Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:14

Сотторго "боору ооруган" Тартип комиссиясы


Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы Башкы прокуратура иш козгогон Жогорку соттун үч судьясынын бирөөнө сөгүш жарыялап, экөөнүн жоопкерчилигин караган жок.

"Көзү азиз активист Темирлан Ормуков тергөө абагына камалган учурда анын арызын убагында карабай, эркиндикке болгон конституциялык укугун бузган" деп айыпталган Жогорку соттун судьяларынын бири Арзыбек Акыевге кылмыш иши козголбостон, сөгүш гана берилди. Ал эми калган эки судья Качыке Эсенканов менен Каныбек Бокоевдин жоопкерчилиги каралган эмес.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Коомдук талдоо институтунун жетекчиси Рита Карасартова кабарлады:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- “Үч судьяга кылмыш иши козголуп жатат” деп аябай жазылган. Тилекке каршы сотто баяндамачы болгон Акыев гана сөгүш алып, калган эки судья “материал бизге түшкөн эмес. Ал боюнча жараянга даярдыкты биз көрбөгөндөн кийин күнөөбүз жок” дегендей кылып четке чыга беришти. Прокуратура да “сотторго кылмыш ишин козгоп атабыз” деп айтардын алдында ак менен карадай болуп билинип тургандай ишти алып чыкпаса, “бул иштин аркасында эч кандай нерсе жок” деп эле жабылып калат. Прокуратуранын артка кайтарылган ар бир иши алардын жумушунун сапатынын начар экендигин билдирет.

Башкы прокуратура быйыл 2-июлда Жогорку соттун үч судьясына, анын аппаратынын кызматкерлерине жана Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголгонун жарыялаган.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу”, “Шалаакылык”, “Мыйзамсыз кармоо же камакка алуу” беренелери боюнча айып коюлган.

Башкы прокуратуранын сайты.
Башкы прокуратуранын сайты.

Башкы көзөмөл органы “Темирлан Ормуковдун арызы убагында каралбай, ал 12 күн камакта мыйзамсыз кармалган” деп билдирген. Анын ишин Арзыбек Акыев, Качыке Эсенканов жана Каныбек Бокоев кирген соттук коллегия караган.

Кийинчерээк Жогорку сот Ормуковдун арызын бөлүштүрүүдө ката кеткенин моюнга алып, аны аппаратына шылтаган. Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Ормуковдун иши боюнча тартип комиссиясы чыгарган чечимге төмөнкүдөй баа берди:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

- Жаран камакта негизсиз бир саат да отурбаш керек. Ал эми 12 күн эркинен ажыратып салуу - чоң укук бузуу. Менин оюмча Тартип комиссиясы бул жерде соттордун күнөөсү чоң экенин, арызды каттоодо ката кеткенин көрүп турат болуш керек. Бирок чоң укук бузуу болуп жаткандан кийин жөн эле көз жуумп койбой, “баяндамачы судьяга сөгүш жарыялап коёлу” деп сөгүш беришти го. Бул жөн гана амал да.

Соттор кеңешинин тартип комиссиясы Жогорку соттун үч судьясынын ишин караганын тастыктады. Бирок ал боюнча азыр эч кандай комментарий бере элек. Биз жиберген катка кийинчерээк жооп берилерине убада кылышты.

Башкы прокуратура да жайында козголгон иш боюнча кандай иштер аткарылганы тууралуу маалымат бербей турат. Ал эми Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соорбаева аты аталган судьялар боюнча буларга токтолду:

- Жогорку соттун ошол учурдагы төрайымы (ред: Айнаш Токбаева) “Прокуратурадан ушул иш боюнча “бул-бул судьяларга кылмыш иши козголот” деген эч кандай кагаз келген эмес” деп айткан. Азыр деле ошол жоопту беребиз.

“Судьялар кеңешине караштуу тартип комиссиясы жөнүндө” мыйзамга ылайык, комиссия “судьяларды жазыктык жана административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берет”. Башкача айтканда тартип комиссиясынын чечимисиз Башкы прокуратура судьяларды камай албайт.

Башкы прокуратура үч судьяга иш козгогондо бул коомчулукта прецедент катары сыпатталып, “ал башка сотторго сабак болот” деген пикирлер айтылган. "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова тартип комиссиясы ишенимди актабай жатканын айтып, анын ишин сынга алды:

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

- Соттордун Тартип комиссиясынын иши жабык жана жыйынтыктуу эмес. Алар окшош иштер боюнча эле эки башка чечим чыгарышат. Ошондуктан менде Тартип комиссиясынын чечими тигил же бул судьяга карата комиссия мүчөлөрүнүн мамилесине байланыштуу чыгат окшойт деген ой жаралды. Бул комиссиянын сайты жок, же алар эч кимге отчёт да бербейт. Комиссия мүчөлөрүнүн сүймөнчүк судьялары бар. Алардын мыйзамсыз иштерине көз жуумп коюшат. Андан башка Тартип комиссиясына жакпаган, кутулуш керек болгон судьялар бар. Негизинен бул комиссияда бирдиктүү иш жок.

Темирлан Ормуков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындаган ырына байланышуу айыпталган. Ага каршы Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев милицияга арыз жазган. Бишкектин Октябрь райондук соту Ормуковду "соттук отурумдарга келбей жатат" деген жүйө менен бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 5-апрелде аны ооруканада жаткан жеринен колуна кишен салып алып кетип, №1 тергөө абагына камаган. Ал быйыл 11-майда кайра абактан бошотулган.

Ормуков өзү буга чейин “Азаттыкка” Жогорку соттун судьяларына каршы арыз жазбаганын, бул иште Башкы прокуратура өз күнөөсүн жашырууга аракет кылып жатканын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG