Линктер

шейшемби, 22-январь, 2019 Бишкек убактысы 16:19

Айтматов манасчыларды колдочу


Чыңгыз Айтматов менен манасчы Саякбай Каралаев.

1995-жылдын август айы. Айкөл Манастын дүйнөлүк мааракесин майрамдоо астанасында турганбыз.

Чыңгыз ага менен (Чыңгыз Айтматов ал кезде Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы ыйгарым укуктуу элчиси, ошону менен катар КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты) Жогорку Кеңештеги иш кабинетинде дил маек куруп отурганбыз.

Бир маалда телефон шыңгырап калды.

- Оо, Федерико, саламат, иштериң жакшыбы деп акыбалды айтып сүйлөшүп жатты. Ал киши анда ЮНЕСКОнун баш директору эле. Тилмеч которуп турду.

Сүйлөшүп бүткөндөн кийин Чыкем:

- Федерико Майор жөнүндө гезитиңде материал барбы?, - деп сурап калды.

Ал «Манас» эпосунун миң жылдыгына арналып чыгарылып жаткан сан болчу.

- Жок эле, - деп жооп бердим.

- Анда кетирип кой. Турмушта достук мамиле көп нерсени чечет. ЮНЕСКОнун генералдык директору Федерико Майор түздөн түз колдоп бербегенде минтип Манастын дүйнөлүк мааракесин өткөрө албайт болчубуз, - деди.

Анан бул маселе жөнүндө гезитке жазбай эле кой, ушул жерде эле калсын деп Федерико менен достугу жөнүндө өзү да маашыр болуп отуруп кызыктуу аңгеме куруп бергени эсимде.

Ошол мааракелик санга Чыкебиздин өтүнүчү боюнча Федерико Майор жөнүндө материалды чукул даярдап гезитке чыгарганбыз. Чыңгыз Төрөкулович достук мамилени абдан бийик коюп анын кадырын билген, адамдын ким экенин, жан-оту менен берилген жан жигерин тереңден сезген, эмгегин калыс баалай билген гений тура деген ой жанып турду.

Манас дүйнөсүн чагылтып турдум

1993-жылдын баштап 1995-жылдын август айында Манас мааракеси өткөнчө күч-кубатымдын, дараметимдин жетишинче «Манас дүйнөсү» гезитин чыгарып турдум.

Мамлекет тарабынан каржылоо болгон жок. Бийлик төбөлдөрүнө элеп-желеп болуп кат жазып, кайрылганымдан деле майнап чыкпады.

Ушундай экен. Жардам сурап эки жакка көп чарпылганым жок. Банктагы атайын эсепке бир адам ырымы кылып жети сом которгону эсимде калыптыр.

Манас мааракеси өткөндөн кийин гезитти чыгарууну улантсамбы деген ойдо Чыңгыз аганын (Айтматов) кеп-кеңешин угайын деп кайрылдым.

- Манастын мааракеси өткөнчө "Манас" гезитин чыгарып турдуң. Ушунун өзү азаматтык болду айланайын, өркөнүң өссүн! Эми каражатың болсо чыгар, болбосо өзүңдү кыйнаба. Эң башкы парзыңды аткардың. Маараке мезгилин, ага даярдыктын жүрүшүн, дүйнөлүк маданий окуянын кандай өткөнүн, Манас дүйнөсүн жакшы чагылтып турдуң. Мунуңа рахмат иним, - деди Чыңгыз ага.

Турмуш ушундай экен

Аттуу-баштуу бир байке бар эле. Жакшы иш баштапсың, «Манас» гезитин эч кимдин көзүн каратпай, кор кылбай эле чыгарып алабыз деген. Ошол айтканына эле жерге-сууга батпай сүйүнүп калгам. Манасы бар элде "Манас" аттуу гезит чыгып чыгып турса жакшы болот эле деген оюмду ага тартынбай эле ачык айттым.

- Сага жардам бермек турсун өзүм да каражаттан кыйналып турам, акыбалым начар, - деп кескин жооп берди. Ишенип бардым эле, көңүлүм чөгө түштү. Каап, кайдан айттым эле деп өкүнүп калдым.

Кызыл май болуп, ачка-тогума, каржалганыма карабай жанымды үрөп жылаңач баатыр болуп гезит чыгарып жүрөм. Мындай жерде карааны эле көрүнгөнү менен тили буудай кууруп саймедиреп өзүнүн соодасын жүргүзгөн пенделер болот экен. Ошол гезиттин атын жамынып, табына колун жылытып керт башынын кызыкчылыгын ала чаап жүргөн инилердин бири имараттын редакцияга караштуу бөлүгүн баскан изин жашырып, амалкөйлүк менен өзүнө каттатып алгандан кийин мени "ал жерден чык" деп кысмактап, кубалап аргамды кетирип турган кез эле.

Калысын айтсам, бирдекеси өтүп кеткенсип күпүлдөп, тап берип аяр түрү жок. Ага теңелбейин, кудай бардыр деп четтей бердим. Мындай жерде чыр-чатак жарашпас, сабыр кылдым.

Юбилей жаңы эле өткөн. Баш паана кылар квартира издеп жүргѳн чагым. Ошол азап эсиме түшүп кетип бир айласы болуп калар бекен деп арга издеп бозала болуп турсам да жакшылыктан үмүт үзбөй кайра өтүнүч айтып турганымды карабайсыңбы.

- Абалымды айтып, батир жагынан жардам берсеңиз жакшы болор эле. Редколлегиянын мүчөлөрү менен кеңешип, бир жолун таап берсеңиз деп жатпаймбы курган жаным.

- Эми алардын кимисине сенин квартирага муктаж экениңди айтып, кимдин эшигин каккылап жүрмөк элем, - деди.

Үн дебедим. Акыбалың кыйын болсо да сабыр кыл деп турду ички туйгум. Буйруганын көрөт чыгармын. Турмуш ушундай экен. Адам баласын жыл өткөн сайын дааналап терең түшүнө берет экенсиң.

Азыркы кезде тээ илгери салынган эски жатаканалардын биринде бала-чакам менен жашап турам, шүгүрчүлүк келтирип чыгармачылыгымды улантып жүрөм.

Жакшы сөз жарым ырыс

Ошо кезде Казакстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Мухтар Шахановго барып жолугуп турчумун. Ал киши жакшы кабыл алчу. Акындык касиети да, жан дүйнөсү тунук, мээримдүү, боорукер, шаркырап аккан өзөндөй таза, оюндагысын түз айтып турган адам эле.

Бир курдай жаңы жазып жатам деп «Цивилизациянын жаңылыштыгы» деген ыр менен жазылган романынан үзүндү окуп берген. Кийин ошол чыгармасына кол тамгасын коюп бергендеги сүйүнгөнүм али да эсте.

Бир жолу Мукем (Шаханов) минтип айтып калды.

- Сени ажоңо ээрчитип киришим керек экен. Атын атаса куту сүйүнөт. «Манас» эпосунун 1000 жылдык дүйнөлүк мааракесине арнап, «Манас дүйнөсү» гезитин чыгарып азаматтык иш кылдың. Экөөбүз чогуу баралы, өзүң кантип айтмак элең, мээнетти аябай тарттың, каржалып да бүттүң, көрүп турам, сага эмне керек сааты келгенде айтам, антпесек эмгегиң бааланбай кала берет, тартынба, - деди.

Эми ойлосом катаал турмуш ыдыгын башынан өткөргөн, көптү көргөн, жакшылыгын аябай жаркылдап, адамдарга күндөй мээрими тийип турган кеменгер, пайгамбардай жан экен.

Убакты сааты чыкпады. Тез-тез барып турушум керек эле. Тартындым. Кемчилик менден кетти. Ошентсе да Мухтар аганын мага көңүл буруп жардам көрсөтсөм деген ниетин эстегенде ыраазы болуп кубанып калам.

Эсте калган камкордук

…Манас мааракеси өткөн жылдын күзү. Иш бөлмөсүнө барып Чыңгыз Айтматовго учурашып калдым. Чыкем анда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргызстандын Бельгиядагы ыйгарым укуктуу элчиси эле.

- Акыбалың кандай, - деди.

- Мурдагыдай эле деп жооп бердим.

- Сага бир жакшы жаңылык бар, - деди Чыкем. Ян Фишерге жолугуп сүйлөштүм. (Анда ал республиканын өзгөчө кырдаалдар министри). 50 миң сом бөлдүрүп бермек болду деп сүйүнтүп койду. Жок дегенде Кара-Буурадагы үйүңдү оңдотуп ал.

Шадыбеков Дөөлөт байке жардамчысы эле. Тийиштүү каттарды жөнөткүлө деп тапшырма берди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Талас облустук бөлүмүнө керектүү кат жиберилди.

Кайсы күнү жакшы жаңылык угуп калам деп күтүп жүрөм.

Чамасы бир ай өткөндөн кийин ал жактан "жер титирөө Таластын жогорку зонасында болгон, төмөн жагында жер титирөө болгон эмес" деген жооп келиптир.

Бул жоопту Чыкеге көрсөткөндөн уялдык, намыстандык. Каттын маани-маңызына түшүнбөсө кантели. Эстүү адам кепти илгиртпей сезет, кайталатпайт, жакшылыкка жол ачат. Бул маселени кайра козгобой эле коелу деп тим болдук. Ал 50 миң сом эмне болгонун бир кудай өзү билет.

Катта «Манас» эпосунун 1000 миң жылдык дүйнөлүк мааракесине арнап «Манас дүйнөсү» гезитин чыгарып турган журналистти колдоо иретинде материалдык жардам көрсөтүп коюу өтүнүчү айтылган эле. Жер титирөө жөнүндө кеп болгон эмес. Манас мааракеси дүйнөлүк деңгээлде өтүп жатса, башкасын айтып эмне кылабыз? Адамдар кээде биз ушундайбыз.

Атын атаса, куту сүйүнөт

Эл көп чогулган кысталыш, ыңгайсыз учурда жаныбызда турган бир аңгемечи жигит башка учур таппай калгансып «Чыке, бул жигитти билесизби?", - деп суроо салып калды.

Мен ыңгайсыздана түштүм, "бул эмнеси, улуу кишиге ушинтип да суроо береби" деп. Мен ким элем, көптөгөн кичине кишилердин биримин да. Же, Чыкеме суроо салган болуп мени шылдыңдап, шакабалап жатабы деп бушайман болдум.

Үч жыл «жылаңач баатыр» болуп "Манас" гезитин чыгаргандан кийин илмийип арыктап азып-тозуп, кейпим келишип турса бул эмнеси деп тиги кишини жактыра бергеним жок.

Бир маалда Чыкем шадылуу чоң бакубат күрөктөй алаканы менен мени далыман таптап: «Кантип тааныбайын, бул деген «Манас дүбүртү» аттуу гезитти дүйнөлүк маданий окуяга даярдык көрүү башталган кезден тартып Манас мааракеси өткөнчө кыйынчылыктарына чыдап, чыгарып келген Меңдибай деген журналист, менин иним болот деп койду.

Бул өзгөчө бир мээрими бар, эркелеткендей жылуу мамиле эле. Мээримге толгон мындай жакшы сөздү арып-тозуп, кээде басмаканага түнөп калып гезит чыгарып жүргөн үч жылда, (дегиси эле өмүрүмдө) эч кимден уккан да, көргөн да эмесмин. Күткөн да эмесмин. Төбөм көккө жеткендей сүйүнүп калдым.

Бул мага Чыкем берген эң жогорку сыйлык болду. Бозоргон өңүмө кызыл жүгүрүп, көңүлүм өсүп кубанып турдум. Ошол кезде кырктын кырында элем. Сүйүнүчүмө чек жок болчу. (Азыр болсо балким мындай жылуу мамилеге жашып кетип көз жашымды токтото албай шолоктоп ыйлап турмакмын, бугумду чыгарып. Кийинки 25 жылда көптөгөн азап-тозокту башыман кечирдим.

Кедейчиликтин кээрин тарттым. Ата-энемден айрылдым. Алар мугалим эле. Тун карындаштарымдын экөө удаа оорунун айынан элүүгө чыгып, чыга бербей дүйнө салып кетишти. Алар мага арка тирек эле. Кийинки кезде бешенемден сылап эркелеткен пендени көрбөдүм. )

"Атын атаса куту сүйүнөт", - деди Чыкем сөзүн андан ары улантып.

Миңдибай (ушинтип атачу мени, Манастын туулганын да, кийин Кырк чилтен деген укумуштуудай колдоочулары бар экенин көрдүм деп сүйүнчүлөп келген да Миңдибай деген киши болгон) деп.

Антип атаганы мага да жакчу. Китептерине да кол тамгасын Миңдибай деп баштап жакшы каалоо, тилектерин жазып берчү). Үч жыл бою мааракелик «Манас дүбүртү» гезитин чыгарып келди. Бул өзү айтканга оңой болгону менен аткара келгенде машакаттуу, түмөн түйшүктүү иш болгонун сезип турамын.

Бул өзү Миңдибайдын эрдикке тете азаматтыгы болду. Тагдырдын буйругу да бешенесине жазылып коюлган. Болбосо капчыгы калың, байлыгы ашып-ташыган, сүйлөй келсе тили менен буудай кууруп, оозу менен орок оргон не бир кыйын чыкма мантыккан бизнесменмин деген жигиттерибиз, не бир көйкашка чыгармачыл инсандарыбыз бар эмеспи. Мааракелик «Манас» гезитин чыгаруу аларга буйрубаптыр. Көрдүңөрбү, жазмышка, буйрукка айла жок. Манас, Манас болуп турганда бул океандай рухтун бүткүл дүйнөлүк мааракесине арнап, атына атаса куту сүйүнөт дегендей «Манас дүйнөсү» гезитин чыгарып келген Миңдибайдын журналистикада гана эмес маданиятта өзгөчө орду бар чыгармачыл таланттуу инсан деп койду, - Чыкем.

Сен дагы Миңдибайдын жазгандарын окуй жүр. Манас мааракесине карата менден алган дил маегин окудуң беле?, окуп кой,- деди. Алиги суроо салган жигит "сөзсүз, Чыке" деп башын ийкегилеп жиберди.

Кийин дагы бир жолукканда Чыкем менен баарлашып отуруп, Манасты терең үйрөнүүгө, аны кеңири насыйкаттоо иштерине (адабиятта, театрда, кинодо, ж.б., манасчыларды колдоого, аларды каржылоого) абдан чоң маани берерин билдим.

Сенин ырың мени менен кошо Бельгияга барат

1998-жылдын күзүндө дүйнөлүк залкар жазуучу агабыз Чыңгыз Айтматовдун 70 жылдык мааракеси Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында чоң салтанат менен жогорку деңгээлде белгиленди.

Ошол кездеги премьер-министр Амангелди Муралиев салтанатты алып барды. Чыңгыз аганын юбилейине арнап жазган ырымды тапшыра албай турдум, кандай айла кылсам деп. Бирөө жарым колдоп, сүрөмөлөп койбосо, чоң театрдын сахнасына чыгып ыр окуш кайдан.

Мааракелик салтанаттын экинчи бөлүгү Ала-Арчадагы мамлекеттик резиденцияда уланды. Улуттук оймо-чийме менен кооздотуп жасалгалап кызгылт кайыш папкага салган 15 куплет казалымды (ырымды) кантип тапшыруу айласын издеп турам. Облустардын губернаторлору жана башка аттуу-баштуу адамдар Чыңгыз агабызга ак калпак кийгизип, чепкен жаап, кезектешип жасалгасы келишип үртүктөлгөн таза кандуу, сындуу аргымактарды тартуулап жатышты.

Айрымдары койсоңорчу дегенине болбой 70ке чыккан жазуучу агабызды келишкен тулпарга мингизип, кайра түшүрүп жатышты. Юбилярды урматтоо, сыйлоо шааниси улуттук колоритти көтөрүп шаңдуу маанайда өттү. Эми ойлосом сонун кез тура! Чыкемдин ден соолугу чың, шайдоот жүргөн кези, баралына келип турган бакубат учуру экен.

Бир убакта казганактаган эл сээлдеп, Чыңгыз агага жолугууга мүмкүнчүлүк болуп калды.

Чыкемди 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, кайыш папкага салынган ырымды тапшырдым.

Чыкем ыраазы болуп, ырахматын айтты.

Анан эмнегдир, "мен да сизге эл катары тулпар мингизсем жарашат эле, айла жок, колдон келгени" деген сөз оозума келе бергени… ошол бойдон айтылып кетти.

- "Тулпарлар жетишет Миңдибай" деп Чыкем жаркылдап күлүп калды. Чын пейилинен ыраазы болуп жыргап күлдү.

- Мына бул кыркалекей тизилип турган күлүктөрдүн баары эле ушул жакта туугандарда, достордо калат. Мени минип кетет дейсиңби. Ал эми сенин менин юбилейиме арнаган ырың мени менен кошо Бельгияга, Люксембургга кетет, - деп айтканы эсимде калыптыр.

…Кийин ойлосом менин көңүлүмдү улап көтөрмөлөгөнү экен. Тереңдеги маанисин бир топ убакыт өткөндөн кийин түшүнүп жүрбөймүнбү. Чыңгыз Төрөкуловичтин даанышмандыгын, айкөлдүгүн айта берсек сөз жетпес.

Даанышман адамдын касиетин көрдүңүзбү. Мен ал кишинин бирөөгө үнүн көтөрүп катуу айтканын, кагып-силккенин көргөн жокмун. Тереңдиги да, айбарланган айкөл дүйнөсү да өзү айта жүргөн океандай эле.

Дүйнөлүк адабияттын аалам эли таң калган залкары болуп туруп, бир менменсингенин, пенде катары бир адамга өөдөсүнгөнүн, омуроолоп орой мамиле кылганын көрбөдүм. Көлдөй мемиреп терең да, тынч да эле. Ойлосом дүйнөдөгү эң улуу адам экен! Улуу адамдын генийлиги анын жөнөкөйлүгүндө, эл менен эл болуп сиңишип турган жупунулугунда жана тереңдиги менен айкөлдүгүндө тура. Дүйнөлүк даанышмандын улуулугун, генийлигин, анын мухиттей чалкар касиетин жакындан сездим.

Босогобузда турган 90 жылдык мааракеңиз куттуу-баяндуу болсун, Чыке!

Меңдибек Асылбеков

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG