Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Прокурордун өлүмү: кандын тагы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык сотунда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу сот иши уланды.

23-июлда эксперт Жеңиш Абдыкадыров ок кайсы куралдан атылганы аныкталбаганын айткан.

Ал окуя болгон күнү айыпталуучу Мелис Калыков башкарып жүргөн “Лексус 470” үлгүсүндөгү автоунаадан алынган далил буюмдарда бир эле адамдын бармак издери табылганын билдирген.

Жеңиш Абдыкадыровдун айтымында, тергөөчү тарабынан баллистикалык экспертизага беш ок атуучу курал, 12-калибрдеги 17 даана гильза, 20-калибрдеги бир, 16-калибрдеги үч даана гильза алынып келген. Бирок ал куралдардын арасынан 16-калибрдеги аңчылык мылтык табылбаганын айтууда.

Жеңиш Абдыкадыров.
Жеңиш Абдыкадыров.

"Экспертизага төрт курал, бир пневматикалык тапанча, 16- калибрдеги үч даана гильза келген, бирок курал жок болчу. Бизге чачма окту алып келген. Кайсы мылтыктан атылганы жөнүндө да суроо коюлган. Бирок аны аныктоо боюнча методика жок. Сайсыз мылтыктан атылганы үчүн эч кандай из калган эмес. Сайлуу мылтыктан атылганда сайдын изи калмак. Ошондуктан ок кайсы мылтыктан атылганын аныктай албай койдук".

23-июлда өткөн сот жараянында эксперт Мая Марифбаева да соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча көрсөтмө берген.

Ал соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча берген көрсөтмөсүндө маркум отурганы айтылган “Лексус 470” үлгүсүндөгү автоунаанын сыртында жана автоунаадан алынган далил буюмдарда кандын тагы болгонун, алар Мамажакыповго таандык экени аныкталганын билдирди.

Мая Марифбаева.
Мая Марифбаева.

"Бизге рюкзакты алып келишкен. Ага "А" тобундагы кандын тагы жуккан экен. Автоунаанын алдыңкы эшигинен, анын туткасынан, арткы оң-сол эшиктен жана алардын туткасынан, автоунаанын жүк салгычынан, арткы фарасынан да кандын тагы алынган. Даарат кагаздын оромосунан да ушундай эле топтогу кандын тагы табылган. Кан Мамажакыповго таандык болушу ыктымалдыгын тана албайбыз", - деди эксперт Мая Марифбаева​.

Соттук жараян 24-июлда уланып, кылмышка шектүү Мелис Калыков мергенчиликтен келгенден кийин ага жолуккан Найимжан Дехканов көрсөтмө берди.

Анын айтымында, окуя болгон күнү Калыков менен май куюучу жайга чогуу барышкан, айыпталуучу анын үйүнө 20 литрлик идишке куюлган бензин калтырып кеткен.

Күбө Найимжан Дехканов “ошол күнү Калыковдун оң колунда жарааты болгонун, кандын тактарын көргөнүн айтты.

Найимжан Декханов.
Найимжан Декханов.

"Мелис Калыков ошол күнү саат жети менен сегиздин ортосунда келген. “Башым ооруп турат, мага дем салып коюңузчу” деди. Андан кийин май куйган жайга чогуу барып келүүнү суранып, экөөбүз машинага отуруп чыгып кеттик. Жолдон бизди Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбеков тосту. Мелис менен Мирлан арак ичти. Мирлан Мелистен машинанын ачкычын алып койду. Экөөбүз май куйган жайга барып, 20 литрлик идишке бензин алдык. Анан кайра менин үйүмө келдик. Мелис бензинди үйгө таштап, өзү кетип калган".

Ал эми айыпталуучу Мелис Калыков сот жараяны мыйзамсыз өтүп жатканын айтып, судья Жолборс Кудаяровго жана мамлекеттик айыптоочуга ишенбестик көрсөттү.

"Сот мыйзамсыз өтүп жатат. Тийиштүү суроолорду бере албай жатабыз. Сиз, урматтуу сот, прокурорлорду колдоп жатасыз. Ошондуктан мен сизге ишенбестик көрсөтөм".

Бирок сот айыпталуучунун даттануусун канаттандырган жок.

Соттук жараяндын жүрүшүнө маркумдун атасы Кубатидин Мамажакыпов нааразы болуп, судья Жолборс Кудаяровго кайрылды.

Бизди өтө кыйнап жатасыз. Ишти тездетсеңиз болмок. Анда муну (айыпталуучуну - ред.) биротоло куткарып жибергиле. Эми күнөөсү бар үчүн камалып отурат. Ошон үчүн катуураак тартип менен тездетип өткөрсөңүз. Кыйнап жибердиңер”, - деди ал.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу тергөө ишинде 51 күбө суралган. Сот жараянында алардын 36сы келип көрсөтмө берген. Кийинки сот жараяны 5-6-август күндөрү уланат.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 2018-жылы 18-ноябрда Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Буга чейинки соттук жараянда анын туугандары облустук прокуратура менен милиция өз ара келишип алып, кылмышты моюнга алдыруу максатында шектүүнү 20 саат кыйнаганын айтышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG