Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Жаңы академиядагы келишпестик


Манасчы Саякбай Каралаев жана жазуучу Чыңгыз Айтматов (солдо).
Манасчы Саякбай Каралаев жана жазуучу Чыңгыз Айтматов (солдо).

Манас жана Айтматов академиясы тиешелүү каражат, атайын имарат бөлүнгөнүнө карабай өз ишин баштай албай жатат. Буга академияны уюштурууга бөлүнгөн каражаттын реалдуу талаптарга шайкеш эместиги жана академиянын жетекчилик ордуна байланышкан кызмат талаш себеп болуп жатканы айтылууда.

"Манас таануу" институтунун негиздөөчүсү жана директору Топчубек Тургуналиев Манас академиясын түзүү демилгесин көтөрүп келгенин, аны президент Сооронбай Жээнбеков колдоп, бирок өкмөт президенттин жарлыгын ишке ашырууну кечеңдетип жатканын айтууда.

Топчубек Тургуналиев
Топчубек Тургуналиев

«Иш баштала элек. Баары кагаз жүзүндө калууда. Кагаздагы долбоорлор да талкаланып жатат. Биз президенттик аппаратка даярдап берген устав өзгөрүп, чыгармачыл адамдардын санын, алардын айлыгын көрсөткөн долбоорубузду өзгөртүп салышыптыр. Башкы адис, бөлүм башчыга 9 миң сом маяна белгилептир. Академияга эң мыкты адистерди 9 миң сомго тартканга болобу?».

Тургуналиев өзү сунуштаган долбоордо академияда 46 киши иштей турганы, алардын маянасына, имаратты кармап турганга, илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөнгө, Ысык-Көл эл аралык форумун өткөрүүгө жана башка чыгымдарга жалпысы 75 миллион сом көрсөтүлгөнүн айтты.

Бирок өкмөт бул долбоорду карап чыгып, 36 адистин кызмат ордун бекитип, академия сураган жылдык бюджетти үч эсе, тактап айтканга 25 миллион сомго кыскарткан.

Тургуналиев Манастын, Айтматовдун ысымы менен уюштурулган академияга өтө көп каражат керектигин, 25 миллион сом анын муктаждыгын канааттандырбай турганын кошумчалады.

Ал ортодо Манас жана Айтматов академиясынын жетекчилик орду талашка түшүп, бул кызматка Топчубек Тургуналиев менен кошо Улуттук илимдер академиясындагы Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият таануу институтунун директору Абдылдажан Акматалиев, адабиятчы, мамлекеттик жана коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов баштаган белгилүү коомдук ишмерлер, окумуштуулар аракет жасап жатканы айтыла баштады.

Осмонакун Ибраимов эч кандай кызматка аракет кылбаганын, анын талапкерлигин парламенттин айрым депутаттары, мурдагы өкмөт башчылар, таанымал коомдук ишмерлер, Эл баатырлары сунуш кылып, тиешелүү бийликке кайрылуу кат жазышканын айтты:

Осмонакун Ибраимов
Осмонакун Ибраимов

«Манас менен Айтматовду сүйлөп отуруп башка дүйнөбүз сыртта калып калбаса экен. 20-кылымдагы опера жана балет, театр, скульптура, кино, музыка, сүрөт өнөрү бар. Буларды айтсак сөз көп. Аларды да изилдешибиз керек. Булардын да жакшысын жакшы деп ылгап албасак болбойт. Эки улуу көркөм мурасты гана ойлоп отуруп, башкаларды унутпайлы деген ниет».

Манас жана Айтматов академиясын түзүү жарлыгы “Манас” эпосун, кыргыз элинин эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөөнү максат кылат.

Белгилүү публицист, адабиятчы Эсенбай Нурушев Манас менен Айтматовду азыркы замандын өңүтүндө изилдей турган болсо, көптөгөн жаңылыктар чыгарын, бирок улуттук илимде заманбап Манас таануучулар, Айтматов таануучулар жокко эсе экенин айтып, академия эмне үчүн түзүлүп-түзүлбөй урачудай болуп турганын мындайча түшүндүрдү:

Эсенбай Нурушев
Эсенбай Нурушев

​«Менин жеке көз карашымда указ туура эмес болуп калган. Себеби Улуттук илимдер академиясында Айтматов атындагы тил жана адабият институту бар. Манасты да ошол жерден изилдеп, китеп кылып чыгарып жатышат. Айтматовду да ошол жерден изилдешет. Алар турганда жаңы институт ачкан туура эмес. Андан көрө экөөнү кошуп коюшса болмок да. Тил жана адабият институтун негиз кылып алып эле, анын базасын кеңейтип, кызматкерлерди алып, Манасты, Айтматовду ошончолук эле изилдеп, дүйнөгө жайылтам деген кишилер болсо ошолорду жумушка алышса болмок. Антпесе эки институт болуп калып жатпайбы. Анда Тил жана адабият институтун жоюш керек. Кыргызда өлө элек аюунун талпагын талашкандар көп болот».

Нурушев Манас таануучумун деп жүргөндөрдүн көбү "Манас" эпосун окубаганын, академияга бул багытта сабаттуу адистерди табуу да кыйын экенин кошумчалады.

«Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясын түзүү жөнүндө жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 31-январда кол койгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG