Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Москвада Чыңгыз Айтматовдун айкели ачылды


Ачылыш аземинен тартылган сүрөт.
Ачылыш аземинен тартылган сүрөт.

Бүгүн, 7-декабрда Орусиянын борбору Москва шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги салтанаттуу түрдө ачылды. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков катышып, сөз сүйлөдү.

Мындан сырткары, салтанатка Орусиянын маданият министри Владимир Мединский, Москванын мэри Сергей Собянин, Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, мурдагы премьер-министр Темир Сариев, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев катышты.

Залкар жазуучунун 90 жылдыгына арналып ачылган айкел Москвадагы Чыңгыз Айтматов атындагы гүлбакта жайгашкан. (LzT)

XS
SM
MD
LG