Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:53

Акбаранын үч сапка баткан арманы


Мая Осмонкулова.

Чыңгыз Айтматов менен жолуккан ошол бактылуу күн 1995-жылдын 12-декабры эле.

Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин коюп жаткан улуу жазуучу ошол күнү Таластагы шайлоочулары менен жолугушууга келген.

Борбордон коштоп келген бир топ аттуу-баштуу аксакалдар сүйлөшкөндөн кийин облустун ошол кездеги губернатору Тойчубек Касымов аймактагы акын-жазуучулардын атынан мага сөз берип калды.

«Сүйлөйм» деп даярданып барбагандан кийин атамдай болгон кишини мактаганым ыңгайсыз болуп калабы деп ойлодум.

Анан бүгүн агайдын туулган күнү экенин айтып, «Акбаранын көз жашы» деген ырымды окуп бердим. Трибунадан түшүп баратсам чогулгандар кол чаап, бирдеме деп кыйкырып калышты. Артыма бурулсам, Чынгыз агай «Маечка, Маечка!» деп артымдан келе жатыптыр.

Бурулуп агайды көздөй бастым. «Акын экенсиң, кызым, акын экенсиң» деп маңдайыман өптү. Залдагы суктанып отурган көздөрдүн узатуусунда мен трибунадан түшүп кеттим.

Чыңгыз агай болсо трибунага келип: «Чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү такыр башка болот экен, эртеден берки маанайды Мая башка нукка буруп жиберди. Бир жолу Москванын көчөсүндө келе жатсам, бир орус аял салам айтып токтоп калды да, «Я - Акбара» деди. Мен түшүнбөй калып: "Вы что, шутите?" деп күлдүм. Ал аял башка эч нерсе дебестен басып кетти. Ошол окуяны али да унутпайм. Балким ал дагы баласын жоготкон, башында Акбараныкындай кайгысы бар энедир.

Көрсө, аял кишилер Акбараны өзүнүн жан дүйнөсүнө жараша башкача кабыл алышат окшобойбу. Аны мен экинчи жолу байкап отурам», деп ары ойлуу, ары сырдуу муңайым маанай менен бир топко сүйлөдү.

Эртеси, 13-декабрда агайдын өтүнүчү менен ушул ырым жазылган китебимди Кара-Буура районунун борборундагы «Семетей» деген кинотеатрга алып бардым. «Дарегиңди ичине жазып кой, жеңең экөөбүз жооп жазабыз» деп калемсабын кошо сунду. Дарегимди жазып кайра берсем, китепти алып, «калемсап сенде калсын» дегендей ишарат кылып, колун жаңсап койду.

18 күндөн кийин, 1996-жылдын 1-январь күнү КТРде Чыңгыз Айтматов менен интервью бар экен. Ошол берүүнү көрүп отурганбыз. Аңгыча журналист: «Сиз эмне үчүн чыгармаларыңызды алгач кыргыз тилинде эмес, орус тилинде жазасыз?» деп суроо узатып калды.

"Мен "кыргыз тили кедей тил, кыргыз тилинде оюмду толук бере албайм го" деп ойлочумун. Көрсө андай эмес экен. Өткөндө Таласта бир Мая деген кыз бар экен, мен үч-төрт жыл жазган романымды ал үч-төрт сап менен эле берип коюптур" деп жооп берип жатпайбы.

Ошондогу кубанганымды сөз менен жеткире албайм. Албетте, ушундай улуу адамдын, залкар жазуучунун мактоосун угуу ар бир эле акындын пешенесине жазыла бербесе керек. Чыңгыз Айтматовдун сынына толгон ырым бул эле:

Акбаранын көз жашы

Бөрүлүгүм ырас, бирок энемин,

Бөөдө кырсык басып дайым келемин.

Айткандары чын болсо эгер канакей,

Адамдардын "аалам чексиз" дегени.

Түрдүү жорук дүркүрөтүп денени,

Жок дегенде аяшпайбы энени.

Күнөөсү жок бөлтүрүктөр эле го,

Көз алдымда өлүп жаткан береги.

Моюн сунбай тагдырыма эгерим,

Моюнкумдан качып келген себебим -

Койну кенен касиеттүү Ысык-Көл,

Колтугуна катып алаар дегемин.

Айбан элем, бирок жырткыч болбогом,

Болгон айбым – тукумумду коргогом.

Айлам куруп ай талаада калаарда,

Адам уулун багайын деп ойлогом.

Ал тилек да ара жолдо таш капты,

Алар неге баланы атты, мени атты?

Адам – Кудай амиринин күчүнөн

Аалам тарып, асман түшүп келатты…

(12-декабрь, 1988-жыл)

Мая Осмонкулова, акын

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG