Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 22-январь, 2020 Бишкек убактысы 09:12

Жергеталдык кыргыз революционердин эрдиги


Абдилла Ташбеков (ортодо).

Тажикстан 1922-жылы эле Кызыл Армиянын бөлүктөрүнүн жардамы менен Анвар пашанын күчтөрүн талкалаган болсо да, басмачылыкка каршы күрөш 1932-жылга чейин созулган.

Ошо кездеги өтө мыкаачы корбашылардын бири Фузайл Максум кыргыздар менен тажиктер мекендеген жерде тынч жашаган элдин башына сансыз кайгы жаадырып, 1931-жылдын жаз айында бүткүл Кара-Тегин өрөөнүнө өкүм жүргүзө баштаган. Ал эми эркиндикти эӊсеген эл болсо эски түзүлүшкө кайра каттууну каалаган эмес. Мына ушундай коогалуу күндөрдүн биринде басмачылар кыргыздар отурукташкан Жерге-Талга капысынан басып киришкен. Буга чейин атайын окууну бүтүрүп келген жалындуу кыргыз жигит, райондун аткаруу комитетинин катчысы Абдилла Ташбеков колго түшүрүлгөн. Мыкаачы басмачылар аны аёосуз токмоктоп, өзүнүн иш бөлмөсүнө камап коюшкан. Совет бийлиги үчүн кан-жанын аябаган эр жүрөк революционер Абдилла Ташбеков акыркы мүнөттөрдө негизги документтер менен мөөрдү жашырып коюуга үлгүргөн.

Арадан эки күн өткөндөн кийин Ташбеков кайнатасынын жана башка абройлуу кишилердин кийлигишүүсү менен бошотулган. Ошол күндөн баштап ал кызыл аскерлерге жол көрсөтүп, Фузайл максумдун колун талкалаган жана бул жеӊишке ээ болууда чоӊ эрдик көрсөткөн.

Революцияны коргоочулардын алдында жаалданган басмачылар менен акыркы жолу кармашуу сыноосу күтүп турган. Арадан эки жыл өтүп-өтпөй жергеталдыктардын башына дагы бир оор кайгы түшөт. Советтик сот тарабынан камакка кесилген Азам Ходиев деген зулум баш көтөрүп, ого бетер кутурган. Ибрагимбектин тобунан бөлүнүп чыккан бул канкор өзүнчө кол курап, 1931-жылдын күз мезгилинде Кара-Тегин өрөөнүн ээлеп алыш үчүн чабуул коюп, 16-октябрь күнү Жерге-Талдын сепилин курчап алган. Ошондо 200дөн ашуун партиялык, советтик кызматкерлер, алардын үй-бүлөлөрү менен ондогон перзенттери басмачылардын курчоосунда калышкан. Курчоодогулардын ок-дарысы, азык-түлүгү жана аттарга жем-чөбү түгөнүп калган болчу. Себеби, басмачылар бардык жолдорду тосуп, тышкы дүйнө менен байланышты үзүп салышкан. Ошондуктан Жерге-Талда эмне болуп жатканынан эч ким кабардар эмес эле.

Коргонууну Жерге-Талда турган Гарм ОГПУсунун башчысы И.А.Шестопалов башкарды. Курчоодогулардын абалы барган сайын оорлоп, үч күн бою басмачылар менен күрөшүп турушту. Мындай мүшкүл абалдан кутулууга эч кандай жол, мүмкүнчүлүк жок сыяктанса да, чыныгы революционер-большевик Абдилла Ташбеков өтө чоӊ эрдик кылып, душманга да, өлүмгө да бетме-бет барган. Ошол баатырдыгы жөнүндө ал минтип эскерген:

«Биз барган сайын алдан тайып, басмачылар иче турган сууну да булгап салышты. Айласы куруган Иван Андреевич Шестопалов мени өзүнө чакырып: «Абдилла, сен чабан болгонсуӊ, бул жерди коён жатагынан бери жакшы билесиӊ, жолдор да аян, сага. Баарынан да чыйрак жигитсиӊ. Ошондуктан бизди куткаргын! Кандай жол тапсаӊ ошондой кылгын да, болуп жаткан окуяны Гармга жеткиргин» деп тагдыр чече турган өтө кыйын тапшырма берген. Анан зарыл маалымат жазылган пакетти колума карматты».

Кан-жанында баатырдык дарамети бар Абдилла Ташбеков тагдыр чече турган бул жооптуу тапшырманы аткарууга бел байлап, түн ортосунда басмачыларга билдирбей суунун асты менен агымга каршы сойлоп сепилден эптеп чыгат да, кийимдерин алмаштырыш үчүн үйүн көздөй жөнөйт. Андан соӊ дарыяны бойлоп тоо боорундагы Чобой кыштагында жашаган таанышы Ибрагимдин үйүнө келип, анын атын сурап алат. Тоо текелердин жолу менен 40 чакырым жүрүп, түн ичинде Хаит айылына жетет. Сепилде болгон окуяны тийиштүү адамдарга төкпөй-чачпай айтып түшүндүргөн соӊ ошол замат баш калаа Дүйшөмбүгө телеграф аркылуу кабар берилет. Эр жүрөк Абдилла кыска убакыттын ичинде айыл-кыштактардан 12 мылтык, бир куржун патрон табууга үлгүрүп, ыктыярдуулардан куралган 20 кишилик отрядды басмачыларга каршы согушка баштап кетет. Бул учурда басмачылардын Жерге-Талдагы курчоосу төртүнчү күнгө созулуп, эртеси кар бурганактап жаай баштаган эле.

Ошентип, 24-октябрь күнү Жерге-Талдын үстүндө кызыл канаттуу учак пайда болуп, басмачыларга ок жаадыра баштайт. Контрреволюционерлер ошондо үч тараптан: сепил коргоочуларынын, ыктыярдуу отряддын жана аба чабуулунун кысымында калат. Ачкачылыктан алсыраган коргоочулар куткарылат. Азам басмачы болсо калган-каткан күчтөрү менен кыргыздар жыш отурукташкан Лакшы өрөөнүн көздөй качат. Канкор басмачы төрт айга чейин кыштактардагы элди тоноп, активисттерди, комсомолецтерди, мугалимдерди өлтүрүү үчүн бардык күчүн жумшаган. Бирок анын бул жырткычтыгы көпкө узаган эмес. Арадан төрт ай өткөн соӊ, 1932-жылдын кыш мезгилинде Чоӊ-Алай менен чектешкен Кичи-Карамык кыштагынын жака-белинде колго түшүрүлгөн.

Кадим замандардан бери кыргыздар жашаган Тажикстандын Жерге-Тал районунда совет бийлигин орнотуу мына ушундай салгылашуулар менен аяктаган. Ички душмандардын мыкаачылыгына туруштук берүү жана толук жеӊишке ээ болуу сыймыгы ошо кездеги эр жүрөк кыргыз революционерлер Абдилла Ташбеков жана ошондой эле Балтабай командир менен алгачкы мугалим Турду Мурат сыяктуу баатыр мүнөз жигиттердин ысымына тыгыз байланыштуу.

Башынан ушундай татаал күндөрдү өткөргөн революционер Абдилла Ташбеков өмүрүнүн аягына чейин Лакшы өрөөнүндөгү Байлар-Топ айылында жашап, 94 жашында дүйнөдөн өткөн.

Мирзохалим КАРИМОВ, журналист

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (4)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG