Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

УКМК кримтөбөл Досоновго издөө жарыялады


«Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов. Архивдик сүрөт.
«Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов. Архивдик сүрөт.

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү делген Кадыр Досоновго издөө жарыяланды. Бул тууралуу 30-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында Досоновдун «менчикке каршы оор кылмыш жасоого катышы бар» экени аныкталган.

Кадыр Досоновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева Досоновго козголгон кылмыш ишин «саясий чечим» деп эсептейт. Укук коргоо органдары уюшкан кылмыштуу топторго (УКТ) акыркы эки жылдан бери системалуу күрөш жүрүп жатканына ынандырууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, кылмыш дүйнөсүндө «Женго» аттуу каймана ат менен таанымал Кадыр Досонов «менчикке каршы оор кылмыш жасоого аралашканы» аныкталган.

Ал боюнча сотко чейинки териштирүүдө аныкталып, 28-ноябрда шаардык сот Досоновду тергөө изоляторуна киргизүү чечимин сыртынан кабыл алып, ага издөө жарыяланган. Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш уланып жатканын кошумчалаган.

«2020-жылдын 28-ноябрында Ош шаардык соту Кадыр Досоновдун оор кылмыш жасоого айыпталганы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында билдирме келип түшүп, ага карата сырттан кармоо жана издөөгө алуу чечими кабыл алынган», - деп жазылган УКМКнын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

«Төрт сотых жерди басып алган»

Ал эми Досоновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева 2015-жылы болгон Кадыр Досонов жарандык никедеги аялы аралашкан жерге байланышкан чыр боюнча иш прокуратуранын өтүнүчү менен тергелип жатканын айтууда.

Назгүл Сүйүнбаева
Назгүл Сүйүнбаева

«Мунун иши "2015-жылы анын жарандык никедеги аялы жер тилкесин алып, тилке чийинден чыгып кетиптир" деген шылтоо менен иш козголгон экен. Бирок бул жарандык тартип карала турган маселени эмнегедир кылмыш ишине айландырып, азыр жоопкерчиликке тартабыз деген максат менен жүрүшөт».

Ош облустук сотунун маалымат кызматы жактоочунун жер тилкеси боюнча айткандарын ырастап, Кадыр Досонов үй-бүлөсү менен 2015-жылы төрт сотых жерди мыйзамсыз басып алып, жогорку чыңалуудагы электр зымдары өткөн, курулушка тыюу салынган жерге үй курганы үчүн тергөө изоляторуна киргизүү чечими чыкканын билдирди.

«Досоновго коюлган саясий доо»

Бир жыл мурда Кадыр Досонов бараткан автоунаа Ошто жол тескөөчүгө баш ийбегени үчүн кармалган.

Ошол эле күнү жол эрежелерин бузганы үчүн айып төлөп, айдоочунун жанынан табылган тапанча экспертизага жөнөтөлүп Досонов коё берилген.

Ош шаары, 2020-жыл 8-июль.
Ош шаары, 2020-жыл 8-июль.

Бул жолу анын кармалышын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева «саясий чечим» деп сыпаттады.

«Ошол саясатка байланыштуу деп ойлойм. Анткени жоопкерчиликке тартуу боюнча эч кандай негиз жок. Артында бийликтеги адамдар турушу мүмкүн. Жер тилкесине байланышкан маселелер бир гана жарандык тартипте чечилиши керек. "2015-жылы болгон окуяны эмнеге 2020-жылы көтөрүп жатышат?" деген суроо пайда болуп жатат».

Буга чейин Кыргызстанда криминал саясатка кадыресе аралашып келгенин айткан серепчи Төлөгөн Келдибаев, уюшкан кылмыштуу топторго саясатчылар тарабынан калкалоо болуп келгенин айтууда.

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

«Ошол эле Садыр Жапаров, Мелис Мырзакматов ошол кылмыш дүйнөсүнүн кысымынан улам өлкөдөн чыгып кеткен. Ушул күнгө чейинки бийликте отургандар кылмыштуу топтор менен кызматташып келген. Шайлоолордо, штабдарда, революцияларда аралашкан. Ошол үчүн биздин бийликтегилердин көпчүлүгү кылмыш дүйнөсү менен эсептешип келген. Ошондуктан булардын сөзү өтпөйт, аларга басым жасай албайт».

Келдибаев «Женгого» коюлган доо боюнча «саясий кызыкчылык бар» дегенге кошулбайт. Анын пикиринде, азыркы бийлик кылмыштуу топторду саясий атаандаштарына карата пайдаланса, кырдаал курчуп кетиши мүмкүн.

Кадыр Досонов Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп шек саналган.

2013-жылдын 11-январында «ДЭУ-Нексия» үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде отурган Шоноевди үйүнүн жанынан атып кетишкен. Бул кылмыш ишине байланыштуу Кадыр Досонов 2015-жылдын 6-февралында кармалган. Ал өзү мындай айыптоолорду четке каккан.

Кадыр Досоновду 2017-жылы 7-июлда Ош облусунун Кара-Суу райондук соту актаган. Ал ушул эле жылы Жогорку соттон да толук акталып чыккан.

Бул президенттик шайлоонун алдына туш келген жана коомчулукта бийлик шайлоодо добуш алуу үчүн криминалды колдонушу мүмкүн деген сөздөрдү жараткан.

«Талап-тоноочулук көбөйдү»

Деген менен Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев УКТнын өкүлдөрүнүн кармалышы бул алар менен системалуу күрөштүн натыйжасы деп эсептейт. Ал ошондой эле акыркы убакта талап-тоноочулук көбөйгөнүнө токтолду.

Жеңишбек Аширбаев.
Жеңишбек Аширбаев.

«Акыркы кезде талап-тоноочулук чынында өсүп кетти. Арыздын негизинде иликтеп барганда эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болуп жатат. Милиция мурун кандай күрөшүп келсе, азыр да ошондой эле күрөшүп жатат».

Облустук милициянын тизмесинде бүгүнкү күндө төрт уюшкан кылмыштуу топ бар. Алардын айрымдарынын курамы онго чейин жетет.

"Азаттыктын" архиви: Коомду чүнчүткөн кылмыштуу топтор

XS
SM
MD
LG