Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

ӨКМ кызматкеринин табышмактуу өлүмү


Маркум Сапарбек Бакыев
Маркум Сапарбек Бакыев

Ошто Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" агенттигинин башчысы Сапарбек Бакыевди 25-декабрда үйүнүн жанынан атып кетишти.

Кылмыштын чоо-жайы тууралуу маалымат бериле элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кызматкердин өлүмү ишине байланыштуу эмес деп билдирди.

26-декабрда Сапарбек Бакыевдин жаназасына вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун жардамчысы, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов келди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы киши өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, териштириле баштаганын маалымдады. Мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыков буларды айтты:

- Алгачкы иликтөө көрсөткөндөй, Бакыев Сапарбекти 25-декабрь күнү кечинде белгисиз адам белгисиз курал менен атып кеткен. Окуя болгон жерден табылган гильза жана бул окуя боюнча тийиштүү экспертиза дайындалды. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине адам өлтүрүүнүн белгилери боюнча катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Кылмыштын бетин тез арада ачуу үчүн кошуна өлкөлөрдүн ички иштер кызматкерлери менен иштешип жатабыз. Бул кылмыш жакынкы күндөрү ачылат.

Маркум Сапарбек Бакыевдин үйүнүн короосу. Окуя болгон жер.
Маркум Сапарбек Бакыевдин үйүнүн короосу. Окуя болгон жер.

Сапарбек Бакыевдин жакындары каргашалуу окуя тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышты. Болгону маркумдун сөөгүн Ош шаардык тез жардам бөлүмүнө жакындары жеткиришкени белгилүү болду.

Маркумдун сөөгүн изилдеген Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө бюросунун танатология бөлүмүнүн башчысы Арап Кожобаев буларды айтты:

- Каза болгон Бакыев Сапарбекке алгач сырткы кароо жүргүздүм. Андан кийин ички изилдөө жүргүзүп, анын жыйынтыгында Бакыев Сапарбек ок атуучу куралдан башынан жараат алганы аныкталып, өлүмдүн себептери аныкталды. Анын баш сөөгү талкаланган. Изилдөө учурунда куралдан атылган ок баштын арткы тарабынан кирип бет тарабынан чыгып кеткендиги аныкталды. Изилдөө бүткөндөн кийин маркумдун сөөгүн жакындары алып кетишти.

Сапарбек Бакыевдин кесиптештери анын өлүмү кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес экенин айтышууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" бөлүмүнүн башчысы Максат Ташматов:

- Сапарбек жаш жетекчи болгондуктан демилгелүү болуп элдин көйгөйүн көтөрүп, элди коргоодо кызмат кылып келген. Ал жалган сүйлөчү эмес. Жумушта көйгөй чыкса, аны тез арада бүтүрө билген инсан эле. Сапарбек жумушта бир да адамга катуу сүйлөбөгөн жетекчи болчу. Биз анын жакшы жактарын гана билебиз.

Маркум Сапарбек Бакыевдин үйү.
Маркум Сапарбек Бакыевдин үйү.

Бул өлүмдү криминал менен байланыштыргандар да бар. Укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева Ошто криминал кайрадан баш көтөрө баштаганын белгилеп, муну милициянын кылмыштуу топко каршы күрөштөгү чабалдыгы, ачык-айкындыктын жоктугу менен негиздеди:

- Менин оюмча милициянын криминалга күчү жетпей жатат. Көңүл бурбай жатышат. Коомчулукта болуп жаткан мындай көрүнүштөргө кайдыгер карап жатышкандай. Эгерде криминалга каршы иш-чара баштаса эчак эле аракет кылышса болмок. Милициянын криминалга күчү жетсе да, коомчулуктун алдында жоопкерчиликти сезбей жатышат.

35 жаштагы Сапар Бакыев 2014-жылдын октябрь айынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" агенттигинин башчысы болуп иштеп жаткан. Маркумдун артында эки уулу калды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG