Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Прокурордун өлүмү: Калыков өмүр бою кесилди


1-июль, 2019-жыл.
1-июль, 2019-жыл.

Ош шаардык соту Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү үчүн айыпталган Мелис Калыковду өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратты.

Ош шаардык соту Баткен прокурорунун өлүмү үчүн айыпталган Мелис Калыковду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча чечимин 27-ноябрда чыгарганын «Азаттыкка» Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди.

Анын айтымында, айыпталуучу соттук кароодо көрсөтмө берүүдөн баш тартып, күнөөсүн толук мойнуна алган эмес. Бекзат Осмонкулов Ош шаардык сотунун чечими акыркы эмес экенин, айыпталуучу тараптын жактоочулары Ош облустук сотуна кайрылууга укуктуу экенин кошумчалады:

- 2019-жылдын 27-ноябрь күнү Ош шаардык сотунун өкүмү менен иш боюнча соттолуучу угузулган айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, аны өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм чыгарылган. Соттук отурумдун жүрүшүндө соттолуучу көрсөтмө берүүдөн баш тартып, күнөөсүн толук мойнуна алган эмес. Бирок судья иштин ичиндеги материалдарды карап, далил буюмдарды, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн жана башка далилдерди эске алуу менен соттолуучуну күнөөлүү деп таап чечим чыгарган. Өкүм акыркы эмес. Нааразы тарап Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте кайрылууга укуктуу.

Мелис Калыковдун иши: сот өкүмү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:13 0:00

Баткен прокурорунун өлүмү үчүн айыпталган Мелис Калыковдун эжеси Дарика Калыкова иниси курулай жалаага кабылганын, иш далилденбей эле сот чечими чыкканын айтып, нааразы болуп жатат. Дарика Калыкованын айтымында, соттолуучунун эки адвокаты тең алыста болгондуктан отурумга катыша албай калган.

- Бизге тергөө далил буюмдарды көрсөткөн жок, - деди ал. - Сот да аны улап эч нерсе көрсөтпөдү. Токтом окуп жатканда далил буюмдар бар экенин уктук, бирок көргөн жокпуз. Тергөөчүлөр бизди иш менен тааныштырышкан жок. Айыптоо актысы менен Мелис таанышкан эмес. Ошондуктан кол койгон жок. Ошого карабай сот болду. Биздин далилдерибизден, экспертизадагы каталардан, күбөлөрдүн карама-каршылыгынан улам Мелис күнөөлүү эмес деп айта алабыз. Ошондуктан өмүр бою эркинен ажыраткан өкүмгө нааразыбыз.

Баткен прокурорунун өлүмүнө байланышкан сот жараяны 2019-жылдын 7-майында башталган. Тергөөдө 50дөн ашык күбө суралган. Алар соттук отурумдарда келип көрсөтмө беришкен.

Маркум прокурордун бир тууганы Өскөнбай Мамажакыпов Ош шаардык соту туура чечим чыгарганын айтып, окуя болгон күнү мергенчиликке чогуу барган прокуратура кызматкерлери кайра кызмат орундарына чакырылбашы керек деген пикирин билдирди:

- Айыпталган адамды өмүр бою камаган өкүм туура болду. Мындан жогору жаза жок экен. Атууга кетсе андан да жакшы болот эле. Акыркы жаза ушул экен. Туура чечим болду. Ал эми ошол күнү чогуу болгон прокуратура кызматкерлери да жоопкерчилик алыш керек, кайра жумушка чакырылбашы керек. Алар акталбашы керек.

Прокурордун өлүмү үчүн айыпталган Мелис Калыковдун эжеси Дарика Калыкова инисин өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан Ош шаардык сотунун чечимине каршы Ош облустук сотуна кайрыла турганын билдирди.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 2018-жылы 17-ноябрда киши колдуу болгон. Анын сөөгү 18-ноябарь күнү таңга жуук Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча ошол учурдагы Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалып, Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилген. Ал өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG