Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

Адабияттагы ак жүрөк устатымдын элеси


Мирзохалим Каримов.
Мирзохалим Каримов.

Кылым карыса да, ысым карыбайт деп коюшат.

«Ала-Тоо» журналын 1970-1983-жылдары жетектеген кыргыздын белгилүү жазуучусу жана драматург Шатман Садыбакасов эр ортону элүү жашка чыгып каза болгондо өзүмдүн бир тууганымдан ажырап, жөлөнгөн тоом кулап түшкөндөй кайгырганмын.

Шатман агай менен 1978-жылы КМУнун журналистика бөлүмүндө биринчи курста окуп жүргөн кезимде таанышкан элем. Ал ошол алгачкы баарлашууда эле мусапырлыгымды сезип, абдан боорукерлик менен мамиле кылган. Кабинетинен узатып жатканда: «Мени менен байланышып туруңуз, кандай жардам керек болсо тартынбай айтыңыз, сиз алыскы Тажикстандан келген биздин жээнибиз турбайсызбы», - деп атадай камкордук кылганы мага канат байлаган. Студент кезимде эле «Ала-Тоо» журналына жарыяланган котормолорумду, аңгемелерим менен алгачкы повестимди өзү окуп, өзү редакциялап, калемимдин төшөлүшүнө өтө чоң камкордук кылган. Ошол себептен мен бул адамгерчилиги бийик инсанга түбөлүк карыз болуп калганмын.

Агай менен таанышкандан кийин тез-тез жолугуп турчумун. Ашказаны ооруганы үчүн ооруканага көп жатчу. Өз уулундай болуп ооруканаларга барып кабар алып турар элем. Ошондой учурларда мага бир чети ыраазы болсо, бир чети «өзүң студент болсоң, неге убара болосуң...» деген таризде кыжалат болуп кала турган.

Мен ал жылдары чийдей арыктаган агайымдын неге бат-бат ооруканага жатып жүргөнүн жана оорусунун күчөшүнө дагы эмнелер себепкер болуп жатканын баамдабай жүрүптүрмүн. Көрсө ашказан оорусу ракка айланып бараткан агайым таанымал жазуучулар Көчкөн Сактановдун Кочкор районунан, Орозбек Айтымбетовдун Сары-Камыш айылынан алынган маалыматтардын негизинде жазышкан публицистикалык очерктериндеги бийликке жакпаган кемчиликтер Кыргызстан КП БКнын бюролорунда улам-улам карала бергенин, Мамлекеттик коопсуздук комитетине чакырылып жатканынын азабын тартып жүргөн экен. Дал мына ошол азаптар кандайдыр бир даражада өмүрүнө да зыянын тийгизген болуш керек деген пикирлер эмгиче айтылып келет.

Агайымды ого бетер алсыраткан ушундай чуулгандуу окуялардын дагы бирине студент кезимде мен өзүм да күбө болгонмун.

КПСС БКнын Генеральный секретары Л.И.Брежнев каза болгондон кийинки азалуу күндөрдүн биринде «Ала-Тоо» журналынын редакциясына баш баксам, Шатман агай негедир маанайы пасайып, ыраңы мурункудан азгын, адамга аёокер тиктечү көздөрү кабагына батып калганын сездим. «Бечара агайым, дагы кеселдеп калган окшойт» деп аядым ичимден. Бирок ал канчалык азап чегип, көңүлү чөгүп турса да ал-жайымды, окуумду, Тажикстандагы ата-энемди астейдил сурагандан кийин: «Келгениң жакшы болбодубу. Эртең дем алыш күнү зарыл ишиң болбосо «Соң-Көлдүн» артындагы басмаканага баргын» деди. Ал жерде эмне иш кыларымды айтпады. Мен да тактап сурабадым.

Эртеси басмаканага келсем, Шатман агай босогодо томсоруп туруптур. Кечээкиге караганда ого бетер азып, түнөрүп калыптыр. Басмакананын мукабалоо цехинде эл аябай көп экен. Төр жакта шыпка чейин тирелип турган «Ала-Тоо» журналынын айланасында топ-топ болуп күймөнүп жаткан адамдардын жанына ээрчитип барып: «Бу жигитке да үйрөтүп койгула» деп табыштады.

Шатман Садыбакасов (1932-1983)/
Шатман Садыбакасов (1932-1983)/

Иш анча деле кыйын эмес экен, бат эле үйрөнүп алдым. Журналдын бир барагын айрып, айрыктын четине башка бир баракты этияттап чаптоонун эмне кажети бар экенин анча деле баамдабай, тек гана иштей бердим. Кийин билсем, биз айрып жаткан баракта жөнөкөй инсан эмес, ааламга атагы чыккан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Л.И.Брежнев кайтыш болгонуна байланыштуу жазган «Орду толбос жоготуу» аттуу көңүл айтуусу басылыптыр. Тушумдагы көз айнекчен киши негедир ачуусу келгендей: ««Генеральный секретарь» дегени «Генералдуу секретарь» деп жазылганы үчүн журналдын 50 миңден ашуун нускасынын ар бириндеги ошо баракты айрып, ордуна «Генеральный секретарь» деп кайра оңдоп терилген баракты чаптатып жатышпайбы, элди кыйнап! Жогору жактан ушундай буйрук берилиптир. Шатман Садыбакасовду көптөн бери бюродон-бюрого, органдарга сүйрөй берип, ансыз деле оорукчан байкушту курута турган болушту булар», - деп койду башын чайкай терең улутунуп. Ушуну уккандан кийин агайымдын башына оор иш түшкөнүн баамдап, аябай кыжаалат болдум.

Ошентип, азаптуу күндөргө туш болгон агайым үч-төрт күн бою оңдогон ашарчыларды «Соң-Көл» ашканасында өзүнүн эсебинен түшкү тамагын берип, тоодой үйүлүп турган «Ала-Тоо» журналынын 54 миң нускасын окурмандарга жөнөтүүгө даярдады. Анын ошондогу саргайып тиктегенинен аябай катуу ооруп кыйналганы, ишинин оңунан чыкпай ичинен эзилип жүргөнү даана байкалып турду. Ошондон кийин саламаттыгы биротоло начарлап, ооруканага жатып калды. Операция болор алдында атайын кабар алып барсам, өз уулун көргөндөй кубанып, жаны ооруп турса деле менин ал-абалымды, чыгармачылыгымды, окуумду сурамжылады.

Ооруканадан чыккандан кийин жумушка киришкенин угуп, аябай сүйүндүм. «Бечара агайым эми оорубай жүрсө экен, ылайым» деп тиледим. Тилекке каршы, бир күнү редакцияга келсем: «Шатман агайың катуу ооруп калды» дешти. Ошо кезде үч айлык аскер жыйынында кызмат өтөп жүргөнүм үчүн жолуга албай, абдан кыжаалат болуп кеткенмин.

Арадан эки-үч жума өткөндөн кийин агайым айыгып калгандыр деген ойдо редакцияга келсем: «Уга элексиңби? Агайың каза болуп калды, ушу бүгүн саат 12де жерге берилет» деди кызматкерлердин бири. Муну укканда нес болуп калдым. Тышка чыгып саатымды карасам, кырк мүнөттөй убакыт калыптыр. Такси менен жетип келип, Чоң-Арыкты көздөй чубурулуп бараткан каз-катар автобустардын акыркысына эптеп илештим.

Атамдай болуп калган агайымдын сөөгү Байтиктеги мүрзөгө коюлду. «Кайтыш болсом Байтиктин дөңүнө койгула, ошол жерден Жумгалды карап жатайын» деген экен, жакын досу Эсенгул Ибраевге. Ден соолугунун, ал аз келгенсип тоталитардык доордун да азабын тартып жүрүп ааламдан эрте өткөн инсанга топурак салууга үлгүргөн ошол күндөн бери арадан кырк жыл өтүп баратыптыр.

Мирзохалим КАРИМОВ, жазуучу

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG