Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:13

Баткен: жаңы прокурордун убадасы


Баткен
Баткен

Баткен облусунун прокурору болуп Абдибакыт Халмурзаев дайындалды. Бул кызматта мурда киши колдуу болгон Анарбай Мамажакыпов иштеген.

Жаңы прокурор өткөн жылдан бери бош жүргөнү жана ал өкмөттүн облустагы мурдагы өкүлү Абиш Халмурзаевдин иниси экени айтылууда.

Өткөн жылдын ноябрь айында Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болгон.

Анын ордуна алгач ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун иниси Улук Өмүрзаковдун дайындалганы айтылып, бирок бул маалыматты Башкы прокуратура четке каккан. Андан бери облус прокурорунун милдетин Ороз Бердибаев аткарып келген.

51 жаштагы Абдибакыт Халмурзаев 2018-жылдын октябрь айына чейин Бишкек шаарынын прокурору болуп иштеген. Быйыл 11-май күнү анын Баткен облусуна прокурор болуп дайындалышы коомчулукта ар кандай пикир жаратты.

"Азаттык" радиосу Абдибакыт Халмурзаевге микрофон сунганда, ал жаңы иш ордунда тартипке көңүл бура турганын белгиледи:

"Анарбай Мамажакыповдун иши боюнча тергөө аяктап, сот башталды. Бул ишке тиешеси бар прокуратура кызматкерлерине тиешелүү чара көрүлдү. Биз эми кызматтык милдетибизге кирген тартипти бекем кармоого көңүл бурабыз. Коомчулук менен тыгыз байланышта болуп иштейбиз. Адам укуктарын сактоо жаатында иш алып барабыз".

Баткен облустук прокуратурасындагы ички тартип, кызматтык милдетти аткарууга байланыштуу суроо өткөн жылдын ноябрь айында мекеменин кызматкерлери жана жеке ишкер чогуу аң улоого чыгып, эс алуу учурунда облус прокурору мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин көтөрүлгөн.

Ал эми жаңы прокурор өзүнүн кримчөйрө өкүлдөрү менен байланышы жана бир тууган агасы Абиш Халмуразевдин мамлекеттик резервдеги буудайларды жок кылганы тууралуу сөздөрдү четке кагууда.

Ал бул кызматка дайындалардын астында бир канча текшерүүдөн, сыноодон өткөнүн кошумчалады.

"Ар кандай сөздөрдү айтып чыгышты. Биздин иш өтө жоопкерчиликтүү. Ар кандай сыноолор болот. Чек ара, жер, экономикалык маселелер боюнча жасай турган жумуштар көп. Алдыбызга коюлган милдеттер бар. Мыйзамга баш ийип, иш алып барууга туура келет", - деп ишендирди жаңы дайындалган прокурор.

Акыйкатчынын мурдагы өкүлү Хаитали Айкынов чек ара жаңжалы бат-бат катталып, аткезчилик менен миграция маселеси курч Баткен облусуна кайсы кызмат болбосун жоопкерчиликтүү кадрлар келиши керек деген пикирде. Укук коргоочу өкмөт бул талапка маани бербей жатканын сындады:

"Баткендеги прокуратура өкүлдөрү коомчулуктун сынында. Жыл соңунда болгон чуулуу окуялардан кийин ар бир кызматкердин жүрүм-турумуна көз салып калышты. Негизи эле өкмөт Баткенге өзгөчө көңүл бурушу керек. Анын ичинде кадр маселеси да бар. Облустун географиялык жайгашуу абалы, стратегиялык мааниси ушуну талап кылат. Бирок кээде кадр дайындоодо Баткенге кайдыгер мамиле жасаган учурлар бар. Эми жаңы прокурордун ишин көз жаздымда калтырбай, көзөмөлдөп туруу керек".

Облус прокурору болуп дайындалган Абдибакыт Халмурзаев 2012-жылдын башында кримтөбөл деп айтылып жүргөн Камчы Көлбаев менен Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибековдун Ысык-Көлдө, кышкы эс алуу учурундагы жолугушуусуна тиешеси бар деп сынга кабылган.

Анын бир тууган агасы Абиш Халмурзаев ушул жылдын 31-мартына чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

Анын кызматтан кетишине кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу жергиликтүү тургундардын нааразылык билдиргени себеп болгону айтылган.

2018-жылдын күз айларында "Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаков иликтөө жүргүзүп, анда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаевге караштуу жергиликтүү “Дан” акционердик коомунан мамлекеттин ири өлчөмдөгү буудайы зыянга учураганын баяндаган.

Жок болуп кеткен буудай боюнча соттук териштирүү арадан төрт жыл өтсө да аягына чыкпай келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG