Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 10-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 03:58

Раззаковдун Үч-Коргон тажиктерине камкордугу


Исхак Раззаков.

Кылым карыса да ысым карыбайт.

Кыргызстанда жашаган 50 миңден ашуун тажиктердин арасындагы илимдин ондогон кандидаттары менен докторлорунан тышкары адабият майданында чыгармачылык менен узанган калемгерлер бар. Алардын бири – Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу тажиктер жыш отурукташкан жаратылышы кооз Үч-Коргон айылынын тургуну, ошол аймактагы уул-кыздарга 40 жылдан ашуун таалим-тарбия берген таанымал педагог, бир нече адабий китептердин автору, жашы 80ден ашып калган акын Шарифжан Абдураззаков.

Шарифжан Абдураззаков.
Шарифжан Абдураззаков.

Суусу айрандай ширин Исфайрам дарыясынын бак-шактуу жээктеринен орун алган Үч-Коргон айылында туулуп-өскөн абройлуу тарбиячы, тажик жана өзбек тилдеринде чыгарма жазган жана кыргыз тилинде таптаза сүйлөгөн ошол акын менен болгон баарлашуубуздун биринде ал тажик, өзбек элдеринин да уулу болуп калган залкар инсан Исхак Раззаковдун Үч-Коргондун тажиктерине кылган түбөлүк унутулгус камкордугун айгинелеген бир окуяны абдан толкунданып мага айтып берген.

Кыргыз мамлекетинин ар тараптан өнүгүшүнө өзгөчө салым кошуп, ысымы тарых барактарына өчпөс тамгалар менен жазылып калган бул улуу инсанды элибиз кайгырып да, сыймыктанып да эскерип жаткан учурда карыя акын Шарифжан Абдуразаковдун «Үчкоргондук тажиктер менен Исхак Раззаковдун жолугушуусу жана тажик тилиндеги алгачкы гезиттин тарыхы» деп аталган ошол баянына окурмандын назарын бургум келди.

«…1958-жылы Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Исхак Раззаков шайлоочулары менен жолугушуу максатында кадимден бери тажиктер жыш отурукташкан биздин Үч-Коргон айылына келди. Себеби, Исхак Раззаков Кызыл-Кыя шайлоо округунан (ал округдун курамында Үч-Коргон району да бар болчу) СССР Жогорку Советине депутаттыкка талапкер катары көрсөтүлгөн.

Жолугушуу Үч-Коргон районунун борборундагы чоӊ жыйындар залында башталып, катышуучулар аябай көп болгондуктан, отурууга жай калбай калды. Жүздөгөн адамдар сөзгө чыккан кишилерге тик туруп кулак түрүштү.

Исхак Раззаков, партиянын Үч-Коргон райондук комитетинин биринчи катчысы И.Бектемиров, колхоздун раиси ж.б. өкүлдөр президиумда каз-катар отурушкан. Райкомдун биринчи катчысы И.Бектемиров сөзгө чыгып, СССР Жогорку Советине депутаттыкка көрсөтүлгөн Исхак Раззаковду шайлоочуларга тааныштырды.

Ошентип, сөз кезеги колхоздун раисине берилди. Колхоз раиси трибунага жакын келип, өзбек тилинде сүйлөй баштады эле, Исхак Раззаков ошол замат аны токтотуп:

- Сиз өз эне тилиӊизде сүйлөӊүз, энеӊиз тажик го!, – деди тажик тилинде таптаза сүйлөп. Ошондо раис абдан оӊтойсуз абалда калып, тердеп кетти байкуш. Бет аарчысы менен бешенесиндеги терди кургаткан соӊ, сөзүн андан кийин деле өзбекче аралаштырып улады:

- Жолдош Раззаков, биз өзбекче сүйлөп жүрүп, тажикчени эстен чыгарып койдук. Сүйлөгөндө аябай кыйналабыз, ошону үчүн кечирип коюӊуз бизди…

Раис өзүн жоготуп, тажикче эмне деп айтарын билбей, өтө кыйын акыбалга туш болду. «Сиздин талапкерлигиӊизди биз жапырт колдойбуз жана партия алдыга койгон пландарды ашыгы менен аткарыш үчүн колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшайбыз» деген ойлорун эптеп-септеп түшүндүрдү бечара.

Андан кийинки сөз Исхак Раззаковго берилди. Ал сөзүн нукура тажик тилинде баштап, мындай деди:

- Мен раистин сөздөрүн астейдил угуп туруп өтө таӊ калдым. Ал тажикче бир да сөздү туура айткан жок. «Миш-миш» дегенди дээрлик бардык сүйлөмдөрдө пайдаланды. Бул деген күлкү болорлук кемчилик… Үчкоргондуктардын өз эне тилдерин биротоло унутуп баратышканы ушундан маалым болуп турат. Демек, ушуга байланыштуу алар үчүн тажик тилиндеги гезит уюштурулушу керек. Мен сиздерге убада берем, сиздер жакын арада өз эне тилиӊиздерде чыгуучу гезиттин ээси болосуздар.

Жыйында отургандардын баары Исхак Раззаковдун бул сөздөрүн уккандан кийин көпкө дейре кол чаап, абдан ыраазы болушту. Ооба, адамдар терисине батпай, чексиз кубанычка бөлөнүштү.

Исхак Раззаков тил жаатындагы акыбалга өзү күбө болгондон кийин «райондо тажик тилинде гезит чыгарылсын» деп буйрук берди. Ошентип, 1958-жылдын апрель айында мени партиянын Үч-Коргон райкомунун биринчи катчысы И.Бектемировдун кабыл алуусуна чакырышты.

Келсем, райкомдун биринчи катчысынын кабинетинде И.Бектемиров менен Ош облустук «Ленин жолу» гезитинин редактору Аматов экөө отурушуптур. Алар мага көптөгөн суроолорду берип, ар тараптан сынап көрүштү жана аягында тажик тилинде чыга турган газетага редактор болууга макулдугумду сурашты. Коммунист болгонум үчүн макул болдум.

Ошентип, 1958-жылы 14-май күнү «Байроки мусобика» («Мелдеш желеги») деп аталган тажик тилиндеги газетанын биринчи саны жарык көрдү. Исхак Раззаковдун бул камкордугуна биз эле эмес, Тажикстандагы улутташтарыбыз да терең ыраазы болушкан».

Мирзохалим КАРИМОВ, журналист

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (11)

XS
SM
MD
LG