Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Араз-Араз: Ырдан чыккан сөз чыры


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Азербайжандын президети Илхам Алиев салтанаттуу парад маалында. Баку. 2020-жылдын 10-декабры.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Азербайжандын президети Илхам Алиев салтанаттуу парад маалында. Баку. 2020-жылдын 10-декабры.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Бакудагы сапары маалында өздөрү жикчил санаган ырга шилтеме кылганын терең айыптады. Расмий Анкара анын кинесин четке какты.

11-декабрда Ирандын тышкы иштер министрлиги Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Бакудагы иш сапары маалында тарыхый ырды окуганын башка өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары айыптады.

Бул окуяга нааразылык иретинде өлкө ТИМи Түркиянын Тегерандагы элчиси Дерйа Өрс (Derya Örs) мырзаны мекеменин башкеңсесине чакырды. Иран ТИМинин басма сөз өкүлү Сайид Хатибзаденин айтымында, түрк элчисине эски чактагы аймактык бүтүндүккө шек келтирчү заман, баскынчыл ири дөөлөттөрдүн доору эчак артта калгандыгы эскертилди. «Иран эч кимге өзүнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүүгө жол бербейт», – деп министрликтин интернет барагында да белгиленди.

Тасма. Бакудагы салтанаттуу парад. 10.12.2020.

Президент Эрдоган Тоолуу Карабактын чет жакасындагы райондор бошотулганын майрамдаган Азербайжандын борборундагы аскердик салтанаттуу парадга катышып, өз сөзүндө теги азербайжан болгон ирандык акындын (же аты белгисиз элдик акындардын) XIX кылымда Азербайжан жеринин Иран жана Орусиянын ортосунда бөлүндүдө калгандыгы тууралуу “Араз-Араз” (“Арас–Арас”) аттуу ырынан үзүндү келтирген.

"Aras'ı ayırdılar,

Kum ile doldurdular;

Ben senden ayrılmazdım;

Zor ile ayırdılar;

Ay Lâçin, can Lâçin;

Men sene kurban Lâçin..."

"Арасты айырышты (б.а. Түндүк Азербайжандан ажыратышты),

Кум менен толтурушту;

Мен сенден айрылбас элем;

Күч менен айырышты;

Ай, Лаачын, жаным Лаачын;

Сага курман болоюн, Лаачын...

[Арас (азербайжанча Араз, армянча Арахс, иранча Эрэс) дарыясынын башаты Түркияда жайгашкан, ал эми төмөнкү агымынын оодук бөлүгү Иран менен Азербайжанды бөлүп турат].

Бул ырды Иран бийликтери өлкөдөгү азербайжандарды жикчилдикке козуткан ыр катары санашат.

Айтмакчы, айрым маалымат каражаттарында бул ыр азербайжандык акынга таандык деген пикирлер жарыяланды. Пикирлердин биринде бул ыр саптары азербайжан акыны Бахтияр Вахапзаденин (Bəxtiyar Vahabzadə; 1925–2009) бир поэмасынын үзүндүсү катары сыпатталды.

Бирок түркиялык адабиятчы илимпоздор бул ыр азербайжан фолклорундагы “байаты” (бизче “терме”, же “өлөң” сыяктуу) элдик поэзия жанрына кире тургандыгын жана бул ырдын конкреттүү автору жоктугун, саптарында ар кыл варианттары учураарын белгилешти.

Азыркы тапта Түркия пост-советтик Азербайжандын эң жакын шеригине айланды.

Тоолуу Карабактагы алты апталык согуштун Баку үчүн жеңиштүү аякташына Түркиянын салымы зор болгонун Азербайжандын президент Илхам Алиев да баса белгиледи.

Бирок бул эки бир тууган өлкөнүн жакындашынан чочулаган коңшулары да жок эмес. Аларын бири – Иран бийлиги.

Этностук картага кылчайсак, Ирандын түндүк-батыш аймагы “Ирандык Азербайжан” деп аталат. Анда жашаган азербайжандардын басымдуу көпчүлүгү шийилер болуп саналат, бирок алар түрктөр менен эч котормочусу жок баарлашат.

Тоолуу Карабактагы согуш аракеттери маалында айрым адашкан ракеталар Ирандын Чыгыш Азербайжан вилейетине түшүп жарылды. 2020-жылдын 16-октябры.
Тоолуу Карабактагы согуш аракеттери маалында айрым адашкан ракеталар Ирандын Чыгыш Азербайжан вилейетине түшүп жарылды. 2020-жылдын 16-октябры.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф түрк президенти Эрдогандын Бакудагы сөзүнө терчиккенин жашырбады. Ал өзүнүн “Твиттердеги” барагында:

Президент Эрдоган Бакуда өзү калпыс үзүндү келтирген ыр саптары Араздын түндүгүндөгү аймактар ирандык атамекенден зордук менен тартылып алынгандыгына жасалган шилтеме экендигинен кабардар кылынган эмес. Деги ал өзү Азербайжан Жумуриятынын эгемендигине шек келтирип жаткандыгын аңдай алды бекен?” – деп жазды.

Ирандын ИРНА кабар агенттиги болсо “Араз-Араз” ыры пантүркчүлөрдүн жикчил символдорунун бирине жатат деп белгиледи жана расмий Тегеран Анкарадан түшүндүрмө талап кылганын кошумчалады.

Түркия тышкы иштер министрлиги жооп иретинде Ирандын Анкарадагы элчиси Мухаммед Феразменд (Muhammed Ferazmend) мырзаны чакырып, Жавад Зарифтин “Твиттердеги” жазганына нааразылыгын билдирди.

Түркия ТИМинин өкүлдөрү Зарифтин “мындай мамилеси Түркия менен Ирандын тыгыз кызматташтыгына кайчы келет жана алардын өз ара дурус мамилелерин бузууну каалаган чөйрөгө гана кызмат кылат", – деп белгилешти.

Ошол эле учурда Иран менен Түркия дипломатиялык чөйрөлөрү болочокто тынчтыкта кызматташуунун чөлкөм үчүн өзгөчө зарылдыгын да баса белгилешкен.

Тарыхый коңшулар. Бул картада Азербайжандын Тоолуу Карабак аймагы кызыл түстө көрсөтүлгөн.
Тарыхый коңшулар. Бул картада Азербайжандын Тоолуу Карабак аймагы кызыл түстө көрсөтүлгөн.

Негизи, саясатчылар эски доорлордогу көркөм чыгарманы же тарыхый инсанды өрнөк катары колдонгон чакта идеологиялык же башка себептер менен теңирден тетири түшүндүрүүлөр аркылуу каяша айтууларга кабылган учурлар башка өлкөлөрдүн дипломатиялык жана адабият тарыхынан деле кыйла кездешет.

Маселен, Богдан Хмельницкийдин ролунун Украина менен Орусиядагы ар кыл доорлордо ар башкача аңдалышы; Назым Хикметтин ырларынын СССРде кубатталышы, бирок Түркиянын мурдагы бийликтери тарабынан жектелиши (азыр анын чыгармалары Түркияда ээн-эркин басылып келет); СССРде тыюу салынган диссидент калемгерлердин мурасынын Батышта эркин жарык көрүшү (азыр алар Орусияда эркин жарыяланууда); орус Лев Гумилёвдун чыгармаларынын бир катар түрк жумурияттарында өзгөчө даңазаланышы (Нур-Султанда заманбап университет анын ысымын алып жүрөт), ж.у.с. мисалдар арбын.

XS
SM
MD
LG