Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Кыргыз таануу: Кош мухиттин академиясын түптөө - жалпы милдет


Манасчы Саякбай Каралаев (оңдо) менен Чыңгыз Айтматов.
Манасчы Саякбай Каралаев (оңдо) менен Чыңгыз Айтматов.

Бишкекте «"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» аттуу илимий-агартуу мекемесинин расмий ачылышы үчүн акыркы камылгалар жүрүп жатат. Бул жаңы академиянын турпаты жаатында тарыхчынын блогу.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков быйыл 31-январда (үчтүн айынын 31инде) кол койгон жарлыкка жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы (кулжанын 3үндөгү) № 275 токтомуна ылайык, өлкөдө «"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» деп аталган жаңы мамлекеттик мекеме түзүлгөнү тууралуу калайык дурус кабардар.

Бул мекеменин президенти болуп Топчубек Тургуналиев, вице-президенти болуп маркум Чыңгыз Айтматовдун кенже уулу Элдар Айтматов дайындалган. Эгерде Топчубек Тургуналиев буга чейин Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине караштуу Манас таануу институтун жигердүү жетектеп келсе, Элдар Айтматов болсо Айтматов таануу жаатында, асыресе, залкар жазуучунун үй-музейин уюштуруу боюнча бир катар алгылыктуу коомдук иш-чараларды уюштургандыгы менен маалым.

Жаңы илимий-чыгармачыл уюмдун телчигишине салым кошкон дагы бир жетекчилердин бири - белгилүү тарыхчы, профессор Ташманбет Кененсариев. Ал буга чейин ОшМУнун биринчи проректору, ОшМУ ректорунун милдетин аткаруучу, Жалал-Абад МУнун ректору, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын проректору, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын профессору, И.Арабаев атындагы КМУнун профессору сыяктуу кызматтарды аркалап келген. Ал Ош шаарынын шарттуу 3000 жылдык мааракесине байланыштуу бир нече эл аралык илимий жыйынды натыйжалуу уюштургандыгы менен да маалым.

Бул илимий мекемени уюштуруу маалында коомчулукта ар кыл пикирлер айтылып келди. Маселен, «өлкө каржылык кыйынчылыкты баштан кечирип жаткан азыркы маалда ыксыз чыгымдардан качып, бул институттардын жүгүн мурдагыдай эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтуна жүктөп койсо деле болмок» деген жүйөөлүү сын пикирлер болду.

Арийне, «Манас» үчилтигин 2013-жылы ЮНЕСКОдо дүйнөлүк мурастардын тизмесине каттаткандан бери «Кыргызстан көп жылдан берки камылгаларды жыйынтыктап, атайын «Манас» таануу академиясын уюштуруп жаткандыгы - алгылыктуу кадам» деп бул иш-чараны кубаттоого алгандар да аз эмес.

Ал эми Айтматов таануу аркылуу кыргыз адабиятынын заманбап туу чокусу болгон жазуучунун гана өмүрү, чыгармачылыгы эмес, кыргыз адабиятынын ийгиликтери да комплекстүү таразаланарында шек жок.

Бул эки мухитти - «Манас» таануу менен Айтматов таанууну бир мекеменин алкагына сыйдыруу, балким, жогоруда эскерилгендей, ыксыз каржылык чыгымдардан качуу далалатынын мөмөсү болгондур. Муну борбор шаарыбыз Бишкекте бир эле көчөнү (мурдагы бирдиктүү Белинский көчөсүн) Манас менен Айтматовдун атына койгон окуя менен чаташтырбаш керектир?

Дүйнөдө тигил же бул өлкөдөгү орчундуу маданий баалуулуктарды жана жетишкендиктерди атайын изилдеген илимий жана агартуучу институттар буга чейин эле түзүлүп келген. Германиядагы Гёте институту, Кытайдагы Конфуций институту, Орусиядагы Пушкин институту жана башка мекемелер жөнүндө окурмандар дурус кабардар.

Эгерде эгемен кыргыз мамлекетинде уюштурулбаса, анда деги «Манас» таануу жана Айтматов таануу илимий-агартуу мекемеси каякта негизделмек эле?

Анын үстүнө дал ушул эки өзөктүү илимий тармак КР УИАсынын Тил жана адабият институтунда үстөмдүк кылып калганда, башка да кыргыз тилине жана адабиятына байланыштуу түпкүлүктүү маселелерге азыркы өп-чап каржылоо заманында азыраак көңүл бөлүнүп калгандыгы деле жашыруун эмес. Учурда КР УИАсындагы бул институтта руна сымал жазманы, араб жазмасын жана башка жазмаларды иликтеген, Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгаринин чыгармаларын түп нускасында окуй алган жаш адистер барбы? Чагатай жазмасындагы чыгармаларды изилдөө жаатында качанкыга чейин Омор Сооронов сыяктуу аксакалдардын гана колун карашыбыз керек? Анын жолун улантчу кайсы жаштар бар? Кыргыз тилинин маселелерин иликтеген тармакка кандайча көңүл бурулууда?

Балким, учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эмгектенип жаткан Нурдин Усеев, Кайрат Белек сыяктуу булак таануучу жаш адистерди бир эле учурда Улуттук академияга ишке тартуу керектир? (Алыс барбай эле, академия менен университет эриш-аркак иш алып барган Орусиянын академиясынын Новосибирск шаарындагы Шибер бөлүмүн өрнөк кылып алсак болот).

Демек, КР УИАсынын Тил жана адабият институтунда азыркы тапта да Манас» таануу жана Айтматов таануу маселелеринен тышкары аткарылып жаткан жана аткарылууга тийиш болгон милдеттер арбын.

Баамыбызда, жаңы түзүлүп жаткан «Манас» таануу жана Айтматов таануу академиясы жалаң гана тилчи, адабиятчы, фольклор таануучу адистер менен чектелбейт. Бул академияга философтор, тарыхчылар, котормо устаттары, агартуучулар, музыка таануучулар, көркөм өнөр өкүлдөрү тартылышы керек (маселен, «таранчы сойсо да, касапчы сойсун» дегендей, Теодор Герцендин «Манастагы» кейипкерлерди чагылдырышы жана Айтматовдун чыгармаларынын көркөм өнөрдө чагылдырылышы маселесин көркөм өнөр таануу адистери тарыхчыдан же тилчиден мыкты изилдешет эмеспи).

Ар кыл илимий тармактардын өз ара чиеленишкен маселелерин иликтеген, бир гана илимий тармакка сыйбай турган комплекстүү иш алып барчу полиглот жаш адистер бул жаңы академияга аба менен суудай керек.

Жаңы академияга Бишкек шаарынын Исхак Раззаков көчөсүндөгү 8/1, 8/2 дарегиндеги мамлекеттик имараттар өткөрүлүп берилип, алар шашылыш оңдолууда.

Бул илимий-агартуу мекемеси жалаң гана илимий иш-аракет менен чектелбестен, келечекте магистратура, аспирантура, докторатура жаатында да иш алып барышы керектир? Ушул багытта дагы эле кайчы пикирлер айтылып келет. Менимче, бул академияга бакалавр деңгээлинде студенттерди окутууга али эрте.

Адистерди кеңири багытта даярдаш үчүн, болочок «Манас» таануучу жана Айтматов таануучу адистерге бир эле учурда түркология, Чыгыш таануу, чөлкөм таануу, маалымат технологиясы жаатында даярдай тургандай кошумча дарстарды кошуп, бир нече түрк тилдерин салыштырма үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн жаратып, айтор, бул академиянын болочок илимпоз тарбиялануучулары тар кесиптин гана ээси эмес, кеңири мүмкүнчүлүккө ээ гуманитардык кесиптин да ээси болушуна жетишүү абзел.

Дарыгерлер тууралуу эски азил эске түштү. «Эмнеге келген кардарлардын бардыгынын тишин шарт эле сууруп салып жатасың?» десе, бир тиш доктур айтыптыр: «Тишти суурбай дарылаган сабактарга жарытылуу катышчу эмесмин».

Анын сыңарындай, бул академия «чү» дегенде эле тар багытка чидерленип калбастан, ар тараптуу болуп, башынан эле Интернет жана башка маалымат технологиясынын артыкчылыктарына ыңгайлашып, Улуттук илимдер академиясы, жер-жерлердеги илимий институттар, агартуу мекемелери, музейлер, Мамлекеттик тил комиссиясы, «Мурас» фонду сыяктуу шериктер менен тыгыз иш алып барган данакер мекеме болушу абзел. Интернет жана компүтер (эсепкер) менен азырынча башын оорута элек жана бир гана тилди билген адистерге бул заманбап жайда эч орун болбоого тийиш. Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү ар бир илимпоз адис бул академиянын болочок онлайн китепканасынын казынасынан пайдаланышы үчүн Интернетке байланыштуу камылга иштери бир нече жылды өзүнө алаары шексиз.

Бул академия «Манас» таануу жана Айтматов таануу илимий тармактарынын жетишкендиктерин кыргыз тилинде үч алфавитте (кирил, латын жана КЭРдеги Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун арап алфавитинде), ошондой эле англис, орус, түрк, кытай сыяктуу чет тилдерде таркатууга жөндөмдүү интернет-барагын негиздеши талапка ылайык.

(Кытайда Шинжаң «Манас» изилдөө борбору бир нече жыл илгери «manas.cc» деген интернет-баракты өзгөчө байсалдуу баштаган. Бул барактагы тексттер кыргыз тилинде араб жана кирилл жазмаларында жайгаштырылчу. Аны негиздөөгө үрүмчүлүк профессор Мамбеттурду Мамбетакун опол тоодой эмгек сиңирген. Кейиштүүсү, 2017-жылдын соңуна тартып бул интернет-барак бизге белгисиз себептер менен жабылып калды. Бирок бул интернет-барак өтө ийгиликтүү коомдук тажрыйба катары заманбап тарыхта ар дайым айтыла жүрөрүндө эч шек жок.

Ал эми Бахтияр Шаршеев деген жаш замандашыбыздын мээнети менен «qyrgyz.com« деген интернет-барак түзүлүп, кыргыздын кирилл жана латын алфавиттеринин шайкештиги жаатында үгүт жүргүзө баштады. Латын алфавитин тартипке салуу жаатында түрколог Гүлзура Жумакунова да өз сунушун киргизди. Бул илимий көч акыры «Манас» таануу жана Айтматов таануу академиясын да өзүнө камтый тургандыгында шек жок. Азыркы дүйнөлөшүү жүрүмү маалында академиянын жаратмандык мөмөлөрү бир гана алфавиттеги жарыялар менен чектелип калбашы абзел.

Бул жаңы академия –– жөн гана аткаминерлер жыйылып алчу жай эмес. Албетте, башкаруу адистери (менежерлер) керек, бирок жамааттын басымдуу көпчүлүгүн таланттуу илимпоздор жана агартуучулар түзүшү абзел, кызмат орундары да ошого ылайык түзүлүшү зарыл. Академия илимдеги кайчы пикирлердин да чордону, эркин ой жүгүртүүнүн майданы болууга тийиш.

«Туулганына эмес, тураарына сүйүн» деген накыл кеп бар эмеспи.

Бул академиянын телчигип кетиши – анда иштей тургандардын гана эмес, жалпы улутубуздун билгилеринин орток милдети.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG