Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Москва менен Анкара Тоолуу Карабакка чогуу байкоо жүргүзөт


Тоолуу Карабакта куралдуу кагылыш 27-сентябрда башталган жана эки тараптан тең ондогон адам окко учкан.
Тоолуу Карабакта куралдуу кагылыш 27-сентябрда башталган жана эки тараптан тең ондогон адам окко учкан.

Орусия менен Түркия Тоолуу Карабактагы жагдайга жана тынчтык орнотуучу күчтөргө чогуу байкоо жүргүзүп, көзөмөлдөш үчүн биргелешкен борбор түзүүнү макулдашты. Бул тууралуу 1-декабрда Түркиянын Коргоо министрлиги билдирди. Аны Орусиянын аскер мекемеси да ырастады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков макулдашууга ылайык, бул борбордо эки тараптан тең бирдей сандагы кызматкерлер болорун айтты.

Орусиянын, Азербайжандын жана Армениянын президенттери 10-ноябрда Толуу Карабактагы куралдуу кагышты токтотуу тууралуу тынчтык келишимине кол койгон. Москва арачылык кылган үч тараптуу бул макулдашууга ылайык, аймакка орусиялык тынчтык орнотуучу күчтөр кирген. Анда Кремль документте Түркия тууралуу сөз жок экенин, түрк аскерлери аймакка келбей турганын билдирген. Бирок түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган тараптар аймакка көзөмөл жүргүзүш үчүн орус-түрк биргелешкен борборун түзүүнү макулдашканын айткан.

Тоолуу Карабакта куралдуу кагылыш 27-сентябрда жанданган жана эки тараптан тең ондогон адамдар окко учкан. Согушту токтотуу тууралуу үч тараптуу келишим боюнча, Ереван жикчил Тоолуу Карабакты курчап турган Агдам, Калбажар жана Лачын райондорун кайрадан Азербайжандын карамагына өткөрүп берүүгө мажбур болгон.

Агдам району Азербайжанга 20-ноябрда, Калбажар району 25-ноябрда, ал эми Лачын району 1-декабрда Бакунун карамагына өттү.

XS
SM
MD
LG