Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Токтогул сыйлыгы кайра талашка түшкөнү калды


Маданият, искусство жана архитектура тармагы боюнча берилип келген Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу боюнча комитеттин курамы өкмөт башчынын токтому менен 20-декабрда бекиди. Ага улай эле жаңы комиссия курамы ушул жуманын соңунда аталган сыйлыктын лауреаттары дайын болорун маалымдады. Ушундан улам коомчулукта сыйлык алуучуларды эки күндө аныктаган топтун калыстыгынан күмөн санаган пикирлер талкуу жаратып жатат.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык үч жылда бир жолу берилет. Быйыл ал 2014, 2015, 2016-жылдардагы эмгектер үчүн тартууланат.

Аталган сыйлыкты ыйгарган комиссиянын төрагасы Акылбек Абдыкалыков татыктууларды тандоо иши комиссиянын курамын бекитүү боюнча өкмөт башчынын буйругу чыккандан кийин кызыганын айтты. Бирок ал комиссия мүчөлөрү сыйлыкка көрсөтүлгөн эмгектер менен буга чейин эле өз алдынча таанышып чыкканына ишендирди.

- Буга чейин эски комиссиядагылар келген чыгармаларды окушту. Чынында жетишпей калышы мүмкүн да. Тасманы болсо көрүшкөн. Бул жерде биз эч кандай кемчилик кетирген жокпуз. Алгач секциялар менен иштедик. Анан экинчи айлампасы өттү. Эки күндүн ичинде... Баары китептерди окуп чыккан. Сүрөт көргөзмөнү көрүшкөн. Бүгүн болсо жыйынтыгын чыгарабыз. Комиссия бекигенге чейин мен иштеген жокмун. Бекигенден кийин гана иштей баштадым.

Абдыкалыков сыйлыктын жол-жобосу, эмгектерди кабыл алуу жарнамасы "Кыргыз Туусу" гезитинин 2016-жылдын 10-июнундагы, "Эркин Тоо" гезитинин 2016-жылдын 4-марттагы чыгарылышына эки тилде басылып чыкканын айтты.

Совет заманында Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты тапшыруунун бийик стандарттары болгон. Лауреаттыкка Аалы Токомбаев, Чыңгыз Айтматов баштаган не бир дөө-шаалар ээ болуп, сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармалар алдын-ала коомчулукка жарыяланып, ар тараптан талкууланып турган. Бул тууралуу жазуучу, журналист Арслан Койчуев кенен кеп салып, бүгүн жеке өзүн сыйлык берүүнүн жол-жобосу канааттандырбай турганын айтты:

Арслан Койчуев.
Арслан Койчуев.

- Кечээ Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруунун комиссиясы түзүлдү. Үлкөн адамдар кирди. Бирок, "комиссия эмгектерди эми кабыл ала баштайт го" деп турсак, "эки-үч күндүн ичинде жеңүүчүлөрдү аныктайбыз" деген кабар чыгып кетти. Мен изилдеп сураштырып көрсөм, "2015-жылдан бери эмгектерди кабыл алып жатканбыз, үч жылдан бери үйүлүп калыптыр. Алардын арасынан иргеп алабыз" деген жооп болду...

Жазуучу жаңы түзүлгөн комиссия тез арада татыктууларды кантип тандап аларына таң калат. Анан калса калемгер интернеттен аталган сыйлыкка эмгектерди кабыл алуу боюнча эч кандай жол-жобо, атайын жарнама өнөктүгүн таппаганын, дегеле акыркы жылдарда сыйлык ээлерин тандап алууда ачык-айкындык жетишпей жатканын ортого салды:​

- Бул албетте, "дагы да болсо Токтогул атындагы сыйлыктын артында ар кандай оюндар уланып жатат го" деген күдүк ойлорго түртөт. Мындай шек саноо искусство, адабият жаатындагы адамды иренжитпей койбойт. Себеби Токтогул сыйлыгы - кыргыз эли аздектеген эң абройлуу сыйлык. Эл арасында "Токтогул сыйлыгы кыргыз үчүн Нобел сыйлыгы менен барабар" деп айтылып жүрбөйбү. Демек биз бул сыйлыкты Нобел сыйлыгындай барктап, баалап алсак жарашмак.

Койчуев арийне адабиятта Токтогул сыйлыгына көрсөтүлгөн чыгармалар башында эле дайын болуп талкууга түшсө, чыгарманын оң жана терс жактары ачылып берилсе, эмне үчүн сыйлыкка көрсөтүлгөнү айтылса, мындай талкуулар ири алды коомчулуктун аң-сезимин жаңы деңгээлге көтөрөт эле деген пикирде.

Парламенттин депутаты Каныбек Иманалиевдин баамында, бүгүнкү күндө Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын жол-жобосу моралдык жактан эскирди. Депутат лауреаттарды тандоо заманга ылайык жаңыланмайынча нааразылык улана берет деген ойдо.

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

- Жаңы курам түптөлүптүр. Бирок саны өтө эле аз экен. Алардын санын көбөйтүш керек. Жаңы курам тууралуу сын айта албайм. Алардын баары кадырлуу адамдар. Анан акчалай сыйлыктын суммасы өтө эле аз. Жок дегенде үч же беш миллион сом болгондо сыйлыктын баркы көтөрүлмөк. Мамлекеттин колунан келмек. Бул жыл сайын бериле турган сыйлык эмес. Үчүнчү жагдай: алардын көрсөтүлүшү ачык айтылып, добуш топтоо ачык-айкын өтсө жакшы болмок.

Иманалиев сыйлыкка көрсөтүлгөндөр топтогон добушту көз каранды эмес аудит эсептеш керек экенин, мындай тажрыйба учурда Кыргызстанда өтүп жаткан кинофестивалдарда колдонулуп жүргөнүн кошумчалады.

Ушу тапта Токтогул сыйлыгын ыйгаруучу комиссия жыйырма беш мүчөдөн турат. Лауреаттарга диплом, төш белги жана 100 миң сом акчалай сыйлык берилет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG