Линктер

ишемби, 23-март, 2019 Бишкек убактысы 16:32

Кол жазмалар фонду жаңы форматка өттү


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук илимдер академиясында сакталган кол жазмалар фондунун 80 пайызы санариптешти. Эми аларды Интернеттен таап окуса болот.

Бул долбоордун алкагында жакында «Эл адабияты» сериясынын 40 томдугу жана «Классикалык изилдөөлөр» сериясынын эки томдугу китеп болуп басылып чыкты. Деген менен Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери Омор Сооронов ал иш-аракеттердин алкагында Кол жазмалар фондуна алешемдик менен мамиле жасалып жатканын айтат.

Кыргыз улуттук илимдер академиясында кыргыз элинин тарых, маданият, адабият, салт-санаа, рух ж. б. турмушун чагылдырган уникалдуу казына – кол жазма фонду бар. 2015-жылы ал казынаны 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программага бөлүнгөн каражаттын эсебинин санариптештирүү башталган.

Акыркы жылдарда бул иш-аракеттин алкагында бир нече томдогон китептер жарык көрүп келет. Бирок Кол жазмалар фондун ичинен билген илимпоз Омор Соороновдун пикиринде, учурда бул жумуштар сапатсыз бүтүп жатат.

Омор Сооронов.
Омор Сооронов.

«Кол жазмалардын тегерегинде жүргөн иштерди менден сурашса мен аны чампаламай иштер жүрүп жатат деп айтат элем. Чампалаган да жеңил сөз болуп калат экен. Шашып жасалды. «Кырк томдук» деп илгери чыгып келген китептерди кайра эле чыгарып жатабыз да. Арабча, латынча, ал тургай колу окуганга түшүнүксүз жазылган мурастарды окубай, өздөрүнө ылайыктууларын гана бөлүп алып бир том, эки том кылып чыгарып жатышат», - деди ал.

​Илимдер академиясы «Эл адабияты» сериясында басып чыгарган 40 томдукта «Манас» эпосуна байланыштуу эмгектер, фольклордун проблемаларына арналган материалдар, акындар чыгармачылыгына байланыштуу жана кесипкөй адабиятка тийиштүү изилдөөлөр бар. Бардык кенже эпостор жана жети облустан чогултулган фольклордук материалдар да киргизилген. Илимпоз Омор Сооронов басылмадагы айрым бөлүктөр сабатсыз түзүлгөн деген ойдо.

«Билеби же билбейби эптеп тамга тааныгандар болсо эле кол жазмага кирише беришкен. Анан алар ар жеринен чукуп алып чогултуп беришкен. Мен акыры «облустардан жыйналган кол жазмаларды чыгарабыз» дешкенде кошулбай койдум. Ой, аны деген тандап алып же башынан баштап эч кимди калтырбай академиялык басылмадай кылып баарын чыгарыш керек да! Ар жерден чапчып алып чыгарганга болбойт. Ал үчүн атайын адистер иштеши керек», - дейт окумуштуу.

Аталган томдуктарды түзүүгө катышкан адис Разия Сырдыбаева Соороновдун мындай пикирине кошулбайт. Ал тескерисинче акыркы жылдары Кол жазмалар фондун дүйнөлүк электрондук системага киргизүү аракети ийгиликтүү жүрүп жатканын белгилеп, айрым жанрлардын кайсы бир бөлүктөрүн китеп кылып бастыруу анын бир гана салаасы экенин айтты:

Разия Сырдыбаева.
Разия Сырдыбаева.

«Бул таптакыр жоголгус нерсе. Ал материалдардын бир нече түрдө көчүрмөлөрү бар. Түп нускасы, кириллицага көчүрүлгөнү, компьютерге терилгени турат. Сканерленген электрондук версия деген бул түбөлүк оокат да. Албетте, анын баарын китепке батырууга мүмкүн эмес. Китептин форматы, көлөмү бар дегендей. Бирок эң негизгиси - баары сакталып тургандан кийин аларды акырындап толуктап китеп кылып бастыруу иштери жүрө берет».

Сырдыбаева учурда фонотекада магниттик лентага жазылып калган ыр-күүлөрдү санариптештирүүнү тездетүү зарыл экенин, алардын сапаты жылдан-жылга начарлап баратканын кошумчалады.

Илимдер академиясынын Кол жазмалар фондунун жетекчиси Асел Исаева бүгүнкү тапта калк казынасынын 80 пайызы санариптешип бүткөнүн, алар негизинен «Манас» эпосунун бардык варианттары, эски китептер экенин билдирди:

Чоң манасчылардын баарынын эле айткандары, жазып калтыргандары китеп болуп чыкты. Албетте, айрым гана бөлүктөр китепке кирген жок.

«Ооба, азыр бизде фольклор боюнча али жарыялана элек материалдар көп. «Манас» эпосунун көлөмдүү варианттарынын дээрлик баары жарык көрдү деп айтсак болот. Менимче, бул эпос жыйырма аталышта жарык көрдү. Чоң манасчылардын баарынын эле айткандары, жазып калтыргандары китеп болуп чыкты. Албетте, айрым гана бөлүктөр китепке кирген жок. Мына бул текчеде белгисиз манасчылардын варианттары сакталып турат. Алар да басылып чыга элек. Жарыялана элек фольклордук чыгармалар да бар».

Исаева кыргыз, араб, перс, чагатай тилдеринде санариптешкен кол жазмалардын электрондук варианты учурда Интернетке жайгаштырылып, Дүйнөлүк китепканалар тутумунда каттоого киргенин кошумчалады.

Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фонду 1922-жылы түптөлгөн. Ал жерде өткөн кылымдын 90-жылдарына чейин тынымсыз топтолуп келген өтө чоң көлөмдө жазма, аудио жана видео материалдар бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG