Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Кыйын болду кыргызга…


Топоз саап аткан мургабдык кыргыз келин. Тажикстан. (Иллюстрациялык сүрөт).
Топоз саап аткан мургабдык кыргыз келин. Тажикстан. (Иллюстрациялык сүрөт).

Бул блог кандайдыр себептер менен кайсы бир кылымда ата-бабасы тарыхый Мекенинен кетип, эми өз жерине кайра келгенде өгөйлөнүп, кыргыз боло албай жаткандар жөнүндө болмокчу.

Же күлөрүңдү, же ыйларыңды билейсиң: мындай акылга сыйбаган мыйзамдарды кыргыздын душмандары эле чүргөбөсө, башкалар мындайга барбайт. Ата-энеси жыйырма-жыйырма беш жылдан бери Кыргызстанда жашаса, Кыргызстандын жараны болсо, баласы Кыргызстанда туулуп-өссө, анан он жети жашка толгондо эле Тажикстандын жаранына айланып калабы?

Мындай абсурд жобону ойлоп тапкандардын деги акыл-эси жайындабы? Же аларда карапайым элди тияк-биякка чуркатып, азап бергенден башка жумушу жокпу?

Бүгүн ушул эч бир логикага жатпаган сандырак мыйзамдын айынан Тажикстандан көчүп келген канчалаган ата-энелер он жети жаштан өтүп кеткен балдарына паспорт алып бере албай иттин убарасын тартып жатышат.

Аларды балаңардын жарандыгын аныктап келгиле деп алгачкы жолу Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигине жиберишкенде, «ушундай кантип болсун!» деп элчиликтегилер катуу таң калышкан экен. Көрсө, "какырык менен чимкириктер" башкарган биздин өлкөдө баары боло берет экен. Болбосо беш миң долларга бөлөк улуттагыларга кыргыз жарандыгы берилген, паспорту сатылган Кыргызстанда (өкмөт башчы Садыр Жапаровдун сөзүнө таянып айтып жатам) ЖААЖсында (ЗАГСында) бир тамгасы бөлөк болгону үчүн эле менин бир таякем кайрылман макамын ала албай калмак эмес.

Эки бөйрөгү тең иштебей калып, гемодиализ аппаратына муктаж болуп, Тажикстандан атайын Кыргызстанга келген таякем ЖААЖсындагы бир-эки тамга айырманын айынан бир жылдан бери кайрылман макамын ала албай жүрөт. Негизи эле четтен келген боордошторго этникалык кыргыз катары кепилдик берген кайрылман макамын алуу учурда абдан кыйын болууда. Анткени алардын дээрлик көпчүлүгүнүн документтери бири-бирине дал келбейт.

Миграция кызматында иштегендердин айтымына караганда, бир айдын ичинде эле он беш кишинин документинен ката чыгат экен. Алар документтеринде катасы барлардын баарын Тажик элчилигине жөнөтүп жатышат. Бирок мен ушул убакка чейин Тажик элчилиги бир этникалык кыргыздын паспортун, күбөлүгүн же дагы башка документин оңдоп бергенин уга элекмин. Себеби, алар буга кызыкдар эмес, Кыргызстанга көчүп келген кыргыздарды алар жарандыгы барбы же жокпу, Кыргызстандын адамы катары эсептешет. Бул бир чети туура эле, ал жердеги каттоодон чыгып, үй-жайын сатып, түбөлүк жашайм деп тарыхый мекенине келсе, алар эмне үчүн баш оорутушу керек? Эми ошол документтери так эмес он беш кишинин санын он эки айга көбөйтсөк – жүз сексен киши болот экен.

Орустардын «хождение по мукам» дегениндей, алар үчүн чыныгы мүшкүл миграция кызматынын эшигинен башталат. Алар кайда барбасын, кимге кайрылбасын арыз-арманын, муң-зарын эч ким укпайт. Бүт жерден экс-президент Сооронбай Жээнбековдун оозунан түшпөгөн «баары мыйзамдын чегинде болуш керек» деген жоопту алышат.

Башкача айтканда, ит итти жумшайт, ит куйругун булгайт дегендей мамилеге туш болушат. Натыйжада, баары Тажикстанга барып документтерин оңдотуп келүүгө мажбур болот. Бирок бүгүнкү шартта, кары-картаңдар, оору-сыркоолор, жаш балалуу келиндер ж.б.у.с. Жерге-Талга кантип барып келет?

Пандемияга чейин Чоң-Алай аркылуу 1000 километр жол жүрүшсө, азыр Кыргызстандын Баткен облусу, Тажикстандын Согду облусунун аймагы аркылуу айланып, 2700 чакырымга жакын жол жүрөт.

Башта 5-6 миң сом менен Тажикстанга барып келсе болот эле. Ал эми азыр 12-13 миң сомуң болбосо барып келе албайсың. Учурдагыдай каатчылыкта бардыгында эле мындай мүмкүнчүлүгү жок. Чек ара маселеси боюнча мурдагы жетекчилерге бир нече жолу кайрылган элек, бирок эч кандай жооп ала албадык. Айтмакчы, чек арадан өтө албай март айынан бери бири-бирине жетпей жүргөн үй-бүлөлөр да жок эмес (күйөөсү Кыргызстандын жараны болгону үчүн же тескерисинче).

Дагы бир айта турган нерсе, ал жактагы паспорт столдогулар баргандарды «биздин күнөөбүз менен тигил же бул документиң бузулуп калыптыр» деп кучак жайып тосуп алышпайт. Аларга да акча төлөшүң керек. Негизи эле алар үчүн бул өзүнчө киреше табуунун жолуна айланган. Жергеталдыктар 25-30 жылдан бери алардын кесепетинен азап чегип келет. Муну алар же атайын жасашат, же ал жерде эч кандай жоопкерчиликти сезбеген, оозуң кана десе мурдун көрсөткөн сабатсыздар отурат. Бирок жаңы туулган кыргыз бөбөктөрдүн аттарын тажик орфографиясына ылайык жазып (мисалы, Адыл – Одил, Кадыр – Кодир, Шерзат – Шерзод ж.б.) максаттуу түрдө тажиктештирип жатышкандары анык. Же бул тууралуу жогору жакка даттанган бирөө жок, даттанса да бир нерсе чыгарына көзүм жетпейт.

Менин канчалаган жердештерим чоң үмүт менен тарыхый мекени Кыргызстанга көчүп келип, бирок жогоруда айтып өткөн келжирек мыйзамдардын, бюрократиялык тоскоолдуктардын айынан кыргыз боло албай өгөйлөнүп, айласы кетип жаткан учуру.

Израилде паспортунда еврей экени жазылса болду, чек арадан өтөрү менен Израилдин жараны болуп эсептелет экен. Бизде да жасалма тоскоолдуктарды жок кылып, этникалык кыргыздар тууралуу мыйзамдарга тез арада өзгөртүү киргизүү керек. Мейли Өзбекстандан келсин, мейли Тажикстандан келсин (же башка жактан келсин) күбөлүгүндө, паспортунда «кыргыз» деп жазылып турабы, автоматтык түрдө кайрылман макамын берүү шарт. Айрыкча тигил жактан каттоодон чыгып, биротоло көчүп келгендер үчүн эч кандай кедерги болбошу керек. Ал эми документтериндеги каталарды (паспортунун мөөнөтү өтүп кетсе, бир-эки тамгасында айырмачылык болсо) аларды убара кылбай эле заматта тактаса болот. Азыр жаңы технологиялардын, Интернеттин заманы. Муну тажик тарап менен сүйлөшүп, биздин ТИМ, Миграция кызматы жана Тажикстандагы Кыргызстандын элчилиги чечиши зарыл.

Эмки кеп Тажик элчилиги бере турган маалымкаттын азабы жөнүндө. Аюудан качсаң – дөңгөккө дегендей, бечара этникалык кыргыздар үчүн машакаттын баары бул жакта экен. Рахматы атам кимдир-бирөөлөргө катуу ачуусу келгенде «мурдунда жыты жоктор», «бейнамыстар» деп сөгөр эле. Тажикстандан келген мекендештерибизди Тажик элчилигине жиберип жаткандарды андан да катуу сөксө аздык кылат. Тажикстандын милициясынан жана дагы башкасынан ансыз да басынып, кысынып, кордолуп, кор болуп, акыры ал жакта жашоого мүмкүн болбой калганда Кыргыз мамлекети, кыргыз эли мени коргойт, колдойт, улутташы катары канатына калкалайт деп көчүп келгендерди кайра Тажик элчилигине жиберип жаткандарды кыргыз дегенге кантип оозуң барат?! Бул эмне болгон алешем саясат, бул эмне деген шермендечилик?! Мен эмне үчүн мынчалык буулугуп, ачуудан өзүмө батпай жазып жатканымды азыр түшүндүрүп берем.

Март айына чейин (пандемия башталганга чейин) аталган элчиликте күзөтчү болуп иштеген эки жердешим менен байланышып, он жети жаштан өтүп кеткен этникалык кыргыздардын жарандыгын аныктай турган маалымкат кандай шартта, канча мөөнөттө бериле тургандыгын кызыгып сурадым. Азыркы укмуштуудай техниканын, Интернеттин доорунда узагы бир күндө, болбосо андан да кыска убакытта алса боло турган маалыматты айлап-жылдап ала албай жүргөндөр бар экен. Жанагы кишилердин бири Сайдалиев Кожоакмат туура бир жылдан бери маалымкат ала албай жүргөн Эсен атуу жетим балага консулдуктагылардан өтүнүп, өзү алып бергенин айтты. Ал эми Сейит атуу жигит жөнөкөй маалымкатты бир жарым жыл күтүптүр.

Мен бул маселеде Тажик элчилигин эч күнөөлөй албайм. Жогоруда айтып өткөнүмдөй, бул алардын иши эмес. Аталган маселеден кабардар дагы бир этникалык кыргыз Базарбай Махмадиев маалымкат алыш үчүн күн сайын үч-төрт киши элчиликке кайрыла тургандыгын, ар бир маалымкаттын баасы миң сомдон турарын айтты. Демек, биздин намыссыз «билермандар» бир боордошторун өз мекенинде бирөөлөргө зарыктырып (орой айтканда, чөгөлөтүп) эле койбостон, алардын эсебинен бөлөк мамлекетти байытып да жатыптыр.

Биздеги ушундай сокур саясаттын кесепетинен бир канча жылдан бери кыргыз жараны боло албай жүргөндөр өтө көп. Бир эле мисалды айтайын. Биздин бир кызыбыздын аты метиркасында Бахтыгүл жазылып калган экен (эмне үчүн минтип жазып жатышканын жогоруда айтып өттүм). Сокулук районунун паспорт столунда иштеген бирөө кадимки ручка менен эле «х» тамгасынын «кга» айландырып, күбөлүктөгү атты «кыргызчалатып» салат. Бирок жарандыкка документтерин тапшырып жатканда жанагы күбөлүктү алмаштырып келгиле деп жаратпай салышат. Бахтыгүл Тажикстанга барса, жаңы күбөлүк бергендин ордуна «оңоп-түзөтүлгөндүгү анык» деп ошол эле эскисине штамп басып беришет. Эми бул жактагылар мунуң жарабайт, жаңы алып келесиң деп жатышыптыр. Ошентип, бир тамганын айынан Бахтыгүл үч жылдан бери жарандык алууга документтерин тапшыра албай жүрөт.

Жарандыгы жок этникалык кыргыздар үчүн дагы бир оор маселе – бул ооруканага жатып дарылануу. Август айында Кара-Балтанын Степное айылында турган бир тууганыбыздын келини катуу ооруп калып, ошол жерден такси жалдап шаарга алып келет. Алар кечки саат тогуздарда Бишкектеги республикалык ооруканага жетишет. Тилекке каршы, өмүрүнө коркунуч жаралып жатканына карабай (моюнуна бир жара чыгып, ал ириңдеп кеткен экен) эч бир бөлүм кабыл албай коёт. Ай-күнүнө жетип турган кош бойлуу келинди түнү бою тияк-биякка чуркатып, сөздүн түз маанисинде футбол кылышат. Ириң бөлүмүндө иштеген бөлөк улуттагы эки дабагердин бири «бул мындай абалда саарга чейин чыкпайт го, ириң эбак канына аралашып кеткен болуш керек» деп кайдыгер гана айтып коюп, атүгүл алгачкы жардам көрсөткөнгө да жарабаптыр. Мындай догдурлар кайдан чыгып жатат, кимдерден таалим-тарбия алып жатат – түк акылым жетпейт. Тажик жараны эмес, бөлөк планетадан келсе да адам оор абалда жатканда ага кечиктирилгис жардам көрсөтүү ар бир дарыгердин ыйык милдети эмеспи!

Ошентип, республикалык ооруканадан сенин кеселиңди биз дарылабайбыз, сен Мамакеевге баргын деп, ал жакка жиберишсе, алар кайра буларга жөнөтөт. Түн ортолоп калганда кулак, мурун, тамак бөлүмүндө нөөмөттө турган дабагер Бакиева Калыс эжеке боору ооруп: «Сени ооруң өтө коркунучтуу, ириң кекиртекке жетип, өпкөгө өтүп кетсе арты жаман болот, таң атканча биздин бөлүмдө жата тур, сага тез арада ийне да сайыш керек», - деп жаткызат.

Эртеси өзүм барып, Этникалык кыргыздар ассоциациясынын төрагасы Музаффар Абдуллаевди да келгин деп өтүндүм. Ал келгенче Саламаттык сактоо министрлигине кирип: «Эч кандай жеңилдик болбойт, чет эл жараны катары прейскурант боюнча төлөшү керек», - деген жоопту алдым. Тактап айтканда, ооруканага жатып дарыланыш үчүн күнүнө 4000 сом төлөш керек экен. Эртеси барбаган жерибиз, кайрылбаган кишибиз калбады. Бирок эч майнап чыккан жок. Кечээги көрүнүш дагы кайталанды. Түштөн кийин силер Фучиктеги ооруканага баргыла, силерди ошол жак дарылайт деп ал жакка жөнөтүштү. Күткөндөй эле, алар да кабыл алган жок. Кеч баарыбыз менин үйүмө келип, башыбыз катып отуруп калдык. Келиндин табы көтөрүлүп, катуу кыйнала баштады. Ал арада кечээ келинди убактылуу жаткызып дарылаган Калыс Кулмырзаевна телефон чалып калды. «Силерди ойлоп жаным жай албай жатат. Кечээ мен дайындаган уколдорду албаса болбойт. Кандай болбосун алышы керек. Эгер ийне сая турган адам таппасаңар, бизге алып келгиле, мен кыздарга чалып айтып коём», - деди кабатыр болгон үн менен. Сөзсүз ийне сайдыргыла деп кайра-кайра табыштады. Карачы, кандай жакшы адамдар бар, ушундай кишилердин барлыгы үчүн да дүйнө чайпалбай ордунда турат. Калыс эжекеге биз баарыбыз өмүр бою ыраазыбыз.

Ошентип, үчүнчү күн дегенде араң онкологияда иштеген Алиев Ибрагим деген досумдун жардамында М. М. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда жатып дарыланып чыкты. Чет элдин жараны катары ал жакка 12 миң сом төлөдү. Ибрагим досум мыкты инсан эле эмес, мыкты адис дагы. Анын бизден башка да канча адамдарга жардамы тийип, канчалаган сооп иштерди аткарып жүрөт.

Ушул окуядан кийин Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагы кескин өзгөрүүлөргө, чоң реформаларга абдан муктаж экендигине өзүм күбө болдум.

Эми дагы бир акылга сыйбаган жорук тууралуу айта кетейин. Кайрылман макамы жок келиндерден төрөт үйлөрүндө жаткан ар бир күнү үчүн 50 доллар, ал эми төрөтүшкөнү үчүн 150 доллар талап кылышат. Мындай адамгерчиликке дагы, кыргызчылыкка дагы, атүгүл мыйзамга дагы туура келбеген жоболор качан жана кандай ыйман-ынсапсыз немелер тарабынан иштелип чыкканын билбейм. Эмне, мынчалык суммадагы доллар төлөгүдөй биздин төрөт үйлөрүнө Америкадан же Европадан келип төрөп жатышыптырбы? Жок, өз жеринде тиричиликтери өтпөй калып, аргасыздан бул жакка көчүп келген баягы эле байкуш тажикстандык жана өзбекстандык карапайым кыргыз келиндер кайрылып жатат. Анда эмне, биздин өз кандаштарыбызга көрсөткөн жакшылыгыбыз ушулбу? Деги бизде өзү улуттук намыс деген барбы? Эгер улуттук намыс болгондо ансыз да кодуланып келген мекендештерибизди мынчалык кордобойт элек го!

Макаламдын аягында Казакстандагы ооруканалардын абалы жөнүндө учкай кеп кыла кетейин. Айылдаш инилеримдин бири Зикиров Амир ушул жайда Ак-Төбөдө иштеп жүрүп өпкөсү кагынып ооруп калып, ал жакта жатып дарыланган эле. Ошонун айтканы боюнча жазып жатам. Алардагы жоопкерчилик, медициналык аппараттар, догдурлардын бейтаптарга мамилеси, ооруканалардын шарты тууралуу айтып отурса бизге жомоктой эле угулат экен. Ар бир палатасында өзүнчө ажатканасы, душу бар дейт. Эң таң калычтуусу, биздегидей кезек күтмөй жок экен. Рентген кыла турган аппаратты, УДИни ж.б.у.с. палатага алып келишет экен. Ал процедуралардын баары акысыз тура. Он беш күн жатып дарыланыптыр. Бөлөк өлкөнүн жараны болсо да он беш күн үчүн бир тыйын төлөбөптүр. Ооруканадан чыгып жатканда дабалаган догдурду ыраазы кылып коёюн деп кичине акча сунса: «Сен өзүң мусапыр болсоң, алыстан келип кыйналып иштеп жатсаң, мага акча берип эмне кыласың? Менин алган маянам өзүмө толугу менен жетет. Андан көрө ал акчаңды өзүңө иштет, жакшылап дарыланып айыгып кет», - деп албай коюптур. Мына, Гиппократтын антын берген чыныгы дабагердин сөзү! Биздин догдурлардын да айлык акысы жетиштүү болгондо, мамлекет аларга Казакстандагыдай шарт түзүп бергенде, алар да тилемчилик кылбайт эле да.

Жаңы келген өкмөт көп нерселерди убада кылууда. Анын канчасы аткарылат, канчасы аткарылбайт – убакыт көрсөтөт. Бүгүн арасатта калып, үнү эч кимге жетпей, өзү кыргыз болуп туруп Кыргызстандын жараны боло албай жаткандардын тагдырына да көңүл бурулар, мен жогоруда айтып өткөн маселелер да кечиктирбей чечилер деген үмүт менен сөзүбүздү жыйынтыктай туралы.

Аким Кожоев, жазуучу

XS
SM
MD
LG