Линктер

жекшемби, 16-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 23:12

"Манас" күнү, маданий дөөлөт маселеси


"Манас" спектакли.

2013-жылдын 4-декабрында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын" тизмесине кирген. Ушундан улам 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь “Манас” эпосунун күнү деп жарыяланган.

ЮНЕСКО 1997-жылдан тартып жалпы адамзат үчүн баалуу деп эсептелген табигый жана колдон чыккан объектилерди аныктоо боюнча иш жүргүзүп келет. 2003-жылдан баштап аталган уюм ар кыл маданияттын материалдык эмес мурасын сактоо жаатында иш алып барат. Учурда ЮНЕСКОнун алдында эки комитет бар. Алардын бири - дүйнөлүк материалдык эмес байлыкты каттоо комитети.

ЮНЕСКОнун тизмесине 2009-жылы Кыргызстандан биринчи жолу Сулайман-Тоо комплекси кирген. 2012-жылы кийизден жасалган кыргыз шырдагы менен ала кийизи катталган. Финляндия ал тизмеге 2019-жылы финндердин саунага түшүү салтын, 2020-жылы улуттук музыкалык аспабын киргизүүнү пландап жатат. Андыктан адистер "Манас" эпосу ага чейин эле Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кыргыз көркөм мурасы катары таанылганын эске ала жүрүш керек деп эсептешет. Бул тууралуу мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев кеп салды:

Султан Раев.
Султан Раев.

- 1995-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясында 120га жакын мамлекет "Манас" эпосун “кыргыздын руханий мурасы” деп жарыялаган. Ага байланыштуу биз “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын өткөргөнбүз. Андыктан бир маселени эске алып жүргөнүбүз оң. Албетте, "Манас" үчилтиги ЮНЕСКОнун тизмесине катталганы жакшы. Бирок биз "Манас" эпосу БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан "кыргыз элинин рухий мурасы" деп жарыяланганын эч качан унутпашыбыз керек. Биз көбүнчө ушул маалыматка анча көңүл бурбай келебиз. БУУнун Башкы ассамблеясы - дүйнөдөгү эң башкы уюм.

Публицист Эсенбай Нурушев учурунда "Манас" эпосун ЮНЕСКОнун тизмесине Кытай Эл Республикасы тарабынан ал жакта жашаган кыргыздардын атынан каттоо сунушталганы кыргыз коомунда чоң чуу жаратканын эстеди:

- ЮНЕСКОнун сайты бар. Ал 6-7 тилде ачылат. Ал жерде “"Манас" - Кытай Эл Республикасындагы кыргыздардын эпосу” деп жазылып турат. Бизде “ЮНЕСКОго каттатып койсо эле бүттү” деп ойлоп жатышпайбы. Андай эмес. Мамлекет өзүнүн материалдык эмес мурастарын тизмеге киргизгенден кийин ага карата милдеттенмелерин аткарышы керек. “Жылына аны сактаганга мынча акча бөлүп турасың” дегендей. Элдин “аны антип ийдик, муну минтип ийдик” дегени таптакыр туура эмес.

Эсенбай Нурушев ЮНЕСКОнун тизмеси материалдык эмес мурасты сактоого кепилдик бербей турганын, эгер ага өз мамлекети талаптагыдай көңүл бурбай калса тизмеден чыгарып саларын эске салды:

Эсенбай Нурушев.
Эсенбай Нурушев.

- Начар мамиле кылсаң тизмеден чыгарып салышы да мүмкүн. Андай окуялар болгон да. Жакында эле “"Сулайман-Тоо" комплексин тизмеден чыгарып салабыз” деп коркутушпадыбы. Жоопкерчилик айланып келип эле ошол мамлекеттин өзүнүн мойнуна жүктөлөт. Кытай болсо жыл сайын он миллион долларбы, айтор, бир топ каражат бөлөт экен. "Өзүңөрдүн майрамыңарды өткөрүп алгыла" деп…

Мындан бир топ жыл илгери “Манас” эпосу ЮНЕСКОнун тизмесинде алгач Кытайдын атынан катталышы айрым маданий интеллигенция өкүлдөрүн нааразы кылып, буга жооп иретинде “Манас эл” кыймылы түзүлгөн. Ал жүргүзгөн иштердин алкагында өкмөт, президент, парламент үчүн сунуштар иштелип чыгып, анын аркасы менен кийин мамлекеттик маалымат каражаттарында, билим берүү мекемелеринде “Манас” таануу боюнча сабактар, иш-чаралар киргизилгени белгилүү. “Манас” үчилтигин ЮНЕСКОдо Кыргызстандын атынан каттатуу маселеси ошол учурда көтөрүлгөн. Коомдук талкуулардын алкагында кайсы бир маданий мурасты ал өнүгүп жаткан өлкөнүн атынан эмес, ал жок болуу коркунучуна кабылган өлкөнүн атынан каттаган ЮНЕСКОнун эрежелеринин өзү да кызуу талкууга түшкөн.

ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева "Тизмеге катталган баалуулуктар боюнча коюлган талаптарды кыргыз өкмөтү кандай деңгээлде аткарып жатат?" деген суроого мындайча жооп берди:

- Билесиңер, "Манас" боюнча атайын мыйзам кабыл алынган. Программалар иштеп жатат. Үчилтик ЮНЕСКОнун тизмесине 2013-жылы киргизилген. Алты жыл өткөндөн кийин ал боюнча кандай иштер жүрүп жатканы тууралуу ЮНЕСКОго өлкө, Маданият министрлиги, башка уюмдар отчет беришет. Тизмеге киргенден кийин ал мурас кандай ийгиликтерге жеткени, эмне иштер жасалганы тууралуу сөз болот. Ал отчетко карата ЮНЕСКО өзүнүн баасын берет.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Солтонгелдиева ЮНЕСКОнун тизмесине кирген баалуулуктарга өкмөт, эл өзү кам көрүп, сактап калууга тийиш экенин белгиледи. Анткен менен “Манас” эпосуна байланышкан аталыштар арактын шишесине коюлганы буга кайдыгер карабаган жарандарды кейитип келгени белгилүү. Атап айтканда, буга чейин “Бакай”, “Манас”, “Семетей” аттуу алкоголдук ичимдиктердин чыгарылышы бир катар манасчыларды жана улуттук интеллигенциянын өкүлдөрүн нааразы кылган жайы бар.

ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес тизмесине Кыргызстандан кийиз менен шырдактан кийин 2014-жылдын 27-ноябрында Кыргызстан менен Казакстандын атынан боз үй жасоо боюнча салттуу билим жана ыкмалар адамзаттын жалпы байлыгы катары бааланган.

2015-жылы кыргыз-казак элине орток айтыш өнөрү адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын тизмесине кирген. Эми кыргыздын улуттук баш кийимдери калпак менен элечекти жана "Салбуурун" оюнун аталган тизмеге киргизүү даярдалып жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG