, профессионалдык жактан жогорку чеберчилик менен жасалган. Азыр андай деңгээлдеги скульпторлор бизде аз. Опера жана балет театрынын порталындагы скульптуралардын кыймылдары, жасалыш формасы аябай жакшы. Ал фигуралардын тышкы көрүнүшү ошол кездеги кыргыздардын балетке болгон мамилесин чагылдырат. Фигуралар жогорку деңгээлде жасалган.

Мен өзүм Ольга Максимилиановна менен 1970-жылдардын баш ченинде азыркы “Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнүнүн ордундагы Шапито циркинен жолуккам. Бедизчи оюн башталар алдында авам (автордун атасы) экөөбүздүн жаныбызга келип сыпаа саламдашып, ал-жай сурап бир аз турган. Анан авама “Сиздин бюстуңузду чоподон жасайын. Эки жумадай менин үйүмдө туруңуз?”деп сунуш кылды. Авам жумушун айтса, “Чочулабаңыз. Ишиңизге расмий кат жөнөтүлөт", - деди. Тилекке каршы, авам макул болбой, эртеси эле Кызыл-Кыяга учак менен кетип калган.

Ольга Мануйлова өз иштеринде кыргыздын улуттук өзгөчүлүгүн дыкат чагылдырганын Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, бедизчи Дүйшөн Жолчуев да белгиледи.

- Ольга Максимилиановна “Манас” эпосу менен көп иштеди. Рельеф деп коёт. Тегиз бетке сүрөттүн көлөмүн чыгарып, рельефтин тили менен иштеген жумуштары көп. Мына биз көрүп турган рельефте ажыдаарлар менен эпостун рухун берет. Бул эмгектери көргөзмөлөргө коюлуп, сүрөттөрү элге жайылган. Карап турсаңыз, аялдардын образдарын кийим – кечесинен тартып, топусуна чейин улуттук колоритте берген да. Мамарасулова деген артисттин бюстун баш кийими, көйнөгү менен улуттук колоритте жасаган. С. А. Чуйковдун ошол учурдагы живопистик жумуштарын эстесеңиз. Ал кыргыздын улуттук образын боёк, өң аркылуу берсе, Мануйлова айкел, скульптура, рельеф менен чагылдырган.

Актриса Мамарасулованын бюсту.
Актриса Мамарасулованын бюсту.

Ольга Мануйлова көптөгөн монументалдык, майда пластикалык иштерине катар “Чүй каналын курган аял”, “Кызылчачы”, “Кыргыз жигити” деген кайталангыс портреттерди да тарткан.

“Манас” операсынын декорациясын жана “Манас” темасында декоративдүү идиштердин чоң сериясын жасаган. Бул жана башка эмгеги жогору бааланып, Ольга Мануйлова 1954-жылы республика скульпторлорунун арасынан Кыргыз ССРнин Эл сүрөтчүсү наамын биринчи болуп алган. Бедизчи тууралуу атактуу кинорежиссер Төлөмүш Океев 1982-жылы “Скульптор Ольга Мануйлова” деген даректүү фильм тарткан.

Ольга Мануйлова ушинтип Кыргызстандын архитектуралык -скульптуралык чөйрөсүн көркөмдөөгө, улуттук маданияттын өсүүсүнө эбегейсиз салым кошкон. Мындай адамдарды жалпы журт, бөтөнчө, бишкектиктер билиши абзел.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG