Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Чыңгыз Айтматов космоско чыгып кетти


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Меңдибек Асылбеков Чыңгыз Айтматов дүйнɵ салган учурда жазылган коштошуу музасын жиберди.

Бүткүл адамзатынын турмушунун бактылуу жана коопсуз болушу үчүн гениалдуу ойлорду айтып, планеттик маселелерди козгоп, тынымсыз коңгуроо кагып эскертип келген улуу инсан, корифей, даанышман жазуучу агабыз Чыңгыз Айтматов кɵзү тирүү болгондо ушул жылдын 12-декабрында 90 жашка чыкмак.

Келечекти алдын ала даана айткан феномен жана кеменгер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин кыргыз мамлекети менен катар бүткүл дүйнɵ жүзү да белгилеп жатат.

Аалам эли урматтаган улуу жазуучу агабызга таазим этүү менен Чыңгыз Айтматов дүйнɵ салган учурда жазылган коштошуу музасын, жоктоо ырын сиздерге жиберүүнү туура таптым.

ДААНЫШМАН МЕНЕН КОШТОШУУ

Кудай ɵзү кайрыган,

Чет жерден Сизди ɵз элге.

Эбегейсиз эмгеги,

Элге чексиз сиңди деп.

Бүткүл адамзатынын,

Чыңгызы болуп калды деп.

Урмат, сый кɵрүп дүйнɵдɵн,

Таң калып турар хандар да.

Падышалар да жете албас,

Керемет ɵмүр сүргүн деп.

ххх

Теңирдин түшүп мээрими,

Ак бата тартып кадырлап,

Пайгамбардай бак берип,

Кондурган Ата Журтуңа.

Манас чыккан ɵлкɵдɵн,

Бүтүндɵй дүйнɵ жүзүнɵ,

Нуска сɵз айтып турсун деп.

Атадай эле мээримиң,

Бүткүл адамзатына.

Даанышман элең ɵзгɵчɵ,

Кудурет даарып, кут коштоп.

ххх

Дүйнɵ элинин багына,

Жаралган айкɵл жан элең, Чыке.

Генийи элең кылымдын,

Кудай ɵзү даарыган,

Пайгамбардай жан элең, Чыке.

Падыша жетпес атак-даңкты,

Теңир ɵзү буйруган эле.

Ɵкүмдар жетпес даңаза менен,

Дүйнɵгɵ шаңшып чыктыңыз, Чыке.

Теңирим берген таланттын күчү,

Ɵзгɵчɵ бийик турганын кɵрдүм.

Арманы аттын башындай болгон,

Тарыхтан буга Чыңгызхан мисал.

Таңданган аалам жеңишке куттай,

Ɵзүңүз гана жеттиңиз, Чыке.

ххх

Дарыланам деп Чыке,

Алыстагы чет элге,

Барбай койсо не болмок.

Манастын эли бɵпɵлɵп,

Алар беле сакайтып.

Тан берер дарыгерлер да,

Илдеттен түркүн сакайтар,

Улукмандар бар эле,

Кудай ɵзү даарыган.

Эми түшсɵ умачтай,

Ачылар беле кɵзүңүз.

Кудайдан ɵткɵн улук жок,

Кудай берип күч-кубат,

Дартты жеңип жаркылдап,

Эл аралап жүрсɵңүз,

Болбойт беле баркылдап.

ххх

Аныгын даана биле албай,

Жан дүйнɵм турат тутулуп.

Бүткɵн бой турат эзилип,

Уу жуткандай туттугуп.

Эс учун билбей жатат деп,

Нюрнбергден айтылса,

Ишенип жүрɵ бериппиз.

Не болгонун бир ɵзү,

Кудай билип тургандыр.

Арманын катып ичине,

Тымызын сыздап арга жок,

Ɵмүр менен коштошуп,

Чыкем онтоп жаткандыр.

Ичиндеги бүт сырын,

Бир кудайга айткандыр.

Арманын катып купуя,

Сɵз айтарга дарман жок,

Гений ичтен сызгандыр.

Сыздап калар эл, журтун,

Улам эске түшүрүп.

Чымын жандын азабы,

Айласын жаман кетирип.

ххх

Айла табар чама жок,

Деги ажалга даба жок.

Ажал келди арга жок…

Адамзаттын Чыңгызын,

Жоктогон аалам зыркырап,

Дүйнɵ калды солкулдап,

Жоктоонун ɵтүп азабы,

Жан жүрɵгү болкулдап.

ххх

«Кай жактан келген,

Каргаша чалды?

Кайдан чыккан,

Уу жылаан чакты?»

Алдырарда жаздырар,

Дегендей болуп калдыкпы.

Чыңгызынан айрылып,

Жер муштап калды кыргыз эл.

Руху менен сүрɵгɵн,

Айкɵлүнɵн айрылып,

Үшкүрүп турду кыргыз эл.

Аза күтүп муңканып,

Биригип турду кыргыз эл.

ххх

Жер эне ийип турган,

Күн ɵзү сүйүп турган,

Адамзаттын ɵкүлү элең,

Космоско чыгып турган.

Жер шарынын элчилигин,

Ар тараптан аркалаган.

Жер планетасынын кудай сүйгѳн,

Космостогу элчисиндей,

Дүйнѳ жүзүн таң калтырган,

Аалам кезген сапарында.

Пайгамбардай жан эле,

Жер шарын турак кылган.

Адамзат үмүт арткан,

Кудай сүйгɵн инсан элең,

Дүйнѳ элинин оюн тапкан.

Келечекти даана кɵрүп,

Олуядай таамай айткан,

Пайгамбар ɵттү дүйнɵдɵн.

Опосуз дүйнɵ жуттуң деп,

Жан калбады күйбɵгɵн.

ххх

Чагылган чарт чагылды,

Кɵк Теңирден.

Теңир сүйгɵн талант эле,

Ак жарык нурун чачып,

Аалам кезип сызып кетти.

Дүйнɵдɵн гений ɵттү.

Даанышман кетти.

Аалам онтоп жоктоп алды.

Кɵк Теңир мээрим салган,

Адамзаттын Айтматову дүйнɵ салды.

Жердин шары аза күтүп,

Күңгүрɵнүп алды дүйнɵ…

Оо, Чыке!!! Чыке!!!...

ххх

Адамзатка жакшылыгы зор эле,

Жан бүткɵндү аяган.

Боорго тартып бүт баарын,

Даанышмандай караган.

Кыбыр эткен турмушка,

Күн нурундай чачырап,

Мээрими тегиз тараган.

Кудай ɵзү жар болсун!

Орун берсин жанаттан.

Бейиши болуп оо дүйнɵ,

Теңир сырын уланткан.

Оо, Чыке!!! Чыке!! Чыке!...

Коштошуп турат эл журтуң,

Жаткан жериңиз жайлуу,

Топурагыңыз торко болсун!

12.06. 2008

Дүйнɵ жүзүндɵ Чыңгыз Айтматовдун гениалдуулугу, кадыр-баркы, зоболосу мезгил ɵткɵн сайын бийиктеп, кɵк теңирлик чегине чыгып, феномендик касиетинин улам жаңы жактары аныкталып, гений жɵнүндɵ аңыз кеп ого бетер күргүштɵй айтылып, ааламдык даңазасы арта бермекчи.

Айтматовдук даанышмандык дүйнɵгɵ ɵз таасирин тийгизип, керемет жарыгын чачып турат. Айтматовдук даңк эчак эле ааламга шаңшып чыгып кеткен. Ал ɵз баркын ɵзү кɵкɵлɵтүп, керемет дүйнɵсү, орошон ойлуу кудуреттүү чыгармалары менен айбарланып кылымдарга таңыркаткан чабыт сала бермек. "Ал ɵзүнɵ сɵздɵн эстелик тургузуп кетти",- деп Пушкиндин айтканы бери жакта эле калды. Чыңгыз Айтматов космоско чыгып кетти.

Меңдибек Асылбеков

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG