Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Прокурордун өлүмү сотто карала баштады


Ош шаардык соту.
Ош шаардык соту.

Ош шаардык сотунда Баткенде киши колдуу болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу соттук териштирүү башталды.

7-майда сот жабык өтүп, жараянга жабырлануучулардын жана айыпталуучунун жакындары, журналисттер киргизилген жок. Сот имаратынын сыртында маркумдун жакындары «айыпталуучу өмүр бою камалсын» жана «кылмышка тиешеси бар башка жарандар да камакка алынсын» деген талаптарын айтышты.

Баткен облусунун мурдагы прокурору маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу алгачкы тааныштыруучу сот отуруму жабык өттү. Кылмышка шектүү катары кармалган Мелис Калыковдун адвокаты Асылбек Куңгуров алгачкы сот отурумуна нааразыэкенин билдирди:

Асылбек Куңгуров
Асылбек Куңгуров

«Бул соттук отурум башталганда эле мыйзам бузуу менен дайындалып жатат. Анткени баштапкы соттук отурум тууралуу токтом кабыл алынып, ал тараптарга берилиши керек эле. Биз эч кандай кабар жана токтом алган жокпуз. Анан мамлекеттик айыптоону колдоп отурган үч прокурордун бирөө Кызыл-Кыя шаарынын прокурору экен. Биз аны иштен четтетүүнү өтүндүк. «Эмне үчүн ишти Ош шаардык соту карап жатса, Кызыл-Кыянын прокурору катышууга тийиш?» деген жүйөнү айттык. Шектүү Мелис Калыков да соттук материалдар менен таанышпаганын айтты».

Сот залынан сыртта калган жабырлануучу тарап кылмышка шектүү «өмүр бою түрмөгө камалсын» десе, шектүүнүн жакындары «окуя болгон күнү эс алууга бирге барган башка жарандар да жоопко тартылсын» деген талабын айтып турушту.

Назгүл Сүйүнбаева
Назгүл Сүйүнбаева

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева окуя болгон күнү эс алууга чогуу барган мурдагы прокуратура кызматкерлеринин кылмышка катышы жок экендигин, бир гана шектүү Мелис Калыковдун күнөөсү далилденип, ага карата бардык далилдер сот учурунда көрсөтүлөрүн белгиледи:

«Мелис Калыков кылмыш боюнча толук күнөөлүү. Ал боюнча бизде бардык далилдер бар. Ал эми эс алууга барган Башка прокуратура кызматкерлеринин кылмышка тиешеси жок».

Кылмышка шектүү Мелис Калыковдун бир тууганы Дарика Калыкова тергөө иштери толук аягына чыкпай туруп алгачкы маалымат берүүчү соттук отурум башталганына нааразылыгын билдирди. Ал тергөөдө кээ бир күбөлөр суралбай калганын кошумчалады:

Дарика Калыкова
Дарика Калыкова

«Биз «инимди актап бергиле» деген жокпуз. «Аны менен кошо баргандарды да жазага тарткыла» деп жатабыз. Тергөө да толук бүткөн жок. Суралбай калган адамдар бар. Экспертизадан өтпөй калган далил буюмдар да көп. Мисалы, 77 даана атылган октун бир гана гильзасы текшерилген. Калганы эмнеге текшерилбеди? Тергөөнүн мындай жыйынтыгы бизди нааразы кылды».

Ал эми маркум прокурор Анарбай Мамажакыповдун атасы Кубатидин Мамажакыпов күнөөлүүлөр жазасын алышын каалап турганын гана билдирүү менен чектелди:

«Күнөөлүүлөр жазасын алсын. Менин айтаарым ушул».

Былтыр ноябрда Баткенде үрөй учурган кандуу окуя катары катталган прокурордун өлүмүнө байланыштуу соттук отурум 27-майда уланат.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 2018-жылы 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG