Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 06:16

Улутка күйгөн, табиятты сүйгөн улуу инсан


Тайтөрө Батыркулов.

Жазуучу, котормочу, этнограф Тайтөрө Батыркуловду эскерүү.

Жакында И.Арабаев атындагы КМУда кыргыз тилинин тазалыгы, бузулбай өнүгүшү үчүн тээ 60-жылдары эле күйүп-жанган, тарыхый бир тууган кыргыз жана тажик элдеринин ынтымагына, адабий жана маданий алакаларынын бекемделишине, этникалык кыргыз жаштардын Кыргызстандын жогорку окуу жайлардан билим алуусуна жандили менен салым кошкон чыныгы патриот инсандардын бири, жазуучу, котормочу, этнограф, теги таластык Тайтөрө Батыркуловду эскерүү жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олимзода Сухроб Ходжа мырза, Тажикстандан жана Өзбекстандан көчүп келген кыргыздардын өкүлдөрү, ошол өлкөлөрдөн келип окуп жаткан кыргыз студенттер, илимпоздор, жазуучулар, аталган окуу жайдын жетекчилери ж.б катышты.

1922-жылы Таластын Кара-Буура айылында төрөлгөн Тайтөрө Батыркуловдун өз колу менен жазган өмүр баянынан кыскартып алынган төмөндөгү үзүндүнү окуган адам бул инсандын ким экенин, кандай эмгек сиңирип ааламдан өткөнүнөн учкай болсо да маалымат алат деген ойдобуз.

«1941-жылы сентябрда өз ыктыярым менен согушка кеттим. 1944-жылы 6-июнда экинчи фронт ачылган күнү Румынияда оор жараат алдым. Беш жериме минанын чачырандысы тийди. Согуштун II топтогу майыбымын.

1952-жылы Кыргыз Улуттук университетинин филология факультетине кирдим. 1957-жылы университеттин беш курсун бүттүм. Мамлекеттик сыноого "саясий жактан ишенимсиз киши" деп киргизбей коюшту. 1957-жылы август айында Тажикстанга бардым. Тоо арасындагы бир кыштакта орус тилинен мугалим болуп иштедим. Атайын тажик тилин үйрөнүш үчүн бардым. Бир жылда үйрөндүм. 1959-жылы Тажикстандын борбору Дүйшөмбүгө барып, тажик тилинде, орус тилинде чыккан газеталардын иштен тышкаркы кабарчысы болдум.

1968-жылы «Город Фрунзе надо переименовать» деп тема коюп саясий бюрого Л.И.Брежневге биринчи катымды жаздым. Катымда үч маселе койдум.

1) Кыргыздын улуттук тилинде «Ф» тамга жок. Жоктугунан карапайым кыргыздар «Фрунзе» деген сөзгө тили келбей «Поронзо», «Пурунза», «Бурунзе» - дешет. Кыргыздын борбор шаарына кыргыздын тили келе турган ат коюш керек;

2) 1940-жылы кыргыз алфавитинен алып таштаган «кы», «гы» эки тамганы кыргыз катына кайра бериш керек;

3) Кыргызстандын түштүк аймагындагы кыргыз кыздарын Фрунзе шаарынын жогорку окуу жайларына окутуу керек.

Биринчи катымдын «Город Фрунзе надо переименовать» деген темасы компартиянын улуттук саясатын ачыктады. Саясий бюронун мүчөлөрү дүрбөлөңгө түштү. Чындыкка түшүнүштү. Сталиндик доордо кеткен ката экенин билишти. Кыргыздар өзү чечсин деп Турдакун Усубалиевге жиберишти. Кыргызстан компартиясын башкарган Турдакун Усубалиев башында туруп менин катымды текшерди. Усубалиевди мага каршы кас кылган маселе – «Город Фрунзе надо переименовать» деген сүйлөм болду. Тайтөрө Батыркуловдун чыгармалары журналдарга, газеталарга басылбасын, китеп болуп чыгарылбасын, радиодон берилбесин деп көрсөтмө берип, тыюу салып таштады. Мен Фрунзе шаарына келе албай калдым.

1975-жылы саясий бюрого Л.И.Брежневге экинчи катымды жолдодум, мында да эки маселе койдум: Биринчиси - кыргыз тилинин бузулушу, экинчиси - 1976-жылы союз боюнча жаңы паспортко «киргиз» деп жазбай, «кыргыз» деп жазуу. «Киргиз» деген сөз биздин улутубузду билдирбейт, түздөн-түз маскаралоо болуп эсептелинет деп түшүндүрдүм…».

Тайтөрө Батыркуловду 1957-жылы КМУнун 5-курсун бүткөндөн кийин мамлекеттик сыноого «саясий жактан ишенимсиз киши» деп киргизбей коюлушунун түпкү себептери ушундай. Мына ушундай күйүп-жануунун айынан бул акыйкатчыл инсан Тажикстандагы кыргыз туугандарын издеп барып, тажик тилин үйрөнүп, ошол жактын табияты менен да тагдырлаш болуп жашаган.

«Вокруг света» журналы менен отуз жылдан ашуун кызматташып, табияттын ажайып сырларын кызыктуу макалалары менен ачып бере алган.

Тажикстанда саясий жаңжал чыкканда ар кайсы аймактарда жашаган кыргыз үй-бүлөлөрдү Кыргызстанга көчүрүп келгени, этникалык кыргыздардын уул-кыздарын тарыхый мекендерине алып келип жогорку окуу жайларга өткөргөнү ж.б жакшылыктары баа жеткис.

Өмүр бою өзү жалгыз жашаган бул ажайып инсандын тагдыры өтө татаал болгон. Ал 2013-жылы Дүйшөмбү калаасында 92 жашында каза болуп, сөөгү «Сари Осие» деген мүрзөгө коюлган. Анын табият менен тагдырлаш болуп өткөнү тажик журналисти менен болгон төмөндөгү маекте абдан кызыктуу баяндалган.

Табигат менен тагдырлаш

Куралсыз мерген

Тайтөрө Батыркулов Талас өрөөнүндө туулуп-өскөн ажайып инсан. Улуу Ата Мекендик согушка катышып, оор жараат алган. Адабиятка ышкы түшүп, кызыктуу китептерин жарыкка чыгарган. Мындан көп жыл илгери тил, дил үйрөнөм деп боордош Тажикстанга барып жашады. Тажик тилин кадимкидей сүйлөп, жазып да калган. Анын эң жакшы көргөнү – бул табият. Ал мына ушул ажайып дүйнөгө азгырылып, табият ооруса кошо ооруйт, гүлдөсө кошо гүлдөйт. Кыргыз перзентинин адамгерчилиги, боорукерлиги, адамзатка карата сүйүүсү бийик.

Бир нече жыл илгери Арменияда катуу жер титирөө болгондо Тайтөрө аке эл депутаттарынын Дүйшөмбү шаардык кеңешинин аткаруу комитетине арыз менен кайрылып, кезеги жетип, бүгүн-эртең көчүп кире турган кенен квартирасын кырсыктан жапа чеккен бир үй-бүлөгө ыйгарып берүүнү суранган. Анын бул өтүнүчү орундалган.

Төмөндө «Тожикистони Совети» (азыркы «Садои мардум») гезитинин мурдагы кабарчысы, саясий согуштун курманы, журналист Максуд Хусейновдун маркум Тайтөрө агабыз менен бир нече жыл илгери Дүйшөмбү шаарында тажик тилинде болгон кызыктуу маегин сунуш кылабыз.

- Тайтөрө аке, алгачкы жолу тоого чыкканыңыз эсиңиздеби?

- Мындан отуз беш жыл илгери биринчи жолу шаркырап аккан дарыянын жээгине алачык куруп, эки күн түнөгөм. Жадыраган жаз мезгили эле. Жашыл тон кийген тоо койнунда соккон сыдырым жел кызыл-тазыл гүлдөрдү кудум бойго жеткен кызды жигити кытыгылагандай ыргалтат…

Табият кооз, ажайып нерсе экенин ошондо сезгем. Мына ошондо жан дүйнөм шекердей эрип, өсүмдүктөргө, айбанаттарга болгон мээримим, сүйүүм ийиген. Табияттын сыйкырдуу дүйнөсүнө азгырылып, эми андан эч качан кечип, безип кете албачудай, тоолорсуз, талааларсыз жашай албачудай сезгем өзүмдү. Алыскы Комсомолабат, Гарм, Тавилдара, Вахе, Дангара, Мургаб, Алай, Ош, Хисар жана Вахштын ажайып талааларын кезип, бийик тоолорун кыдырып чыктым. Мен көргөн, мен барган кыштактардын баарын эстеп, бирден санап чыгуу кыйын го…

Тоолордо тааныш чабандар абдан көп. Алар дидарлашууга ынтызар адамдар. Кээде «келип калар бекен» деген үмүттө жол карашат. Түнү бою алар менен маектешип, таңды аттыруу кандай рахат! Чок салынган сандалды тегеректеп отуруп сухбатташуу, бир чыны даамдуу тамак, көк чай…

- Башка күндөрү кайда түнөйсүз?

- Кемерде же асты ачык чоң таштардын түбүндө.

- Кышында делеби?

- Жазы-кышы.

- Кемердин ичи суук эмеспи?

- Этияттык үчүн кемерлерге, тоо-таштын суу тийбей турган кычык-кучуктарына эски-уску кийимдерди катып койгом. Сыз өтө чыкпасын үчүн астыма кургак чөп алып келип төшөйм. Кышында кемерге от жагам. Ошондо анын ичиндеги таш кызып, үч-төрт саатка чейин табы кетпей ысык болуп турат.

- Кемерде жалгыз жаткан коркунучтуу эмеспи?

- Жок. Чөп-чарды башыма чейин чүмкөнүп, коркуу дегенди биротоло ойдон чыгарам.

- Кокус жырткыч айбан же албарсты келип калсачы?

- Тоонун абасы таза, анда үч-төрт сааттан ашуун уктай албайсыӊ. Таң заарда уйкудан ойгонуп, мен жаткан жерден 50 метрдей аралыктан өткөн бөрүнүн же аюунун изин көргөм, бирок ушу кезге чейин жырткычтардын мага жакын жологонун көрө элекмин. Алар менен менин, мени менен алардын иштери жок. Жапайы айбандар баары бир адамдан коркушат. Албарсты деген жок жана болгон эмес. Аны кызыктуу окуяларды сүйүүчү адамдар гана токуп айтып жүрүшөт.

Тайтөрө Батыркуловдун «Аюу менен беттешүү» деген макаласынан бир үзүм:

«Ургаачы аюу балдары менен болсо катылышы мүмкүн. Эгер, адамды алыстан көрсө, ошо замат балдарын көздөн далдалайт, бирок адам аюуга капилеттен беттешип, алдынан чыга калса, бул учурда маселе башкача болот: анда ал балдарын коргоо максатында гана кишиге катылышы ыктымал».

- Аюуга бет келген күнүӊүз болдубу?

- Далай жолу тоого чыгып, таӊга маал аюунун талпаӊдап жүргөнүн көп эле жолуктурдум. Ии, баса, бир күнү «мас» болгон аюуну өз көзүм менен көрдүм.

- Кызык, аюу да мас болобу?

- Бу айбан кумурсканы жакшы көрөт. Ал кумурсканын ийинин таап, тешигин кеңейтип, тилин ошонун ичине киргизип жатат. Анан тилине жөргөлөп чыккан кумурскаларды шимиген сайын жыргалга батып, аябагандай «мас» болот жана жанынын баарынча айкырат.

- Бөрүнү көп көрөсүзбү?

- Тоолор бөрүнүн мекени. Бир жолу бөрүлөргө бетме-бет келдим. Ноябрь айынын баш чени, эртең мененки саат беш эле. Таң эми агарып ата баштаган. Жалгыз аяк жол менен бараткам. Күтүүсүздөн бир топ бөрү алдыман чыга калды. Бул жолугушуудан улам буту-колдон жан кетип, таштай катып калдым. Бөрүлөр да тек турушту. Коркконумдан колумду да кыймылдатпастан, бөрүлөргө тиктейм, бөрүлөр мага карашат. Кийин айласыздан четке чыгып, жырткычтарга жол бошоттум. Мындай учурларда жапайы айбандар менен мунаса кылыш керек. Алар инсандын жакшылыгын сезишет. Деги айбандын да дили бар го… Жырткыч айбандар инсанга атайылап катылган окуялар өтө сейрек кездешет. Мисал үчүн жыланды алалы, адамды көргөндө жан-алы калбай качат.

- Эмнеге сиз тоо-ташта мылтыксыз жүрөсүз? Кантсе да ит-куш деген бар…

- Мен куралсыз мергенчимин. Менин куралым – фотоаппарат, олжом – табылга, табияттын эң кооз, ажайып көрүнүштөрү. Михаил Пришвин минтип жазган экен: «Адамдын эң күчтүү куралы – бул акыл»… Тоонун таза абасы – жандын дарманы. Түркүн гүлдөрдүн, жашыл чөптөрдүн жагымдуу жытын жыттайм, канаттуулардын сайраган үндөрүн ыракаттанып тыңшайм.

Сиз таң заарда шырылдап, шоктонуп аккан тоо суусун көргөн белеңиз?Мөңгүнүн астынан агып чыккан кашка суунун тунуктугу менен колдо жасай албай турган мончок сымал бири-бирине тизилген муздарычы? Эх, чиркин! Бу табият дегени жылдын төрт мезгилинде тең өзүнчө сулууланып, сырткы «кийимин» алмаштырып турат. Инсан үчүн жаралган, кош колдоп тартуу кылынган бул ажайып дүйнөнү көрө билген адам – бактылуу. Ошонун өзү эле бир чоӊ бакыт экен.

- Кээде аты-жөнүңүздүн астына «мергенчи» деп жазып коесуз го?

- Ырас, мен кез-кезде мергенчилерге кошулуп, талаага чыгып жүрөм, бирок ушуга чейин колума мылтык ала элекмин жана эч качан албайм. Чыныгы мергендер табиятты коргоочу адамдар. Тоо кезип жүрүп аркар, кийик, аюу, бөрү, сүлөөсүн, суур, кашкулак менен жолугушуу мен үчүн чоң ыракат тартуулайт. Сойлоп бараткан жыланды карап отуруп, жыргалга батам, кээде ал каякка барса, артынан ээрчийм. Менин оюмча айбанаттарды, перенделерди жек көргөн адамдар инсанды да жакшы көрө албайт.

- Сиз жаныбарлардын кыял-жоруктарын байкаштырып жүрсөңүз керек. Алар бири-биринен кандай «мүнөздөрү» менен айырмаланышат?

- Мен таан жөнүндө макала жазгам. Ал бөрү менен «дос». Буларды жаман курсактын камы «дос» кылган. Таан сүрүктөн ажырап калган эчкини же койду көрсө, тезинен учуп барып, бөрүгө «кабар берет». Жырткыч олжону тамактап жайлаган соң, «досуна» да «зыяпат берет». Жырткыч айбандар аябагандай зирек, тез, кекчил келишет. Алар сенин тоого эмне максат менен баратканыңды сезип турушат. Бөрү малчынын мылтыгы бар же жоктугун билет…

Азыр бир окуя эсиме келди. 1984-жылдын октябрь айынын аяк ченинде Жерге-Талдагы Шербоздара деген жерде үңкүрдүн ичинде уктап жаткам. Түндө бир жаныбардын аянычтуу кыңшылаган үнүн угуп, чоочуп ойгондум. Үн чыккан тарапка жакшылап кулак салсам, кудум сүлөөсүндүн баласынын үнүнө окшойт. Ал өтө назик, муӊдуу эле. Мен ошол күнү 40 чакырымга жакын жол баскам (кээде 60 чакырымга чейин жол жүрөм). Тоонун ар кайсы жагынан айбандар менен перенделердин тынчсызданып доош чыгарышканын угуп, өзүмчө таң калдым. Ишенесизби? Ошо күнү түнкү саат экилерде жер катуу титиреп, тоодогу бейпилдикти бузду. Көрсө, айбанаттар табияттын апаатын бир нече саат мурда эле сезишкен экен.

- Ката кетпесем, сиз котормочулук менен да алек болуп жүрөсүз?

- Тажик жергесине келгенимдин негизги максаты – тажик тилин үйрөнүү эле. Гарм районунда көп жыл мугалим болуп иштеп, тажикчени үйрөндүм. Кийин тажик жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине котордум. Эң биринчи котормом – бул маркум Пулод Толистин «Гүл терүү» аттуу аңгемеси. Кийин ал жазуучунун «Табыстан» деген повестин, Хаким Карим, Абдумалик Бахоринин аңгемелерин, Жалол Икроминин «Мен күнөөлүүмүн» аттуу повестин кыргыз тилине котордум. Жазуучу Бахтиер Муртазоев менен биргелешип, Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестин тажик тилине котордук. «Вокруг света» журналында көптөгөн макалаларым жарык көрдү.

- Сурагандын айыбы жок дешет, колуӊузга ийне менен «1944-жыл, 6-июнь» деп жазыпсыз. Мунун бир тарыхы болсо керек?

- Бул менин согушта майып болгон күнүм. Ал окуя Румыния жергесинде болгон эле.

- Дары-дармек айыктыра албайбы жараатыңызды?

- Кырк жылдан ашуун мезгилдин беделинде бир бүдүр да дары ичкен эмесмин. Мен үчүн эӊ жакшы дары – бул табият. Табият бардык дартка даба боло турган табылбас дары.

Мирзохалим КАРИМОВ, жазуучу

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG