Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 18:54

Көк күлүк менен качкан сулуу


Иллюстрациялык сүрөт.

“Баш-Алайдан көк күлүктү уурдаган аял” баяны памирлик кыргыздар арасында тээ отузунчу жылдарда болгон окуянын негизинде жазылган. Кыргыз аңгемесинин классикасынан автордун кызыктуу документ баяны тууралуу кеп кылабыз.

Кудалашуу, той

Тайтөрө Батыркуловдун өмүр жолунун өзү кызыктуу. Он тогуз жашында Экинчи дүйнөлүк согушка катышып, андан жарадар болуп келип, Кыргызстанда билим алган.

Жаңылыкка жакын талапкер фарсы тилин үйрөнмөкчү болуп Тажикстанга барып ал жерде көп жыл жашап калган. Кош тилдүү саякатчы сүрөткер тажик жазуучуларынын чыгармаларын кыргызчага оодарып, улутташтарынын мыкты баяндарын тажик тилине таржымалап эки элдин маданий алакасынын күчөшүнө чоң салым кошкон. Баарынан да ал кишинин жер кыдырып жүргөндө көргөн-билгендерин союздук белгилүү “Вокруг света” журналына жарыялаганы кызык. Саякат аңгемелери Кыргызстандын адабий басылмаларына да чыкчу.

“Баш-Алайдан көк күлүктү уурдаган аял” баяны 1930-жылдары Чоң-Алай тарапта болгон окуянын негизинде жазылган. Аны чыгарманын киришүүсүндө автор өзү да: “Баш-аягы 90 чакырымдай тоо жолунда Көк күлүктү жүгөнсүз, ээр-токумсуз жайдак минип, Мөк кыштактын жайлоосу Арпалыкка барган экен” деп атайын белгилеген. Айтылуу күлүктү уурдаган аялга кемпир болуп калган кезинде Өзбекстандын Коргон-Дөбө районундагы Савай айылында жолукканын жазган. Көрсө, көп дубанга белгилүү күлүктү уурдай качуунун узун тарых-таржымалы бар экен.

Окуя чынында эле кызык. Совет бийлиги алыскы Памирге жаңыдан келип, тоодо жашаган кыргыздар кызылдарга жакшы үйүр ала албай, байлар, бий-болуштар басмачы чыгып, эл кайсы тарабынан оошту билбей турган чак. Мастуранын жаштыгы ошол кезге туш келген. Жайды жайлата Мөктүн малдуулары Арпалык деген жайлоого чыгып, тиричилик камылгасы менен жүрүшөт.

“Мен он төрткө толгондо Баш-Алайдын Мукур деген кыштагынын баш байы Адылбай баласы Алипке аялдыкка алып бермек болуп жуучулукка келди. Атам Адылбай байдын сөзүн кайтарбайт. Макул болот. Мунун бир себеби Адылбай байдын байбичеси Сайра атамдын бир тууган эжеси болгон. Сөөк жаңыртабыз, сөөк улантабыз дешип кудалашат.

Экинчи себеби: жашым он төрттө болсо да үй тирилигинде “мен” деген келиндерден кем калышпай иштейт элем. Кой-эчки, уй саап, сүт бышырып, айран уютат элем. Гүртүлдөтүп чактек тартып маска май (тоң май – сливочный май) алат элем. Чарчабайт элем. Ким деле болсо, келиним иштерман болсо дейт”.

Буга кошумча Мастура кыз Мөктүн сулуусу болчу. Айылдагылар “биздин Мөктө сенден өткөн сулуу кызывыз жок” деп көзүнө айтышчу. Мастура курбу кыздары менен кара жумуш жагына келгенде алдына эч кимди чыгарчу эмес. Мөктүктөрдүн дагы бир түйшүктүү жумушу бар эле – алтын чайкап алуу деген. Тоо суусунун бут какшаткан суугунда кумдан алтын чайкаш канчалардын ден соолугун жеди. Анан ошол кудалашкандан бир жыл өтпөй Мастураны Мукурга келин кылып жөнөтүштү, тою укмуш өттү. Он беш жаштагы секелек атасынын бир тууган эжесине келин, жээнине аял болуп келди.

Бул жерде деле баягы түгөнбөгөн жумуш, анан да күйөөсүнүн Рабыйа деген сулуу аялы бар экен. Эртеден кечке созулган кара жумуш, кечинде келип суй жыгылып калмай. “Мен баргандан кийин Рабыйа үч кыз төрөдү. Үчөө тең өлдү. Мен төрт уул, бир кыз төрөдүм. Үч уулум, бир кызым каза болду. Жаш болсом да катуу кайгыланып, ыйлап да жүрдүм”, - дейт Мастура ошол кезин эскерип.

Мал азайды, балдары турбады

Карыганда кайнатасы Адылбай бай жер жайнаган малынын көбүн сатып, анысын алтынга айлантып, алыскы Меккеге ажылыкка жөнөйт. Айтылуу бай ошол ажылыкта каза болуп, кийинки жылы туугандары жылдыгын өткөрүшөт, атадан калган мал-мүлктү аянбай чачып ашын беришет. Жалгыз уулунун колунда саналуу гана малы калып, эки аялы менен кедейдин кейпин кийип отуруп калат. Көзүн караган жалгыз уулу да каза болуп кайгыга батып калганда Мастурага үйү суук көрүнүп, күйөөсү менен ажырашууну чечет. Жүгүрүп калган Арзыкан деген кызы деле көзүнө көрүнбөй, күйөөсү менен жашагысы келбей калат.

Алдын-ала даярдап койгон алтын-күмүш сөйкө, билерик, мончокторун чогултуп бир баштыкка салып койсо анысын кайненеси билип алып коёт. Көңүлү бузулуп калган келинди кармай турган эч нерсе жок болчу. Эки күндөш күйөөбүз менен ажырашсак бир убакта кетебиз деп мурдале антташып коюшкан. Балдары токтобогон Рабыйа ажырашып кеткенден кийин Мастура да үйдө калмак эмес.

“Албетте, Алип мени да, Рабыйаны да эстеп ичи ачышты. Рабыйа Баш-Алайдын сулуусу болгон. Мен Мөктүн сулуусу элем. Сайра датка сулууларды тандап жалгыз баласына аялдыкка аперген”.

Эми кетиш гана калды. Айтканга оңой болгону менен жакын тууганын таштап кетиш кыйын. Бирок, куда болгон бир туугандар ортосундагы өлүү дүйнө таарынычы экөөнү ажыраштырат. Мастурага талак бериш үчүн күйөөсүнүн туугандары бир ат, бир бээ, бир сыйыр, бир өгүз беришин талап кылышат. Чыйрак келинди ушул шарт аябай намыстантат, ансыз да малы азайып калган агасынын жакшы атынан ажырашын каалабайт. Алыс жолдо жөө-жалаң кыйналып кеткиче кайнатасынан калган Көк күлүктү уурдай качмакчы болот. Бүттү анан, айтылуу күлүктү - колунда багып үйүр болуп калган кайтаруудагы малын уурдап минип кетиш анчалык деле оорго турбайт. Алдыда 90 чакырымдай тоо жолу, караңгы түн турган.

“Ат жаныбарды акылдуу да, сезгич да дешет. Болгон айыбы кишиче сүйлөштү билбейт дешет. Көк күлүк менин бикиримди сезгендей, мени теминдирбей, “чү” дедиртбей өйдө-ылдый, ийри-буйру сокмо жолдордо, туягын койор жерин тиктеп, жеңил желдей желбиренип, бат басып баратты. Жалаң көйнөктөн башка эчтеме кийип-кийбеген мен, тоолордун түнкү сыдырымдуу салкындарын сезбедим. Көк күлүктөн чыккан жылуу дем мени курчап, жумшак жибекке орогондой, суук желди мага жолотбой, коргоп баратты окшоду!”.

Айтылуу күлүк уурдалганын билгенден кийин Сайра датка сиңдисине жообун бердиртип, бирок ага карабастан туугандар ортосундагы мамиле ошондон сууп калат. Мастуранын бир туугандары эжеси менен каттоосун үзүшөт.

"Жакындарына кыз берип, кыз алуу токтолсо урук кууган өтмө оорулар жоюлат эле", - дейт Тайтөрө Батыркулов. Бир тууган инисинин кызын алуу демилгеси Сайрадан чыккан. Айткан-дегени кынтыксыз аткарылган өктөм аялдын аракети ушул ирет гана катуу каршылыкка учурап, ажылыкка кеткен чалынан кийин жер жайнаган малы азайып, баркы түшүп калган болчу.

Аңыз кеп

Памирдин бийик тоолорунун арасында өткөн кылымдын башында ойнолгон кыргыз драмасынын бир үзүмү ушундай. Бийик тоодон турмуш агымына кабылып түзгө түшкөн, ал жерге да бекем байыр албай кайра тоону эңсеп, Мөк десе көзүнөн жашы куюлуп, кусага толгон Мастура кемпир жолубузга кичине тыйын-тыпыр болуп калар деп мээ кайнаткан чөлдө үндүк бага баштаган. Жашоо-тирилигин улантып, илгери үмүт менен жашап аткан кезинде минтип жазуучу келип качанкы унут болгон жаш кезиндеги окуясын сурап отурбайбы. Анын өмүрүндөгү эсте калчу чоң окуясы - кыргыздын кыйла жерине белгилүү күлүктү уурдап мине качканы, жайдак атчан түндөп жол жүрүп туулган жерине келиши эле. Эчен жылдар эл арасында аңыз болуп айтылып калган окуя ушул.

“Кантип эле алыскы Мукур-Алайдан ушундай чоң атты жайдак минип келсин! Аазам басмачынын тополоңу болсо. Жолдун баары кызылдар болсо... Ээн жайда басмачылар качып жүрсө... Коркпой минип келгенин кара!.. Дажаал аял эке-ен! Акыйкый баатыр эке-ен!.. – дешип талкуулашты өз ара.

Айланадагы конуштардан Мазар чокунун түбүндөгүлөр, Курук-Ойдон, Кара-Горумдан, Бата-Окучунун түбүндөгүлөр, Кыйанын учундагылар – баары биздин айыл Көл конушка, мени жана мен жайдак минип келген Чоң Көк күлүктү көргөнү келишти. Менин Баш-Алайдын Мукурунан Чоң Көк күлүктү уурдап, жайдак минип келгеним, Тагай бий менен Акимбек бийдин мени Кара-Кенжеге ээрчитип келип Тойчубектикине аманат койуп кеткени, кечөө күнү эле Мөк кыштакка гана эмес, Мөктүн жайлоолорунда жашагандардын баарына таралыптыр. Мен Көл конушка жетип, Чоң Көк күлүктөн түшөрүм менен туш тараптан жайлоочулардын келе баштаганы, булар мени кечөөтөн бери күтүшөт экен. Менин гана эмес, көвүнчө Көк күлүктү көрсөк дешет экен. Даңазалуу Чоң Көк күлүк кандай ат болду экен – дешет.”

Антип даңаза болгон Мастура кийин колун сурап келгендердин бир да бирөөнө макул болбой Пакыр деген жигитке турмушка чыгат. Эки бакыр, бир тукур демекчи анысынын да биринчи турмушун большевиктер бузуп, турмуштан оор сокку алып, советтин абагына жатып чыккан экен. Пакырдын биринчи сулуу аялына жаңы бийликтин чоңу Айдаров деген аткаминер ашык болуп, ага жетиш үчүн момун күйөөсүн абакка отургузуп, күч менен тартып алыптыр.

“Балчавектер байлардын малы-мүлкүн гана тартып алган эмес. Байлардын балдарынын жаш, сулуу келинчектерин көз көрүнөө тартып алып, өзүнө менчиктеп, катын кылып алган активдер да болгон. Же байлардын кыздарын, келиндерин чакырып алып, аларга арак-шарап ичирип, анан моокумун кандырган активдер көп болгон. Атасын кулакка тартам, алыска көчүрүп айдайм деп коркутуп, жаш кызын парага алып, арамдык моокумун кандыргандар да аз болгон эмес. Айта берсе арман көп. Ал жылдарда төңкөрүш мыйзамы абдан адилетсиз, өтө күчтүү, мыкаачы болгон!”,- деп белгилейт автор.

Ошентип сулуу аялынан ажыраган Пакыр Мастурага баш кошуп, экөө турмуш жолун улашат. Колхозго аянбай иштеп азыноолок мал күтүп, жашоо-турмушу оңоло баштаганда Пакырды эмгек батальонуна алып кетишип, майдандан кайтпай калат. Согуш маалындагы оор турмуш маалында Мастура катуу чочуп, ошондон кулагы жакшы укпай, оорлошуп калган. Бирок иш дегенде эч качан тынч отуруп калбаган кемпир саратан ысыгы мээ кайнаткан Коргон-Дөбөнүн Савайында өзүнө түйшүк артып, тиричилигин улантып жатыптыр.

“1951-жылы Мөктөн ушунда көчүп келдик. Өзүм сүйүп тийген эрим Пакырдан уул бала таппадым. Болгону бир кыз төрөдүм. Балдарым турбады. Теңиримдин ушунусуна да ыраазымын! Шүгүр кылам! Мейман, Мөккө көчүшкө ниеттенип атабыз. Эртеби-кечпи көчөбүз. Мен индук чөжөнү көп асырашым да ушул ниетке байланыштуу, - деп жакшына жылмайды. Мен жылмайып баш ийкегилеп, Мастура байбиченин айтканын ырастадым...”.

Тайтөрө Батыркуловдун нака турмуштан алып жазган баянынын кыскача сюжети ушундай. Жазуучунун ичкилик кыргыздарынын бай тилдик өзгөчөлүгүн колунан келишинче жергиликтүү колорит менен шөкөттөп, катаал турмуш чындыгын жашырбай айтып берүү аракети ийгиликтүү жүзөгө ашкан. Улуу тоо арасындагы драмасы, трагедиясы аралашып кеткен катаал жашоонун бир үзүмү жасалмасы жок ачык баяндалган. Чыгарма ушунусу менен кызыктуу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG