Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Сотторго козголгон иштин соболу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура иштеп жаткан үч, кызматтан кеткен бир судьяга кылмыш ишин козгоду. Бул кабар президент Сооронбай Жээнбеков бир жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөргөн күнү коомчулукка жарыяланды.

Президент маалымат жыйынында сот акыйкаттыгын калыбына келтирүү, сот реформасын алдыга жылдыруу багытында кескин чаралар көрүлүп жатканын айткан. Бирок байкоочулар арасында сот тармагында мурдагы бийлик тушунда түзүлгөн схема өзгөрбөй, тандалма жазалоо жүрүп жатат дегендер болууда.

Сооронбай Жээнбеков журналисттер менен жолуккан күнү Башкы прокуратура Ош шаардык сотунун судьясына, Ош облустук сотунун төрага орун басарына, судьясына жана ушул эле облустук соттун мурдагы судьясына Кылмыш жаза-кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, "Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоп, Улуттук коопсуздук комитетинин карамагына өткөрүп бергенин жарыялады.

Шектелип жаткан соттор 2016-жылдын декабрында жана 2017-жылдын мартында Кыргызстанда оор кылмышка айыпталып камалган тажик жаранынын пайдасына чечим чыгарганы, камактагы адам мыйзамсыз бошотулганы айтылууда.

Президент Жээнбеков 19-декабрдагы басма сөз жыйынында сот реформасына байланышкан маселеге үч-төрт ирет кайрылып, мыйзамсыз чечим чыгарган соттор жазаланып жатканын билдирген:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Азыр Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясы иштей баштады. Өткөндө беш сот иштен четтетилди. Тогуз сотко сөгүш, 19 сотко эскертүү берилди. Башкы прокуратура беш сотко иш козгоду. Бул да алдыга жылыш. Мыйзамды коргой турган, аны катуу сактай турган органдар мыйзамды бузуп жатса, анда мамлекеттин келечеги болбойт. Андайларга эч нерсеге карабай туруп катуу чара көрүшүбүз керек. Ким болбосун “мен мыйзам бузсам, жооп берем” деп коркуш керек.

Буга чейин август айында иштен алынган Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркеевага Башкы прокуратура "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана мыйзамсыз чечим чыгарган" деген айып менен иш козгогон.

Октябрда Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Айнагүл Жоробековага “Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана "Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу" боюнча иш козголгон. Ал ноябрда тергелип бүтүп, иш Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы Чүй облусунун Москва райондук сотунун мурдагы судьясы Марлес Феликсти кылмыш жоопкерчилигине тартууга башкы прокурорго макулдук берип, октябрдын аягында президент аны иштен алган.

Өткөн айда Башкы көзөмөл органы Ленин райондук сотунун төрагасы Кубанычбек Касымбековго Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана "Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Коомчулукта сотторго ачылган кылмыш иштер “судьялар мыйзамсыз чыгарган чечими үчүн жоопкерчиликке тартыла баштады” деп кабыл алынып жатат.

Ошол эле учурда жарандык активисттер арасында соттордун мыйзамсыз аракеттерин ашкерелөө системалуу эмес, тандалма жүрүп жатат дегендер бар.

Алардын бири, Коомдук талдоо институтунун жетекчиси Рита Карасартова ал буга Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын Жогорку соттун үч судьясына чыгарган чечимин мисал кылды:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Үч сотко козголгон кылмыш иши боюнча Башкы прокуратура “бул жерде кылмыш жасалган” деп айтып жатат. Алар “адамды камаганда анын укугу тебеленген” деген туура эле күнөө койгон. Бирок ишти тергөөнү кайра эле УКМКга берип коюшкан. УКМК болсо таптакыр башка беренени алып чыгып “бул иште кылмыш жок экен” деп жоопкерчиликтен бошотуп койду. “Бул иш мынча жарыяланып калгандан кийин чара көрүп коёлу” деген негиз менен бирөөнө сөгүш жарыяланды. Бул деген көз боёмочулук. Убагында Манас Арабаев менен күрөшүп келсек, азыр деле ошого окшогон Арабаевдер бар. Түзүлгөн схема бузулган жок. Атамбаевдин убагында УКМК аркылуу парламентти да, өкмөттү да, сот бийлигин да чөгөлөтүп койгон система түзүлгөн. Ал системаны азыркы президент талкаласа болмок.

Башкы прокуратура Жогорку соттун үч судьясы Арзыбек Акыевге, Качыке Эсенкановго, Каныбек Бокоевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу”, “Шалаакылык”, “Мыйзамсыз кармоо же камакка алуу” беренелери боюнча айып койгону мурда кабарланган. Бирок Жогорку соттун "Адамдын эркиндикке болгон конституциялык укугун бузган" деп кине тагылган бул судьяларды жоопко тартууга Тартип комиссиясы уруксат берген эмес. Натыйжада Арзыбек Акыевге сөгүш берилип, калган экөөнө чара көрүлгөн эмес.

Соттор кеңешинин мурдагы төрагасы Дастанбай Айжигитов аталган комиссиянын иши боюнча ой бөлүштү.

- Тартип комиссиясы кабыл алган чечимдер канчалык туура, соттордун иштерин кандай шартта карашкан бул боюнча элде бир аз нааразычылык бар. Комиссиянын курамы, ага кирген адамдар соттордун ишине канчалык калыс баа бере алат бул жагында да маселе бар. Анткени алар кабыл алган чечимдер коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынбай жатат.

“Судьялар кеңешине караштуу тартип комиссиясы жөнүндө” мыйзамга ылайык, комиссия “судьяларды жазыктык жана административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берет”. Башкача айтканда тартип комиссиясынын чечими жок Башкы прокуратура судьяларга чара көрө албайт.

Сооронбай Жээнбеков май айында сот реформасы боюнча кеңешме өткөрүп, анда сот реформасын ишке ашырууга бийликтин эрки жетерин, каражат да табыларын билдирген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева “сот бийлигин реформалоодо президент коомчулук менен эсептешпей жатат” деген пикирде:

Асия Сасыкбаева.
Асия Сасыкбаева.

- Президент Коопсуздук кеңешинин биринчи жыйынында эле “сот реформасын жасаш керек. Туура эмес чечимдерден эл кыйналып жатат” деп айткан. Ошондон бери бир жыл өттү. Эл “реформа терип, терип тандалма болуп жатабы? Бул реформабы же эмне?” деп жатат. Сот реформасын элди, Сотторду тандоо кеңешин, Тартип комиссиясын, жарандык коомду чакырып алып “достор реформа кандай болуп жатат? Эмне кылалы?” деп чогуу талкуулаш керек эле. Беш-алты сотту кызматтан алыптыр. Алардын ордуна кандай соттор келди бул да маселе. Ошондуктан бул сот реформасы эмес.

Кыргызстанда сот акыйкаттыгы жана сот тармагын реформалоо 2005-жылдан бери күн тартибинде келаткан талылуу маселелердин бири. Сооронбай Жээнбеков май айында болгон соттук реформа боюнча кеңешмеде элден келген арыз-даттануулардын 70 пайызы соттордун ишине канааттанбагандар экенин айткан жайы бар. Ал ошондой эле судьялар алмашканы менен жарандардын даттануулары азайбай жатканын моюнга алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG