Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Мамлекет баалабаган манасчылык


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте залкар манасчыларды эскерүү кечеси өттү. Иш-чарага манасчылар, манас таануучулар, студенттер, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү катышты.

Жыйын учурунда «Манас» таануу багытында изилдөө иштери начар жүрүп жатканы, азыркы манасчылардын чыгармачылыгы иликтенбей, улуу өнөрдү алып жүргөн таланттар мамлекет тарабынан колдоого алынбай жүргөнү айтылды.

Бул иш-чара залкар манасчылар Балык Кумар уулунун 220, Жаңыбай Кожек уулунун 150, Молдобасан Мусулманкуловдун 135, Саякбай Каралаевдин 125, Уркаш Мамбеталиевдин 85 жылдыгына арналды.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев жыл сайын 17-сентябрь - манасчыларды эскерүү күнү катары салтка айланып баратканын айтып, буларга токтолду:

Кайрат Иманалиев.
Кайрат Иманалиев.

«4-декабрь «"Манас" эпосун коргоо жөнүндө» мыйзамыбызга байланыштуу "Манас күнү" белгиленип келет. "Комуз күнүбүз" да быйыл биринчи жолу майрам болуп белгиленди. "Салттуу музыка" күнү белгиленип жатат. Манасчыларды эскерүү күнү - биз үчүн ыйык күн. Анткени манасчылар биздин руханий пайгамбарларыбыздай болуп элибизди жакшылыкка үндөп, ар-намысыбызды ойготуп, улут катары калыптандырып, бүгүнкү күнгө жеткирген десек болот».

Иманалиев бул жолу эскерилип жаткан беш адам манасчылык өнөрдүн туу чокусунда турарын кеп кылып, алардын атын даңазалоо боюнча өкмөттүк бир нече иш-чаралар бекитилгенин кошумчалады.

Бул темада Мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлү Аалы Молдоканов кеп козгоп, кыргыз коомунда «Манас» темасы көп сөз болгону менен, адатта ал жөнүндө өткөн иш-чараларга катышкандар аз болоруна, илимий чөйрөдө бул теманы тыкыр изилдеген окумуштуулар жокко эсе экенине кейиди:

Аалы Молдоканов.
Аалы Молдоканов.

«"Манастын" текстин изилдеп жүргөн мурдагы окумуштуулардын көзү өтүп кетти. Кийинкилерден "Манасты" көбүрөк кеп кылганыбыз менен бул теманы колго алып, анын артынан түшкөндөрүбүз жокко эсе. Замандаш манасчылардын чыкканы жакшы болду. Бирок алар эмнени айтып жатат? Жаттап алып айтып жүрөбү? Же өздөрүнүн кошумчалары барбы? Муну деле салыштырып изилдеп жаткан эч ким байкалбайт».

Молдоканов ага болбой эле учурда бул теманы көрүнгөн жерде көтөрө чаап кеп кылып, ал тургай андагы каармандардын атын арак-шараптан бери койгондор чыкканын сынга алды. Ал ушу тапта Бишкек шаарынын атын Манас деп өзгөртүү боюнча демилге көтөрүлүп жатканын, залкар манасчылардын мааракелери көбүнчө шоу түрүндө өтүп, терең маани берилбей жатканын сындады.

Бүгүнкү манасчыларды изилдеп жүргөн фольклор таануучу Чолпон Субакожоеванын пикиринде, Молдоканов айтып жаткан сын-пикирлердин негизги себеби - мамлекет тарабынан азыркы манасчыларга жасалып жаткан кайдыгер мамиленин жыйынтыгы.

Чолпон Субакожоева.
Чолпон Субакожоева.

«Бизде "Манас" жөнүндө мыйзам болсо да, Манас академиясы уюштурулса да улуу эпосубуз дүйнөлүк деңгээлге чыкпай келет, - деди ал. - Мисалы, Кытайда бүгүнкү күндө 81 манасчы мамлекеттик деңгээлде "манасчы" деген статус алып, кадимкидей маяна алат. Кыргызстанда эки манасчы гана атайын штатта иштеп айлык алат. Алардын бири - Камил Мамадалиев, "Манас-Ордо" комплексинин манасчысы. Экинчиси - Улуттук филармониянын манасчысы Самат Көчөрбаев».

Субакожоева 1995-жылы Кыргызстанда дүңгүрөтө өткөрүлгөн «Манас-1000» мааракесинин алкагында өткөн манасчылар сынагында баш байге алган Назаркул Сейдрахманов бүгүнкү күндө болгону үч миң сом пенсия менен жашап жатканын, ошол эле учурда мамлекет эч кандай ийгиликке жетише элек топ тепкен спортчуларга айына беш миң сом стипендия төлөп турарын кошумчалады.

Манасчы Рысбай Исаков бүгүнкү күндө Балык Кумар уулу, Жаңыбай Кожек уулу, Молдобасан Мусулманкулов, Саякбай Каралаев, Уркаш Мамбеталиев сындуу манасчылардын мааракесин өткөрүп туруу бул өнөрдү даңазалоо экенин айтып, мамлекеттин азыркы манасчыларга болгон камкордугу тууралуу кеп кылды:

Рысбай Исаков.
Рысбай Исаков.

«Бул маселе далай жолу айтылган. Маданият министрлигинде да көтөрүлгөн. Учурунда өкмөт башчылардын деңгээлинде көтөрүлүп, убада берилип, бирок ишке ашпай калган. Бул эми азыркы бийлик башындагылар да ойлоно турган маселе».

«Манас» эпосу жөнүндө мыйзам 2011-жылдын 9-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, ага ошол эле жылдын 28-июнунда президент кол койгон. Мыйзамдын негизги максаты «Манас» эпосун сактоо жана анын кадыр-баркын көтөрүү, коргоо жана манас таануучуларды эпосту алып жүрүүчүлөр болгон манасчыларды мамлекеттик колдоо болору айтылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG