Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:15

Активист өзүн өрттөө ниетинен кайтты


Роза Маманова.
Роза Маманова.

Жогорку сот активист Роза Маманованын ишин биринчи инстанцияга кайра кайтарды.

Кызыл-Кыя шаардык соту 2018-жылдын 19-январында Маманованы "бирөөнүн 50 миң сом акчасын алдап алып, шылуундук кылды" деген киненин негизинде бир жылга шарттуу кескен.

Чындык ким тарапта?

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жашаган активист Роза Маманованын төмөнкү баскычтагы сот чечимдерин жокко чыгаруу боюнча өтүнүчүн Жогорку соттун кылмыш-жаза иштери боюнча соттук коллегиясы 15-январда карады. Соттук коллегиянын чечимин анын мүчөсү окуп берди:

- Роза Мамановага карата Кызыл-Кыя шаардык сотунун 2018-жылдын 19-январындагы жана Баткен облустук соттук коллегиясынын 2018-жылдын 6-мартындагы чечимдери жокко чыгарылсын. Иш кайрадан кароо үчүн биринчи инстанцияга, Кызыл-Кыя шаардык сотуна жиберилсин.

Жогорку соттун мындай тыянагына жабырлануучу Акмөөр Маматова нааразы. Анын айтымында, Роза Маманова майып адамдан 50 миң сомду алдап алып бербей койгон жана бул анын мыйзамга туура келбеген жалгыз иши эмес.

- Бул мени "адвокатмын" деп алдап, 50 миң сом алган, - деди ал. - Эми мойнуна албай жатат. Акчаны да бергиси жок. Баткенде муну баары тааныйт, "адвокатмын, укук коргоочумун, активистмин" деп коркутуп, акча алат. Эч жерде иштебейт, ошону менен гана жашайт. "Интернетке чыгарам" деп акча талап кылат. Мен бул ишти жөн калтырбайм, аягына чейин күрөшөм. Майып адамды алдоо кандай болорун билип, сабак алсын. Баары бир жазасын алат.

Роза Маманова өзү жөнүндө айтылгандарды төгүндөп, кылмыш ишин жасалма деп эсептейт. Ал мындай жагдайга өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Кызыл-Кыя шаарынын мурдагы вице-мэринин жана айыл өкмөттөрдүн мыйзамсыз иштерин ачык айтып чыкканы үчүн кирептер болгонун билдирди.

Ошондуктан, Жогорку соттун чечимин өзүнүн акталышына ачылган жол деп эсептейт:

Роза Маманова.
Роза Маманова.

- Президент тарабынан сот тармагын тазалоого акыйкат кадам ташталып жатат деген үмүт, ишенич менен Жогорку сотко кайрылдым эле. Мен жана жактоочум өзүмдүн актыгымды көрсөткөн бардык далилдерди коюп берсем да, алар акыйкаттык кылып, актап бере алышпады. Ошентсе да мурдагы сот бутактарынын чечимдерин жокко чыгарып, ишти кайра кароого жибергени үчүн мен өзүмдү өрттөйүн деген оюмдан кайттым. Мен дагы күрөшөм, өзүмдүн актыгымды далилдөөгө жетишем. Ошондой эле коррупциялык иштерге каршы күрөшүмдү уланта берем.

Роза Маманова 11-январда Ошто өткөргөн басма сөз жыйынында, эгерде Жогорку сот калыс чечим чыгарбаса, президенттик администрациянын имаратынын алдында өзүн өрттөй турганын айткан.

Абдирасулова: Иш кайра тергелиши керек

Соттук териштирүүдөгү маалыматтарга ылайык, жабырлануучу Акмөөр Маматова 2016-жылы жай айларында үйүнөн дээрлик 1,5 млн. сомдук акчасын жана башка кымбат буюмдарын уурдатып жиберген.

Эки көзү көрбөгөн майып аял ошондо жарандык активист Роза Маманова "адвокат болом жана соттук иштерде жардам берем" деп 50 миң сом акчасын алып, бирок сөзүнө турбай же акчадан жок, же жардамдан жок кетип калганын айтып, сотко кайрылган.

Бир жарым жылга созулган териштирүүдөн кийин 2018-жылы 19-январда Кызыл-Кыя шаардык соту Роза Маманованы "Шылуундук" беренеси боюнча айыптуу деп таап, бир жылга шарттуу кескен. Муну өзүнө жабылган жалаа деп санаган Маманова жогорку сот бутагына кайрылган.

Ошол эле жылы 6-мартта Баткен облустук соттук коллегиясы биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Активист андан кийин апелляциялык арыз менен Жогорку сотко кайрылган.

Жогорку сотто каралган бул ишке байкоочулук кылган укук коргоочу, "Кылым шамы" өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова судья ишти баштапкы соттук инстанцияга эмес, кайрадан тергөөгө жиберсе жакшы болмок деп эсептейт. Укук коргоочунун пикиринде, иш чала тергелген.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Соттун жүрүшүндө эки тарапты угуп, ушундай ойго келдим, - деди укук коргоочу. - Анткени бул кайра тергеле турган иш экен. Кызыл-Кыя шаардык соту кайра караган күндө да тергөөнүн материалдарына гана таянат да. Материалдар бири-бирине карама-каршы, так аныкталбаптыр. Эки тараптын тең келтирген негиздери болуп жатат. Муну соттук териштирүүдө далилдөө оор. Тергөө убагында чийки болуп калган ишти сотто далилдөө кыйын.

Активисттин таржымалы

Роза Маманова - "Жогорку элдик көзөмөл" коомдук бирикмесинин түштүк аймагындагы координатору.

Коомдук бирикменин Чүй облусундагы координатору Айдар Сейталиев бирикменин жер-жерлердеги мүчөлөрүнө жергиликтүү бийлик тарабынан куугунтук болуп келе жатканын "Азаттыкка" билдирди:

- Биздин коомдук уюмдун дээрлик бардык активисттерине кылмыш иши козголгон. Максат - алардын оозун жаап, ишмердүүлүгүн токтотуу. Бирок биз ага карабай, ишибизди кыла беребиз. Роза Мамановага окшогон активисттер бизге керек. Буларды коомчулук, президент да колдоого алышы керек.

Буга чейин Роза Маманова "Азаттыктын" атайын иликтөөсүндө интервью берип, анда Баткен облусунун губернатору Абиш Халмурзаевдин коррупциялык иштери тууралуу маалыматтар менен бөлүшкөн.

Анда ал бул фактыларды текшерүүнү өтүнүп арыз менен Баткен шаардык кеңешинин депутаттарына да кайрылып келгенин, бирок алар тараптан эч кандай реакция болбой жатканын кабарлаган.

Активист Калмурзаевден тышкары Кызыл-Кыя шаарынын мурдагы мэрине байланыштуу, Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү коррупциялык иштер тууралуу прокуратурага кайрылып, кылмыш иштеринин козголушуна таасир эткен.

Маманова Баткен облусунун мурдагы прокурору, маркум Анарбай Мамажакыпов менен да мурда жолукканын, ал жемкорлук менен күрөшүүгө жардам берүүгө убада берип, бирок киши колдуу болуп калганын айтып чыккан эле.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG