Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Ошто мурдагы мэрдин тууганы сабалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында 11-январда белгисиз топтон токмок жеген Улан Раимбеков оор абалда ооруканада жатат. Жабырлануучунун жакындары муну кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн көрүп жатышат. Милиция окуяны териштирип жатканын билдирди.

Жабырлануучу Ош аэропортунун кызматкери жана мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин жакын тууганы экендиги айтылууда. Бул - акыркы бир ай аралыгында чоң муштумдардан таяк жеп, оор абалда ооруканага түшкөн экинчи адам.

Окуя Ош шаарынын Курманжан датка кичирайонунда 11-январга караган түнү болгон. Таяк жеп, оор абалда ооруканага түшкөн Улан Раимбеков 30 жашта. Жакындарынын айтымында ал Ош аэропортунда иштейт, Ош шаарынын мурунку мэри Айтмамат Кадырбаевдин бир тууган агасынын баласы.

Ош облустук клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талант Курбаналиевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, ал ооруканага жаагы сынып, эрини жыртылган абалда түшкөн.

- Ооруканага түнкү саат 3:30да түшкөн. Бизге түшкөндөн бир саат мурун аны белгисиз бирөөлөр Түштүк-Чыгыштагы «Народный» дүкөнү жакта уруп кетишиптир. Уюшкан кылмыштуу топ, кылмыш элементтери бар деп айтылып жатат. Биз милицияга маалымат бердик. Учурда ал палатада, эсине келген, абалы туруктуу, бет-жаак хирургиясында жатат. Операция маалында сынган сөөктөрүн бүтөп, жыртылган жерлерин тиктик, азыр дары-дармек алып жатат.

Жабырлануучулардын жакындары аны кылмыштуу топтун мүчөлөрү сабап кетти деп болжолдоп жатышат. Улан Раимбековдун атын атагысы келбеген жакын тууганы окуяны «Казак» деген каймана аты бар Умар Маратов аттуу адам менен байланыштырды:

- Ошол (Умар Муратов) баштаган топ болуп келип токмоктоптур. Бул жөн эле сөз эмес. Өзү да эсине келгенде милиция кызматкерлерине айтыптыр, «биринчи келип, сүйлөшүп туруп эле токмоктой башташты» деп.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков окуяга «Казак» деген каймана ат менен таанымал кылмыштуу топтун мүчөсүнүн тиешеси бар-жогу такталып жатканын билдирди:

Замир Сыдыков.
Замир Сыдыков.

- Окуя болгон жерге дароо уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери барышкан. Токмоктолгон жигит ооруканага түшкөн. Биз «Казакты» декабрда жаш кызды зордуктап койгону үчүн камаганбыз. Аны «үйүңө жеткирип коём» деп уруп-сабап зордуктаган. Биз камагандан кийин сот кайра 8-январда үй камагына чыгарып жибериптир.

Ал эми Умар Маратовдун жактоочусу Динара Турдуматова акыркы окуяга байланыштуу кардарын милиция суракка чакырбаганын айтты:

- Мен бул маалымат боюнча эч нерсе билбейм. Кечээ эле Интернеттен окудум. Эч ким чакырган жок. Өз үйүндө апасынын жанында жатат. Азыр ал үй камагында.

Жактоочу Динара Турдуматова ошондой эле Умаров камакта болгон кезде эки укук коргоо кызматкери кыйноого алганын, ал иш боюнча өзүнчө кылмыш иши козголгонун кошумчалады.

«Казак» деген каймана аты менен белгилүү Умар Маратов буга чейин бир канча ирет «Уурулук» жана «Каракчылык» беренелери боюнча соттолуп чыккан. 2019-жылдын октябрь айында жашы жете элек 16 жашар кызды зордуктоо боюнча шектүү катары кармалган. Андан мурун Ош шаарындагы кафелердин биринде 23 жаштагы балага бычак сайып жиберген деп кармалган.

Кылмыштуу топтун мүчөсү болуп саналган Умар Маратов мурда Эрнис Казаков деген ысымды алып жүргөнү, ал кримтөбөл аттыккан «Женго» деген каймана аты бар Кадыр Досоновдун оң колу экени да айтылып жүрөт.

Ошто жаңы жыл алдында дагы бир киши катуу токмок жеп ооруканага түшкөн болчу. Аны да уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү сабаганы айтылган.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сел жана суу ташкындарынан коргоо агенттигинин башчысы Сапарбек Бакыевди 25-декабрда Оштогу үйүнүн жанынан атып кетишкен.

Бул окуялар аймактагы криминогендик жагдайдын кооптуулугун эске салды.

Серепчи Төлөгөн Келдибаев шаардагы мындай окуяларды, кылмыштуу топтордун кайра-кайра баш көтөрүшүн алардын жазасыз калып жатканы менен байланыштырды:

- Кыргызстанда кылмыштуу топтор баш көтөргөн өзүнчө бир таасирдүү күчкө айланган. Ар бир шайлоодо бийлик аларды курал кылып пайдаланат. Ошондуктан күч органдары тарабынан укуктук жактан баа берилет, чечилет деп айтуудан алысмын. Анткени азыр криминалитетке каршы биздин күч органдарынын иш-аракеттерин канааттандырарлык деп айтканга болбойт. Ошондуктан сабап кетүү, криминалдык кысым, коркутуу жер-жерлерде болуп жатат. Бул токтобойт.

Ош шаарында адамдар кимдир бирөөлөрдү ур-токмокко алган же кимдир-бирөөгө ок аткан учурлар акыркы күндөрү байма-бай катталууда. Маселен, былтыр Ош мэриясынын кызматкери Кылыч Саркарбаев спортчунун октон жарадар болушуна тиешеси болгону кабарланган. Учурда ИИМ бул окуяны териштирүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG