Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Мелис Калыков ачкачылык жарыялады


Мелис Калыков соттук процессте. Архивдик сүрөт.
Мелис Калыков соттук процессте. Архивдик сүрөт.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү үчүн айыпталып жаткан Мелис Калыков 9-августтан бери ачкачылык кармап жатат.

Калыков ишти карап жаткан Ош шаардык сотунун судьясы Жолборс Кудаяровду алмаштырууну талап кылууда. Шектүү мындай талабын буга чейинки соттук отурумдарда бир нече жолу койгон. Ага карабай сөз болуп жаткан судья ишти кароону улантып келген.

Баткен облусунун прокурорунун өлүмү боюнча акыркы ирет сот жараяны 5-августта болгон. Анда айыпталуучу Мелис Калыков судья Жолборс Кудаяровго ишенбестик көрсөтүп, сот анын өтүнүчүн канааттандырган эмес. Бүгүнкү сот жараяны шектүүнүн ден соолугуна жана анын жактоочуларынын келбей калганына байланыштуу 22-августка калтырылды.

Сот залына айыпталуучу Мелис Калыковду милиция кызматкерлери эки ийининен көтөрүп келишти. Шектүү 9-августтан бери ачкачылык жарыялаганын айтып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) кайрылган. Бул мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова Мелис Калыковдун ачкачылык кармап жатканын ырастап, ал суу ичип жаткандыктан абалы оор эмес экенин билдирди:

Элеонора Сабатарова.
Элеонора Сабатарова.

«9-августта ачкачылык жарыялаганы тууралуу бизге арыз менен кайрылган экен. Азыр суу ичип жаткандыгына байланыштуу абалы жакшы, дарыгердин көзөмөлүндө турат. Анын ден соолугун текшерип чыгышты. Шектүү Мелис Калыков суюктук ичип жатат, бирок тамактан баш тартты».

Бирок шектүүнүн бир тууган эжеси Дарийка Калыкова иниси Мелис Калыковдун абалы начар экендигин айтты:

«Бүгүн сотко алып келишти. Биз төрт күн байланыша албадык. Абалы начар, өзү көзүн ача албайт, баса да албайт, башын көтөрө албай калыптыр. «Абалын карап туруп сотко эмес, ооруканага алып барбайсыңарбы?!» деп акыйкатчыга оозеки жана жазуу түрүндө кайрылдык. Ооруканага алып барууну өтүнүп жатабыз».

Маркум прокурордун атасы Кубатидин Мамажакыпов айыпталуучунун мындай аракетин «айласыздан сот жараянын создуктуруп жатат» деп баалады. Ал буга чейин судья Жолборс Кудаяровго сотту создуктурбоо боюнча өтүнүч келтиргенин да кошумчалады:

«Булар ушинтип сотту созуп жатышат. Мен өткөн сотто да айткам, «тезирээк бүтүргүлө» деп. Бир нерседен башка нерсе чыгарып эле созуп келатат. Ачкачылык жарыялаганы такыр эле болбойт».

Акыйкатчынын Оштогу өкүлчүлүгүнүн адиси Назаридин Бакиров да Баткен прокурорунун өлүмү үчүн айыпталып жаткан Мелис Калыковго жолугуп, абалын көрүп, дарыгерлер менен сүйлөшкөнүн кабарлады:

«Мен тергөө изоляторуна кирип шектүүнүн абалын көрүп чыктым. Дарыгерлер менен да сүйлөштүм. Мелистин кан басымы 90го 60 болуп калыптыр. Кыйналып баскандыктан сотко милиция кызматкерлери колунан сүйөп алып келишти».

Баткен прокурорунун өлүмүнө байланышкан сот жараяны ушул жылдын 7-майында башталган. Тергөө ишинде 51 күбө суралып, буга чейин сотко алардын кыркка жакыны келип көрсөтмө берген. Ишти карап жаткан Жолборс Кудаяровго ишенбестик көрсөтүп ачкачылык жарыялаган айыпталуучу Мелис Калыков ачкачылык акциясын улантып жатат. Келерки сот 22-августка калды.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 2018-жылы 18-ноябрда Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG