Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51
Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президенттин жыл соңундагы жыйыны

Президенттин 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны соңуна чыкты. Ал "Райым миллион", Асылбек Жээнбеков тууралуу суроолорго да жооп берди.

19:26 19.12.2018

Жээнбековдун "саясатташкан" жылы

Сооронбай Жээнбеков өтүп бараткан 2018-жылга жалпысынан саясатташкан жыл болду деп баа берди.

"Былтыркы шайлоодогу Жээнбековдун штабынын чыгымдары" деп жарыяланган тизме тууралуу коомчулуктун бүйүрүн кызыткан суроого жооп берди. КСДПнын саясий технологу, шайлоодо эмгек акысы үчүн ири суммада акча алган Алексей Василивецкий менен жакындан тааныш эместигин айтты:

- Мен Алексей Василивецкийден баштайынчы. Мен аны Ошто губернатор болуп турганда көргөм, ошондо “ага интервью берип кой” деп айтышкан. Мен ошондо эле муну кайдан табышкан деп айткам. Мен аны биздин жаран экен десем, башка мамлекеттин жараны экен. Ал Фарид Ниязовдун эң жакын адамы, адиси, кеңешчиси болгон. Мен премьер-министр болуп турганда телефон чалып, "жакшы адис, жакшы кеңешчи" деп айтышканынан аны кабыл алгам. Кийин мага эки-үч маалымат келген, мен анда “бул болбойт, мындай кеңештерге муктаж эмесмин" дегем. Мен жашыман баштап эле эл менен иштеп, бардык баскычты басып өтүп, баарын билип отурам. Менин программамды сырттан келген эксперттер жазган эмес. Ал басып өткөн жолум, тажрыйбамдан улам жазылган программа. Ал 170 миң доллар алдым деп айтты. Алса, келип жооп берсин. Эмнеге качып кетет? ИИМ буга байланыштуу иликтөөнү баштады. Баарын сурап жатат. Келип жооп берсин. Штабдын башчысы "мен тазамын, жооп бербейм" дейт. Биринчи кезекте штабдын башчысы катары Фарид Ниязов жооп бериши керек.

​Жээнбеков шайлоо штабынын башкы эсепчиси Нуржан Сатыгул кызынын өмүрүнө коркунуч туулган деген сөздөрдү четке какты. Сатыгул кызынын келип, сурак беришине биринчи кезекте өзү кызыкдар экенин кошумчалады. "Атамбаевсиз КСДП" деп аталган кыймылга тиешеси бар деген сөздөрдү жокко чыгарды. Аталган партиянын азыркы абалына кейип жатканын айтты.

Ал "Республика - Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго байланыштуу жагдай боюнча да суроого жооп берди, Бабанов-Атамбаев-Жээнбеков катышкан үч тараптуу сүйлөшүү болгонун жокко чыгарды:

- Өмүрбек Бабановду былтыр шайлоодо КТРКдагы дебатта көргөм, жолукканбыз. Ошондон бери мен аны көрө элекмин. Экс-президент экөө эмне деп сүйлөшүп, эмнени макулдашканы тууралуу менде маалымат жок. Мен президенттикке талапкер болуп шайлоого катышып жатканда келечек боюнча эч кандай макулдашуу болгон эмес. Ошондуктан элге чыкканда эч кимден коркпой "мен силердин араңардан чыккам, өтүк кийип малчы, сугатчы менен жүргөм, мугалимдердин, врачтардын проблемасын билем, мен элдик президент болом" деп убада бергем. Бул убадамды аткарып жатам. Менин артымдан эмне деп макулдашканы, эмне деген сценарий түзүшкөнү, кандай сүйлөшүү болгону менин проблемам эмес. Ал ошол сүйлөшкөндөрдүн проблемасы. Мени “сатып кетти” дешип, саткын атка кондурушту. Мен бир топтун, бир адамдын кызыкчылыгын коргойм деп убада берген эмесмин. Жалпы элдин, Кыргызстандын кызыкчылыгын саткандан кудай сактасын. Азыр эми "Бабановго иш туура эмес козголгон, аны жаап коюш керек" деп айтып жатышпайбы. Биз укуктук мамлекетте жашайбыз. Башкы прокуратура, ИИМ ишти ачып кайра жаба берсе, анда биз эмне болобуз? Анда "бандиттик мамлекет" болбойбузбу. Бизде мыйзам, система иштеши керек.

Жылдык жыйын. 19.12.2018
Жылдык жыйын. 19.12.2018

​Сооронбай Жээнбековго бир туугандары, айрыкча иниси, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков тууралуу суроолор берилди. Президент парламенттин спикери болуп турган инисинин мамлекеттик маселелерге, айрыкча кадр саясатына аралашып жатканы тууралуу сөздөрдү негизсиз деп айтты:

- Асылбек Шарипович тууралуу факт болсо мага бергилечи. Кеңселерди ачмак турсун сөз болот деп коркуп, үйүнөн чыкпай отурат. Ошондой кеңселери болсо мага даректерин бергиле. Силерде канча журналист бар, ошону тапкыла. Эгерде ошондой кеңсеси болсо, кадр маселелерин чечсе, мага фактыларды бергиле. Чара көрөм. Мен эч кимди аябайм. Үй-бүлөлүк, кландык башкаруу эч качан болбойт. Мен ага жол бербейм.

"Азаттык" Жээнбековго камактагы "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо тууралуу сөздөр боюнча пикирине кызыкты:

- Өмүрбек Чиркешович боюнча бардык соттук инстанциялар бүткөн, Жогорку сот карап, өзүнүн чечимин чыгарган. Мен эми аны буза албайм да. Эгер менден ырайым сураса, мунапыс берейин. Менин андан башка укугум жок. Бардык соттун чечими мага чейин эле чыккан.

Жээнбеков маалымат жыйында коомчулукта "Раим миллион" деген каймана ат менен таанылган Бажы кызматынын мурунку төрагасы Райымбек Матраимов тууралуу суроолорго жооп берди. Матраимовдордун КСДП үчүн эмгеги сиңгенин айтты:

- 2010-жылдан бери Райымбек Матраимов тууралуу эч ким сөз кылбай, сөз кылса деле көңүл бурбай келбеди беле. Мен кызматка келгенде эле аны "коррупционер, Жээнбековдун жакыны" деп чыгара калышты. Ал мага чейин эле иштеген, мен келгенден кийин иштен алып коюшту. Азыр соттошуп жатат, өткөндө соттон утуп алыптыр, аны да менден көрүштү. Матраимовдор кандай гана шайлоо болбосун, КСДП үчүн жан дили менен иштеп беришкен. Искендер Матраимов КСДПнын мүчөсү, ушул партиядан депутат болду. 2010-жылы иниси Тилек Матраимов аким болуп, ошондон бери КСДПга иштеп келе жатат. Алар сегиз жыл жакшы болушуп, мен кызматка келгенден кийин эле жаман болуп калабы?

Жээнбеков "Азаттыктын" иликтөөсүндөгү Райымбек Матраимов жана анын байлыгы тууралуу фактылар териштирилерин убада кылды.

Жылдык жыйындан кийин. 12/19/2018
Жылдык жыйындан кийин. 12/19/2018


Сооронбай Жээнбеков ушу тушта "бийликтеги таасирдүү адамга айланды, сотторду жана күч органдарын жапырт көзөмөлдөйт" деген мазмундагы бир катар уу-дуу кеп-сөзгө кабылып жаткан өзүнүн аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев тууралуу "Азаттыктын" суроосуна жооп берди.

Сот системасын реформалоо боюнча жумушчу топту жетектеп жатканы тууралуу пикирин айтты. Жакында эле Ош облусунун Алай районуна аким болуп дайындалган Салиевдин бир тууган таекеси Замир Молдокуловду ишбилги адис деп сыпаттады:

- Бийликте болгондон кийин сөздөр болот, көп душман табасың. Эгер ал туура эмес, мамлекетке зыян келтирсе же коррупциялык схемаларга кирип, өз милдетин кызыкчылыгына пайдаланган болсо жоопко тартылат. Ал өсө турган жигит. Азыр коррупция менен күрөштө эң башында турган, менин жанымда турган адамдардын бири. Аны дагы көп жазышат. Бирок силер факты менен айтсаңар. Анын таекесин мен тандаган жокмун. Аны мен Ошто губернатор болуп иштеп турганда билчүмүн. Көп жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген тажрыйбалуу адам. Мурун мен губернатор болуп турганда да аны сунушташкан. Андан кийин премьер болуп турганда да сунушташты. Бирок аны үчүнчү жолу көрсөтүп жатканда аны губернатор менен премьер тандады. Кимди коет, кимди алат - бул алардын укугу. Мен акимдерге кийлигише албайм. Ошто губернатор болуп иштеген адам катары ал киши тууралуу жакшы пикиримди айтып коюшум керек.

Маалымат жыйында президент оппозициянын ролу менен орду, Кытайдагы кыргыздардын абалы тууралуу да пикирин айтты. Экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу мыйзам Алмазбек Атамбаев үчүн даярдалган деген сөздөрдү жокко чыгарды. Жээнбеков саясий келечеги тууралуу да учкай сөз кылды. Президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин саясаттан биротоло кетерин ишара кылды жана өзүнөн кийин келе турган президентке акыл үйрөтпөшкө убада берди.

Президенттин жыйынына баа

Президент Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун маселесиндеги суроолорго эл күткөндөй канааттандырарлык жооп бере алган жок. Жарандык активист Адил Турдукулов "Азаттык" радиосуна ушундай пикирин билдирди.

- Коомчулуктун бүйүрүн кызытып жаткан соң Райымбек Матраимов өзүнө байланыштуу суроолорго жооп берүүгө тийиш, - деди ал. - Ал өзү жооп бербей жатканы президентти ыңгайсыз абалга коюп жатат. Президент ал үчүн жооп берүүгө аргасыз болуп жатат. Бул туура эмес. Басма сөз жыйынында президент анын күнөөлүү же күнөөсүз экенин айткан жок, бирок жообу канааттандырарлык болбой калды. Анткени реформа жүргүзө турган инсан президент болуп эсептелет. Эгер бажы тармагындагы коррупция ачыкка чыкпаса, анда жемкорлукту жоюу бийликтин эркинде эмес деген ойдомун.

Ал эми саясат талдоочу Даниел Кадырбеков президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз жыйынында коомдун бүйүрүн кызыткан суроолорго берген жообу формалдуу гана болгонун сынга алды.

- Баарын мыйзамга такап жатпайбы. Текебаев жана Бабановго байланыштуу суроолорго "сот гана чечет" деди. Райымбек Матраимовго байланышкан суроого деле ушул өңдүү жооп берип: "Эмне үчүн сегиз жылдан бери унчукпай жүрүп, эми менден эмне талап кыласыңар?" дегендей кылды. Бул - "эч нерсени өзгөртө албайм, азыркы жагдай мени канааттандырат" дегени. Бул анын рейтингине таасир тийгизет. Бир-эки жылдын ичинде ушул жүйөлөргө байланып калат. Маселени жаңысында чечип алса, кийинки реформаларга мүмкүнчүлүк болмок, - деди Даниел Кадырбеков.

Ал эми коррупцияга каршы ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканова президент Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйынында кадрларга байланыштуу суроого дурус жооп бере албаганын билдирди:

- Кадрларды ким коюп жатканы, каяктан алып келип жатканы тууралуу берилген суроо мага жакты. Бирок мамлекет башчы ага кененирээк жооп берген жок. "Кадрларды тандоо системасын өзгөртүп, электрондук вариантка өтөбүз, адистигине карайбыз, башкалар аралаша албайт" деген жоопту күткөм.

Маалымат жыйынга 80ден ашуун жергиликтүү жана эл аралык ЖМКдан 170 журналист катышты. Жыйын үч сааттан ашык созулду жана 40тай журналист суроосуна жооп алды.

16:39 19.12.2018

16:09 19.12.2018

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканова президент Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйынында кадрларга байланыштуу суроого дурус жооп бере албаганын билдирди:

- Кадрларды ким коюп жатканы, каяктан алып келип жатканы тууралуу берилген суроо мага жакты. Бирок мамлекет башчы ага кененирээк жооп берген жок. "Кадрларды тандоо системасын өзгөртүп, электрондук вариантка өтөбүз, адистигине карайбыз, башкалар аралаша албайт" деген жооп күткөм.

Мамлекет башчынын басма сөз жыйыны 19-декабрда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында уюштурулуп, ага жергиликтүү жана эл аралык медиадагы журналисттер чакырылды.

16:08 19.12.2018

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG