Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

«Женгонун» кармалышынын чоо-жайы


«Женго» каймана аты таанымал Кадыр Досонов. Архивдик сүрөт.
«Женго» каймана аты таанымал Кадыр Досонов. Архивдик сүрөт.

«Женго» деген каймана аты менен белгилүү, кылмыштуу топтун мүчөсү катары таанымал Кадыр Досонов кайра кое берилди. Ал 15-октябрда түшкө жуук Ошто жол тескөөчүгө баш ийбегени үчүн кармалган эле.

Досонов мурда милиция кызматкерин өлтүрүүгө айыпталып, акталып чыккан. Бир күн мурда эле Досоновдун «Казак» аттуу каймана аты бар желдети да мыкаачылык менен уруп-сабоого шек саналып кармалган. Бул окуялар Кыргызстанда криминалдык топтор тууралуу талкууларды кайра күчөттү.

«Женгону» кармоо операциясынын сыры

15-октябрдагы Кадыр Досоновду кармоо операциясына «Азаттыктын» кабарчысы башка иш менен баратып, капыстан күбө болуп калды.

Ал жөнөткөн сүрөт, видеодон күч органдарынын беткапчан кызматкерлери Ош шаарынын борбордук автобекетинин жанында, Осмонов көчөсүндөгү айланмада Досоновду жана дагы бир кишини автоунаага салып баратканын көрүүгө болот.

Кадыр Досоновду кармоо учуру. 15-октябрь, 2019-жыл.
Кадыр Досоновду кармоо учуру. 15-октябрь, 2019-жыл.

Көп узабай Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев маалыматты ырастап, Досонов жол кыймылынын эрежелерине баш ийбегени үчүн кармалганын билдирди:

Жениш Аширбаев.
Жениш Аширбаев.

- Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери чогуу «Куюн» («Ураган») рейдин өткөрүп жатышкан. Ошол учурда артында мамлекеттик номуру жок автоунаа жол тескөөчүлөргө баш ийбей качыптыр. Күч кызматкерлери машинени артынан кууп барып токтоткон учурда анда «Женго» аты менен таанымал Кадыр Досонов баратканы белгилүү болгон. Айдоочунун жанынан белгисиз үлгүдөгү тапанча алыныптыр, ал боюнча да текшерүү жүрүп жатат.​ Натыйжада автоунаада мамлекеттик номердин жоктугу, курду тагынбаганы жана жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерге баш ийбегени үчүн үч протокол толтурулуп, айыппул салынган. Мындан кийин аларга атайын профилактикалык аңгемелешүү өткөрүлүп, кое берилген. Ал эми айдоочудан алынган тапанча милиция кызматкерлери тарабынан алынып, экспертиза дайындалды.​

Кылмыш дүйнөсүндө «Женго» деген каймана ат менен белгилүү Оштогу кримчөйрөнүн анабашы атыккан Кадыр Досонов өзүнө коюлган айыптар жана кылмыш иши боюнча 2017-жылы Жогорку соттон толук акталып чыккан. Досонов ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп айыпталган. Шоноевди белгисиз адамдар 2013-жылы үйүнүн алдынан атып кетишкен.

Кадыр Досонов мындан башка кылмыштар боюнча да айыпталып, айрымдары боюнча акталып, кээ бирлери боюнча миллиондогон сом компенсация төлөп берген. Бирок азыр деле анын коомчулуктагы аракеттери тууралуу пикирлер бир кылка эмес.

Досоновдон жабыр тарткандардын бири, атын атагысы келбеген Оштун тургуну буларга токтолду:

Буга биздин азыркы бийликтин алы жетпейт, ал өзү бийлик, хан.


- Кадыр Досонов - кылмыштуу топтун жетекчиси. Буга биздин азыркы бийликтин алы жетпейт, ал өзү бийлик, хан. Укук коргоо органдары, милиция андан ачык эле коркот. Соттор, прокурорлор да андан тайсалдап турат, ал тургай соттук жарянда анын бетин карап, суроо бере албай коюшкан. Ал мыйзамга баш ийбейт. Же түрдүү номерлер менен, же номери жок машинеде жүрөт, учакта депутаттар учкан бөлүктө каттайт. «Женго» эркиндикте жүрсө деле, камакта отурса деле каалаганын кылат, каалаган кишисин карактайт. Ага бардык жер бирдей. Менимче аны ушундай кримтөбөл катары алып жүрүү бийлик үчүн керек окшойт, ошол себептүү ага бардык аракеттерине уруксат берет.

Кылмыштуу топтор жандандыбы?

Мындан беш күн мурда, 10-октябрда «Женгонун» оң колу катары айтылып жүргөн «Казак» аттуу каймана аты бар жаранды (азыркы аты-жөнү М.У., мурдагы аты-жөнү К.Э.) криминалдык милиция кызматы колго түшүргөн.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын тизмесинде «уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү» катары каттоодо турган жарандын бөгөт чарасын Ош шаардык соту 12-октябрда карап, аны бир айлык мөөнөткө абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды.

Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, ал 9-октябрь күнү Ош шаарынын «Скай-бар» түнкү эс алуу борборунда Ош шаарынын тургуну менен чырдаша кетип, миздүү нерсе менен желкеге жана оң каруусуна сайып, качып кеткен.

Бирок ушул эле маалыматтарга оро-пара «Казак» деген каймана ат менен таанымал кылмыштуу топтун өкүлү тартылган видео Интернетте тарап кетти. Анда ал укук коргоо кызматкерлерин сөгүп, «алар бар үчүн милиция барын, алар тийбегени үчүн милиция иштеп жатканын» эскертип жатканы көрсөтүлгөн.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков видеодогу жаран «Казак» экенин ырастап, бирок милиция кылмыштуу топтор менен катуу күрөшүп жатканын айтты.

Замир Сыдыков.
Замир Сыдыков.

- Айрым бир Интернет булактарына тарап кеткен кыскача видеотасмада кармалган «Казак» аттуу каймана аты бар адамдын ыйлап, бир нече сөздөрдү айтып, сөгүнгөнүн угууга болот. Ал милиция кызматкерлеринин имаратында тартылган деген божомолдор бар. Бул боюнча ички иликтөө кызматы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат. Ошол эле учурда кармалган адам «биз бар болгон үчүн силер жүрөсүңөр» деген таризде айтканы - бул анын айласы кетип, ыйлап, шолоктоп отуруп айткандагы сөзү болсо керек.Анткени милиция эч качан криминалдын алдында өзүн пас кармабайт жана мыйзамга таянуу менен аларга каршы иш жүргүзүп келген, мындан ары дагы жүргүзө бермекчи. Ош шаарында милиция кызматкерлери эч качан кылмыштуу чөйрөгө жакын адамдардын жарандардын укуктарын бузуусуна жол бербейт. Алар дайыма милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө жана кылмыш жасай турган болсо, сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартылат, - деди Замир Сыдыков.

Баса, сентябрь айынын аяктарында Интернетте Кадыр Досонов менен Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаевдин жанаша басып келе жаткан видеосу тараган.

Социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган тасма качан тартылганын Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат тактап жатканын билдирген.

Бул окуя Саркарбаев өзү атышууга байланыштуу аты аталган учурга туш келген. Тагыраагы, 22-сентябрда Кара-Суу районунун Фуркат айылында Төлөгөн Рахманберди уулу аттуу жаран октон жараат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Анын жоон санына ок тийип, сөөгү сынып кеткенин дарыгерлер билдирген. Буга Саркарбаевдин тиешеси бар экени айтылган.

Рахманберди уулу 25-сентябрда Оштогу жергиликтүү каналдардын бирине маек куруп, өзүн өзү атып алганын айтып берген жана Кылыч Саркарбаевге карата арыз жазуудан баш тарткан. Саркарбаев өзүнө карата дооматтарды төгүндөгөн.

Ага карабай бул окуя коомчулукта ак менен кара, бийлик жана мыйзам өкүлдөрү менен кылмыштуу топтун өкүлдөрү аралашып калды деген пикирлерди күчөткөн.

Кийин, Ош шаарында «Азаттык» радиосунун кабарчысы сабалганына байланыштуу чуу чыккан учурда Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев аймакта криминогендик жагдайга кабатырлануусун билдирген эле. Ал «Азаттык» радиосунун “Эксперттер талдайт" берүүсүндө сүйлөп жатып буларды билдирген:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

- Ошто бул нерсе, тилекке каршы, нормага айланып баратат. «Күндүз атышса болот, таңга маал сабап кетсе боло берет, кааласа тартып алса болот» деген норма болуп жатат. Мыйзамдын алдында баары бирдей болушу зарыл.

Быйыл жыл башында айрым жергиликтүү Интернет басылмалар күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү булактарына таянып, Кыргызстандын кылмыш дүйнөсүндө олуттуу тирешүү жүрүп жатканын жазып чыгышкан.

Анда Оштогу «Женго» аттыкан кримтөбөл Кадыр Досонов криминалдык «таажыны» талашып, «Коля Кыргыз» деген ылакап аты бар Камчы Көлбаев менен каршылашып жатканы кабарланган. Ошондой эле кримчөйрөдөгү бул тирешүү алдыдагы шайлоого байланыштуу болушу мүмкүн деген божомолдор айтылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG