Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:32

Казакстан дагы эки шинжаңдык казакка качкын макамын берди


Багашар Маликулы.
Багашар Маликулы.

Кытайдан келген шинжаңдык казактар Багашар Маликулы менен Кайша Акан Казакстанда качкын макамын алышты. Бул тууралуу кабарды адвокат Абдолла Бакберген жана Маликулы өзү «Азаттыктын» казак кызматына ырастады.

«Качкын макамын 28-октябрда Талдыкорганга барып алдым. Бир жылга берилген. «Азырынча ушул документ менен жүрө тур, анда ары көрөбүз» деп айтышты», - деп билдирди Багашар Маликулы «Азаттыктын» кабарчысына.

«Нагыз Aта Журт» уюму Кайша Акан качкын макамын ырастаган документти «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

Адвокат Абдолла Бакбергендин айтымында, Кайша Аканга мындай макамды берүү тууралуу миграция полициясынын комиссиясы 29-октябрда Алматы шаарында чечим чыгарган.

17-октябрда былтыр Кытайдан качып келген шанжаңдык казактар Кастер Мусаханулы менен Мурагер Алимулыга да убактылуу качкын макамы берилгени кабарланган.

38 жаштагы Багашар Маликулы Кытайдан Казакстанга 2015-жылы көчүп келип, кайрылман күбөлүгүн жана өлкөдө жашоого укук берген документ алган. 2016-жылы Шинжаңда калган ата-энесине учурашуу үчүн барганда Кытай бийлиги кармап, документтерин алып койгон. Бир нече жолку сурактан кийин 2017-жылы январда Казакстанга качып келген.

43 жаштагы шинжаңдык казак Кайша Акан да Кытайда «кайра тарбиялоо лагерине» жөнөтүлүүдөн кооптонуп Казакстанга качып келген. Анын качкын макамын издеп жүргөн жаран деген күбөлүгүнүн мөөнөтү быйыл 20-ноябрда аяктамак.

Кытайдын Шинжаң аймагында уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлү лагерлерде негизсиз кармалып тургандыгы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Кытай жергиликтүү элдин укугу бузулганын четке кагууда.

XS
SM
MD
LG