Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Ок атышпай касам кыл, кыргыз-тажик урпагым!


Мирзохалим Каримов.
Мирзохалим Каримов.

(Манас-Ата менен Санирабига-Эненин монологу).

Амансыңарбы, кыргыз-тажик урпактарыбыз?

Заманыңар зар какшатып, геосаясый кызыкчылыктын таламай оюнунда ири державалардын ортосунда дүйнөнү, анын ичинде Орто Азиядагы майда «чабактарды» жутуп алуу мелдеши жүрүп жаткан татаал учурда бири-бириңдин кадыр-баркыңа жетпей адашып жүргөнүңөрдү сезгенибизден улам, биз деле кабырыбызда тынч жата албай калдык. Ошого байланыштуу, азиз перзенттерибиз, келечегиңерден кам санап, силерге Аталык жана Энелик керээз айтып коёлу дедик.

Атборойго атагы угулган Кыргыз Бабаңар – Манастын, тарыхый баатырды баатыр кылган Тажик Энеңер – Санирабиганын арбактары колдосун десеңер, биздин мына бул акыл наамабызды кулагыңарга коргошундай уютуп алгыла. Кыргыз жана тажик улутунун өкүлдөрү болуп саналган биз нечен кылымдар илгери баш кошуп бири-бирибизди кандай сүйүп урматтаган болсок, силер деле, айланайындар, дал ошондой ынтымак менен сүйүктүү өмүр сүрүп жашагыла. Биз баштаган, биз түптөгөн тарыхый бир туугандыгыңарды көздүн карегиндей сактабасаңар, арбагыбыз о дүйнөдө да, бу дүйнөдө да силерге ыраазы болбой турганын астейдил эскертпесек болбой калды окшойт.

Эгер силер биз түбөлүк мурас кылган кандаштыктын уюткусун улутчулдук, кайдыгерлик менен төгүп-чачып алсаңар, улуу дөөлөтүңөрдүн кадырына жетпей колдон чыгарсаңар, анда орду толгус оор жоготууга учурап, бир канатынан айрылган куштай болуп каласыңар. Укум-тукумуңарга шек келтире турган кечирилгис күнөөгө кириптер болосуңар. Тээ кадим замандарда эле калыптанган кыргыз менен тажиктин тарыхый бир туугандыгынын тамыры үзүлбөй, улуу кандаштыкты кийинки муундарыңар да унутпай жүрүшү үчүн азыркы перзентибиз – силер жооптуу экениңерди эстен чыгара көрбөгүлө, азиз урпактарыбыз.

Бөтөн жандуулардан акыл-парасаты, тазалыгы, ыйманы менен айырмаланган адам баласы ай-ааламга ыңаалап жаралгандан көз жумганга чейин тарбияга муктаж экени эсиңерде болсун. Бири-бириңерди өгөйлөтпөй туугандык таалим-тарбияга үндөп, бири-бириңерге күйгүлө, бири-бириңдин бактыңарга сүйүнгүлө. Адамдын ичи тарыса, пейили бузулса, дилин караңгылык менен бакылдык каптаса, анда ал миңдеген, миллиондогон гектар жерге да батпайт, учу-кыйырына көз жетпеген Тынч океандын суусу да аздык кылат, ага. Каниет кылуудан, шүгүрчүлүк сезиминен ажырап калат, ал пенде. А эгер адамдар кең пейил, ток пейил, чыныгы бир тууган болушса, анда алар бир карыш жерге да батат, бир билек сууну да, бир тоголок данды да талашып-тартышпай ынтымактуу, сарамжалдуу бөлүшө алат. Тирүү кезде тойбогон көздү өлгөндөн кийин көрдүн бир чымчым топурагы тойгузарын, жерге болгон ач көздүктү узуну 2, туурасы 1 метр кабыр канааттандырарын ак сүт эмген ар бир адам дайым ойлоп жүрсө экен деп тилейбиз.

Биз силерден ааламды аңтар-теңтер кылып буза турган кызуу кандуулукту, сабырсыздыкты, ырксыздыкты, кыяматка алпара турган нашүкүрчүлүктү күтпөйбүз. Биздин арбагыбызды ыраазы кылабыз десеңер, кымбаттуу кыргыз-тажик урпактарыбыз, бир туугандыгыңарды, достук-ынтымак мамилеңерди күндөн-күнгө бекемдеп, алыс-жакынга күлкү боло турган чыр-чатактарга жол бере көрбөгүлө! Эл бузарларды, журт бузарларды, ашынган улутчулдарды биргелешип тыйгыла! Силердин тарыхый кандаштыгыңарды, ажырагыс тууган экениңерди көрө албаган, кала берсе ошондон чочулаган, ошо баа жеткис дөөлөтүңөрдү ар кандай куйту айла-амалдар аркылуу бузуп жаргысы, ортого от жагып кагыштыргысы келгендер бар экенин эстен чыгарбагыла, садагалар!

Биз жашаган доорлордон шаркырап агып жаткан тунук суулар, нан жыттанган ыйык жерлер, бешене тер аккан даркан талаалар ынтымакта болсоңор баарыңарга жетет. Булардын баары силерге буйруган түбөлүк ырыскынын булагы. Насип кылынган ошондой ажайып, ошондой ыйык жерлериңерге бир тамчы да кан тамызбагыла! Алакандай жер болсо да какыр кылбай, тескерисинче суу тамызып, Жер-Энеңерди жата калып өөп жүргүлө! Жер-Энеге себеби жок кан тамызып, ок жаадырган элдин ырыскысы кыйыларын тарых тастыктап көрсөткөн. Айтор, ар кандай турмуштук, күнүмдүк көйгөйлөрдү акыл-эстүүлүк менен калыс чечип, өзгөлөргө өрнөк болуп жашагыла! Мына бул санат саптарыбыз силердин кандаштыгыңардын, тарыхый бир туугандыгыңардын касамы катары ар бириңердин кан тамырларыңарда жүгүрүп турсун, ылайым.

Урпактары Каныкейдин, Манастын,

Кыргыз-Тажик тээ эзелтен бир тууган.

Кандаштыктын сактабаган мыйзамын,

Каргышына калат Ата-Бабанын!

Кыргыз балам, Тажик балам кулак сал,

Көзүңдү ачып, көөдөнүңө түйүп ал:

Туугандыктын бул тарыхый насиби,

Жалгыз гана силер үчүн буйрулган.

Мындан ары көкүрөк көзүңөрдү ачып, түбөлүк бир тууган экениңерди билип жүргүлө, урпактарыбыз! Силер ынтымакта болуп тынч жашасаңар, биз дагы кабырыбызда тынч жатабыз. Эгер эки бир тууган жер, суу талашып жакалашсаңар, ок атышсаңар, алардын баары адегенде Манас-Атаңар менен Санирабига-Энеңердин жүрөгү аркылуу өтөрүн унутпагыла! Тарыхый бир тууган экениңерге касам кылбасаңар, биздин жаткан жайыбыз жаннат болбой баратат...

Мирзохалим КАРИМОВ, кыргыз-тажик жазуучусу, «Даңк» медалынын ээси

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG