Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Мамлекеттик маалыматтык дата-борбору түзүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылынын алкагында алдыдагы төрт жылда 250гө жакын иш-чараны жүзөгө ашыруу пландалууда.

Анын ичинен 2019-жылы 94 иш-чараны аткаруу керек, алардын 43ү инфраструктуралык долбоорлор болуп саналат. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди. Анын “Азаттык” радиосуна айтымында, мамлекеттик дата-борбор түзүлөт.

- 2019-жылы аткарыла турган 94 иш-чара бар. Алардын жарымы техникалык, жарымы укуктук актылар. Ага “Digital CASA” инфраструктуралык долбоору, санариптик платформалар кирет. Буга Интернетти жеткирүү, кеңейтүү жана сапатын жакшыртуу да кирет. Бул чоң долбоор, анын ичинде j-net, a-cloud деген бар. Бул дата-борбор дегенди билгизет. Тагыраагы электрондук маалыматтарды сактачу мамлекеттик дата-борбор болот.

22-февралда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйынын өткөрдү. Анда аймактык саясат жана санариптик трансформациялоо концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча Жол картасын ишке ашырууга байланыштуу маселелер каралды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG