Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Арменияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды


Тоолуу Карабак үчүн согушта курман болгондор эскерилүүдө. Ереван. 2020-жылдын 12-декабры.
Тоолуу Карабак үчүн согушта курман болгондор эскерилүүдө. Ереван. 2020-жылдын 12-декабры.

Арменияда Тоолуу Карабак үчүн согушта курман болгондорго үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу премьер-министр Никол Пашинян «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анын айтымында, 19-декабрда Тоолуу Карабактагы куралдуу чатактын аяктаганына 40 күн болот.

Бул күнү Еревандын Республика аянтында бир катар аза күтүү иш-чаралары өтөт. Андан тышкары өкмөт башчы Баку менен Еревандын ортосунда туткунга түшкөндөрдү айырбаштоо жараяны күтүлүп жатканын билдирди.

Армениянын Саламаттык сактоо министрлигинин 11-декабрда тараткан маалыматына караганда, сентябрдын соңунда башталып, алты аптага созулган куралдуу кагылышууда үч миңдей киши каза болгон.

Ал эми Азербайжандын Коргоо министрлиги алар тараптан 2700дөн көп аскер көз жумганын кабарлады.

27-сентябрда башталган алты апталык кыска согуш 9-ноябрда Азербайжандын, Армениянын жана Орусиянын жетекчилиги кол койгон атышууну токтотуу тууралуу үч тараптуу билдирүүгө ылайык токтотулду. Жикчил Тоолуу Карабактын чет-жакаларындагы үч район кайра Азербайжанга кайтарылды. Аймакка тынчтык орнотуу күчтөрү катары Орусиянын 2 миңдей жоокери 10-ноябрдан тартып киргизилди.

Азербайжан Лачын районунда Тоолуу Карабак менен Армениянын ырааттуу байланышын камсыз кылган өткөөл жолдун кепилдигин берди. Өз кезегинде Армения Нахичеван автономиясы менен Азербайжандын чыгыштагы өткөөл жолуна өз кепилдигин берди.

XS
SM
MD
LG