Линктер

жекшемби, 22-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:21

«Өзбек элинин улуу жана ардактуу досу»


Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстанда кыргыз элинин дүйнөлүк улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун китеби эң сонун шөкөттөлүп 50 басма табак көлөмүндө 5000 нускада жарык көрдү.

Ага өзбек элинин таанымал адабиятчысы жана котормочу Асил Рашидов тарабынан ширин тил менен мыкты которулган «Бетме-бет», «Жамийла», «Кызыл жоолук жалжалым», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Ботокөз булак», «Гүлсарат», «Ак кеме», «Эрте келген турналар», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» аттуу повесттери кирди. Мындан тышкары белгилүү адабиятчы аалым Вафо Файзулохтун жазуучунун өмүрүн, чыгармачылыгын кенен чагылдырган көлөмдүү макаласы да киргизилген. Китепте Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин «Өзбек калкынын ыйык жана ардактуу досу» деген мазмундуу баш сөзү да бар. Чыңгыз Айтматовду терең урмат кылган жана чыгармаларын жан дили менен сүйүп окуган өзбек президентинин китептин бет ачарындагы айрым жалындуу сөздөрүн кыргыз-өзбек элдеринин ынтымагынын бекемделе беришине тилектештик катары окурмандарга сунуш кылабыз.

Дүйнөлүк атакка ээ болгон ишмер Чыңгыз Айтматовдун Өзбекстанда китептери кирип барбаган бир да үй-бүлөнү, анын терең мазмундуу повесттери менен романдарын окубаган жана алар боюнча тартылган кинотасмаларды көрбөгөн бир да кишини табуу кыйын десек адашпайбыз. Ал жалаң кыргыз калкы үчүн эмес, азыркы учурда бүткүл түрк элдери, анын ичинде өзбек эли үчүн да азиз, сүйүктүү адам десек, бул дагы акыйкат сөз болот.

Чыңгыз Айтматов өзбек калкынын, Өзбекстандын ыйык, ардактуу досу болчу. Биз бул ойчул жазуучунун: «Тарыхта Византия славян калктарынын ортосунда маданият таратууда кандай роль ойногон болсо, өзбектер да Борбор Азия мамлекеттерине дал ошондой роль ойногон» деген бийик баасын ар дайым ыраазылык менен эстейбиз.

Бийик таланттын ээси болгон бул улуу инсан эки боордош элди бирдей көрүп, чын жүрөктөн сүйгөн. Анын: «Мен үчүн өзбектер жана кыргыздар бир калк. Бул – менин калкым», деп, алардын тынчтыгы жана амандыгы, келечеги жана гүлдөп өсүшү, ынтымагы жана дос болуп жашоосу үчүн үй-бүлөлөрүбүздү, перзенттерибизди ар кандай жамандыктардан жана карама-каршылыктардан асырап сактоо жолунда ар дайым жан күйдүрүп, үлгүлүү ишмердик жүргүзгөнү бардыгыбызга маалым.

Чыңгыз Айтматов мурдагы тоталитардык жараксыз түзүмдүн алгачкы жылдарында өзбек калкынын башына түшкөн «пахта иши», «өзбек иши» деген адилетсиз жалаа жана күнөөлөрдөн калкыбыз менен кошо күйгөн, күйүнгөн, мурдагы союздун бийик трибуналарунан туруп Өзбекстандын таза наамын акташ үчүн күрөшкөн. 1990-жылы тутанган Ош окуяларындагы чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүдө да мамлекеттик жана коомдук таанымал ишмерлердин катарында Чыңгыз Айтматовдун кошкон салымы чоң болгонун биз эч качан унутпайбыз.

Чыңгыз Айтматов өзбек адабиятынын Шароф Рашидов, Саид Ахмад, Аскад Мухтар, Адыл Якубов, Пиримкул Кадыров, Шукрулло, Түлөберген Каипбергенов, Эркин Вахидов, Абдулла Арипов сыяктуу атактуу өкүлдөрү менен жакын дос жана чыгармачылык тыгыз байланышта болгону жаш жазуучуларыбыз үчүн эң сонун үлгү болуп кала берет.

Улуу жазуучунун чыгармалары эң көп которулган жана басылып чыгарылган мамлекеттердин арасында Өзбекстан башкы орундардын бирин ээлей турганын өзүнчө белгилеп айтуу зарыл. Алыска көз чаптырбай, кийинки эле үч-төрт жылдык мезгилди алып карай турган болсок, республикабыздын басмаларында атактуу жазуучунун «Тоолор кулаганда», «Кыямат», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт», «Эрте келген турналар», «Жамийла», «Бетме-бет», «Ак кеме», «Кылым карытар күн», «Таңдалган чыгармалар» аттуу китептери басылып чыгарылды. 2015-жылы жазуучунун алты томдук «Чыгармалардын толук жыйнагы» басылып чыгарылганы өзбек окурмандары үчүн чындыгында абдан баалуу белек болду. Бул котормолор Асил Рашидов, Ибрахим Гафуров, Сүйүн Караев сыяктуу мыкты котормочуларыбыз тарабынан жогорку чеберчиликте жүзөгө ашырылган.

Өлкөбүздө Чыңгыз Айтматовдун өмүрүн жана чыгармачылыгын ар тараптан изилдөө маселеси да адабиятчы аалымдарыбыздын көңүл борборунда ар дайым болуп келатат. Өткөн мезгилдин аралыгында бул багытта олуттуу илимий иштердин жүргүзүлгөнү, ири монографиялар менен изилдөөлөр жарыяланганы Өзбекстанда өзүнө таандык «Айтматов таануу мектеби» калыптанганынан кабар берип турат.

Чыңгыз Айтматовдун калктарыбыздын ортосунда тынчтыкты жана тилектештикти сактоо, өз ара достукту жана ынтымакты бекемдөө, улуттук адабияттарыбызды жана маданий алакаларыбызды өнүктүрүү жаатына кошкон эбегейсиз чоң салымы үчүн Өзбек Республикасынын жогорку сыйлыгы – «Сиңирген чоң эмгектери үчүн» ордени менен сыйланганын сыймык менен эстеп жүрөбүз.

Өзбек жана кыргыз калктарынын жүрөгүнүн түпкүрүнөн түнөк алган, дүйнөдөгү миллиондогон күйөрмандары сыяктуу мага да өтө сүйүктүү жана ардактуу жазуучум болуп калган Чыңгыз Айтматовдун өз эне тилибизде басылып чыгарылган жаңы китебин окурмандарга тартуу кылууну өзүм үчүн сыймык деп эсептейм. Бул китеп өзбек калкынын боордош Кыргызстандын калкына, анын бай тарыхы менен маданиятына, жаркын келечегине болгон терең урматы жана ишеничинин дагы бир айкын үлгүсү болуп саналат.

Өзбек тилинен которуп даярдаган жазуучу Мирзохалим КАРИМОВ

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (16)

XS
SM
MD
LG