Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:02
Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президенттин жыл соңундагы жыйыны

Президенттин 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны соңуна чыкты. Ал "Райым миллион", Асылбек Жээнбеков тууралуу суроолорго да жооп берди.

11:04 19.12.2018

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы бүгүнкү жыйында жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү каттоодон өткөн.

Президент быйылкы иштер тууралуу айтып, андан соң журналисттердин суроолоруна жооп берет.

Жээнбековдун бийликке келгенине бир жылдан ашык убакыт өттү. Ал 2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоодо алдыга чыгып, ошол эле жылы 24-ноябрда ант берип, расмий түрдө кызматка киришкен.

11:07 19.12.2018

Жээнбеков: Майып балдардын ата-энелер кыйналып жүргөн учур артта калды. Өкмөт быйыл ушул маселени чечти.

11:08 19.12.2018

Сооронбай Жээнбеков бир жылдык ишине өзү баа берди:

- Бул жыл саясаты көп жыл болду. Мамлекеттин өнүгүүсү үчүн чоң иштерди баштадык, өзүмдүн программамды ишке ашыруу боюнча чоң иштерди баштадык. Алыскы туугандан жакынкы кошуна деген принцип менен иштедик, көп сүйлөшүү болду, көп маселелерди чечтик. Мамлекет башчылар менен бардык деңгээлде ийкемдүү иштер болуп жатат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун ийгиликтүү өткөрүп алдык, Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити өттү, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын эл аралык деңгээлде өткөрүп алдык. Экономика өсүп жатат, салык, бажы төлөмдөрү көбөйдү, - деди президент.

11:10 19.12.2018

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG