Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:04

«Айтматовдун батасын алганга үлгүрбөй калдым»


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов ааламдан өткөндө, коңшулаш Өзбекстандын Фергана калаасынан Бишкекке атайын келип, улуу калемгерди акыркы сапарга узатуу мааракесине катышкан өзбек калемгери Жахангир Фозилдин эскерүү китепчесиндеги кайгылуу баяндардын бирин сунуштайбыз.

Гуманист жазуучу Жахангир Фозил – Айтматовдун Өзбекстандагы миллиондогон окурмандарынын бири.

…Он биринчи июнь болчу ошол күн. Жумуштан келатып, айылдаштарым менен бир аз маектешип алайын деген ойдо бактын ичиндеги чайканага кирсем, чарпаялардын биринде беш-алты киши аңгемелешип олтурган экен. Каада боюнча ийилип саламдашкандан кийин, алар менин да отуруумду такилип кылышты. Катарларына кошулдум.

Түрдүү жаатта уланган аңгемебиздин учугу Чыӊгыз Айтматовго барып туташты. Чарпаяда чайлашып отургандардын дээрлик баары анын жазган чыгармаларынын маани-маӊызы тууралуу ой-пикирлерин астейдил ортого сала башташты. Айтматовдун дүйнөлүк адабиятта ээлеген орду, чыгармаларындагы каармандар тууралуу ар кимиси билишинче кеп салып жатышканда, маектешибиздин бири оор күрсүнүп, улуу жазуучунун каза болгонун айтты.

Эч нерседен бейкапар отурган баарыбыз суук кабарды укканда, бири-бирибизге суроолуу тиктешип, таштай катып калдык. Мен болсо кулагым тунуп, дене боюм муздап, кол-бутум калтырап кетти. Кудум аба жетишпегендей демигип, жүрөгүмдүн согушу тездеп бараткансыды. Үстүмө тоо кулап түшкөндөй эле болду. Эмне кылаарымды билбей, суук кабарды капилет угузган айылдашыма алдакандай тиктеп:

- Койсоңузчу, маалымат каражаттары бул тууралуу али эч нерсе айта элек го?, – дедим ишенгим келбей.

- Ой, бурадар, бүгүн эртең менен Москва телекөрсөтүүсүнүн жаӊылыктарын карап отуруп, ошондон уктум. Айтматов Германиянын кайсы бир калаасындагы ооруканада дарыланып жаткан экен, 10-июнь күнү ошол ооруканада көз жумуптур. Мейли, ишенбесеңиз барып телевизоруңузду коюңуз, өзүңүз да күбө болосуз, - деди маектешим оңтойсуз абалда калган таризде.

Ошондо мени дагы бир жолу ток ургандай, бутумдун учунан төбө чачыма чейин зыркырап, нес болуп калдым. Чыңгыз аганын Германияда дарыланып жатканынан кабарым бар эле. Демек, маектештин айтканы туура болсо керек…

Ойлонуп калган айылдаштардан кечирим сурап, чарпаядан жерге түштүм да, шашылган бойдон үйгө жөнөдүм. Көздөрүмдөн жаш акпаганы менен, жүрөгүм ыйлап жатты. Бул дүйнөдө мага эми эч нерсе калбагандай үйгө жалгызсырап келдим. Азалуу иш болгонун ата-энеме да билдирдим. Алар да терең улутунуп, алакандарын жая бата кылышты.

Жандарында көпкө тура албай бөлмөгө кирип, дароо телевизорду койдум да, каналды Кыргызстандын программасына бурдум.

Чыңгыз Айтматов тууралуу эскерүүлөр көрсөтүлүп жатыптыр! Көрсөтүүнү каректеримде көлкүлдөгөн жаш менен карап отуруп, дүйнөлүк адабияттын улуу өкүлү Чыңгыз Айтматовдун сөөгү 14-июнь күнү Бишкек шаарынын чет жакасындагы Ата Бейитке коюла турганынан кабардар болдум.

Заманамды тарытып жиберген бул айрылуунун азабы жүрөгүмө тынчтык бербей туруп алды. Түн жарымдан оогонго чейин уктай албадым.

Эртеси эрте туруп, жуунуп-таранган соӊ, жумушка келдим. Кеңсеге киргенден кийин деле бүткүл ой-санаам Чыңгыз агада болду. Оюм онго, санаам санга бөлүнүп отурганда, редакторубуз Атабек ага бөлмөгө кирип келди. Амандашкандан кийин, Чыңгыз аганын ааламдан өтүп кеткени, 14-июнь күнү сөөгү жерге берилери тууралуу айттым. Көрсө, Атабек аке деле мындан кабары жок экен, сабыры суз тартып, алакан жая бата кылды. Саалдан кийин сөөктү узатуу зыйнатына барып катышып келишим үчүн шарт түзүп беришин редакторубуздан сурандым. Ал менин айткандарымды кунт коюп уккандан кийин аябай ыраазы болду.

- Макул, барып келишиӊизге уруксат берем. Ушундай улуу жазуучуну акыркы сапарга узатууга катышуу ар бирибиз үчүн ыйык парз, бул мусулманчылык жагынан да, инсанчылык жагынан да абдан жакшы иш, - деди да, ошол замат жол киремди колума карматты.

Төбөм көккө жетип, жумуштан үйгө келдим. Кечке чейин сапарга камынып, эртеси эрте жолго чыктым. «Достук» чек ара посту аркылуу коңшулаш Ош шаарына тез эле жетип келдим. Автобекетти сурамжылап таап, Бишкекке чейинки жол кирени айдоочу менен келиштим. Ал менден Бишкекке эмне үчүн баратканымды сурады. Мен ферганалык экенимди, Чыңгыз Айтматов менен коштошуп, топурак салуу үчүн келгенимди айттым эле, айдоочу мени кучактап, толкунданып кетти:

- Ушунчалык алыс жерден келатканыӊыз үчүн сизге чоң рахмат. Муну жалпы кыргыз элине болгон урмат деп түшүнөбүз. Эл тээ кадим замандардан бери куда-сөөк, ага-ини, тууган-туушкан болуп келет. Жерибиз бир, суубуз бир, той-тамашабыз, кала берсе кабырстаныбыз да, максаттарыбыз да бир. Биздин Кыргызстанда көптөгөн өзбек туугандар жашаса, Өзбекстанды деле жүз миңдеген кыргыздар байырлайт. Сизге дагы бир жолу рахмат айтам, - деди айдоочу көздөрүнө чайыла түшкөн жашты сүртүп жатып.

Кечке жуук саат алтыларда жолго чыктык. Шериктеримдин бири түрк, калганы кыргыздар. Жол ката Чыңгыз Айтматов тууралуу сүйлөшүп келаттык. Түнү бою тынбай жол жүрүп, эртеси саат жетиде Бишкек шаарына жетип келдик. Машинадан түшүп жатканда айдоочуга ыраазылык билдирип, келишимдеги 1000 сомду узаттым. Бирок ал мага жол киренин эки жүз сомун кайра кайтарып берди.

- Миң сом деп сүйлөшпөдүк беле?, – дедим таңыркап.

- Туура, миң сомго келишкен элек. Ойлоп көрсөм, бул туура эмес болуп калат экен. Сиз бул жакка жөн келген жоксуз, алыскы Ферганадан кыргыз уулуна урмат кылып, топурак салуу үчүн келбедиңизби, - деди айдоочу мага ыраазычылык билдирип. Ичим жылып, алкыш айттым. Анан экөөбүз кадимки бир туугандардай кучакташып коштоштук.

Бишкек шаарынын гүлзарлуу көчөлөрүндө баратып, качандыр бул ажайып жолдо устазыбыз Чыңгыз Айтматов басып жүргөнүн, салкын абасынан кере-кере дем алганын ойлонуп, улуу инсанды көз алдыма келтирдим.

Түркүн дарактуу бул ажайып шаардын көчөсү мени дарыядай агылып бараткан азалуу адамдардын шары менен Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын жанынан алып баратты. Кыргызстандын мамлекеттик желеги төмөн түшүрүлүп, адамдардын баары, бүткүл өлкө аза кайгыга баткан.

Бүткүл адамзат кыргыздын эле эмес, жалпы Түрк ааламынын сыймыгына айланган Чыңгыз ага менен түбөлүк коштошуп жаткан өтө оор учур эле. Жөнөкөй адам эмес, өзүнүн залкар чыгармалары менен адамзаттын арыз-дарманын, кайгы-муңун, жашоо-турмушун ишенимдүү чагылдыра алган улуу калемгер менен коштошуп жаткан. Аттиң, ушундай улуу Адам эми биздин арабызда жок болот. Бул бардыгыбыз үчүн орду толбос оор жоготуу, оор кайгы.

Чыңгыз Айтматовду акыркы сапарга узатуу үчүн туш-туштан агылып келген он миңдеген адамдардын арасында жөнөкөй кишилерден тартып, мамлекет башчылары, таанымал илимпоздор, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, атактуу жазуучулар менен акындар, белгилүү саясатчыларга чейинки инсандар бар эле. Араларында улуу жазуучунун жакындары, чет өлкөлөрдөн атайын келген достору, урматтап жүргөн санаалаштары да ыйлап турушту.

Табытта жаткан устаттын жанынан өтүп баратканымда жүрөгүм катуу туйлап, каректерим жашка толду. Мен аны өмүрүмдө алгачкы жана баарынан өкүнүчтүүсү, акыркы жолу көрүшүм эле. Бир эле учурдагы учурашуу жана коштошуу мен үчүн абдан оор болду! Анткени буга чейин жакшы үмүт, максаттар менен жашап жүргөм. Устаттын касиеттүү колдорун кармап, батасын алам деген тилегим бар эле. Атаганат, бул тилегим эми түбөлүк арман болуп калды.

Чыңгыз ага элдер менен калктарды бириктирген, аларды бири-бирине жакындаштырган, бир сөз менен айтканда динибизге, улутубузга карабай биз баарыбыз Адам Атанын перзенттери экенибизди залкар чыгармалары аркылуу дайыма эскертип турган. Тажия муну дагы бир жолу эске салып турду.

Чыңгыз аганын сөөгү репрессия курмандыгы болгон атасы Төрөкул Айтматовдун кабырынын жанына коюлду. Аларга куран окулган соң ошол эле күнү кечке жуук Ошко жөнөп кеттим. Дабандары көп алыс жолдо үйгө жеткенге чейин азага чырмалган кайгылуу ойлордун туткунунан бошоно албай койдум…

Өзбек тилинен которуп даярдаган: Мирзохалим Каримов

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG