Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:09

Прокурордун өлүмү: сотто чыр чыкты


Соттун жүрүшүнөн тартылган сүрөт.
Соттун жүрүшүнөн тартылган сүрөт.

Баткен облусунун прокурорунун өлүмү боюнча Ош шаардык сотунда каралып жаткан иш 17-июнь күнү үзгүлтүккө учурады. Буга шектүү менен жабырлануучунун тарапташтары чатакташып кеткени себеп болду.

Бүгүнкү сот отурумунда маркум киши колдуу болордон мурун аны менен жана шектүү менен чогуу тоого мергенчиликке чыккан мурдагы прокурорлор көрсөтмө беришти.

Баткен прокурорунун өлүмү боюнча шектүү менен жабырлануучу тараптын жакындарынын кайым айтышы дээрлик ар бир соттук отурумда болуп келе жаткан көрүнүш.

17-июнда түштөн кийин Баткен районунун мурунку прокурору сотто күбө катары көрсөтмө берип жатканда кайым айтышуу күчөп, тараптар бири-бирине кол көтөрүүгө чейин барышты.

Бүгүнкү жараянда Баткен облустук прокурорунун мурдагы орун басары Арсланбек Байбосунов менен Баткен районунун мурунку прокурору Мирлан Калыбеков күбө катары көрсөтмө беришти. Алар Анарбай Мамажакыпов өлөрдөн аз убакыт мурда аны менен тоого мергенчиликке чогуу чыгышкан.

Арсланбек Байбосунов көрсөтмө берип жатып, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов өлгөн күнү Калыков да, өзү да кызуу болгонун айтты. Ал ошондой эле тоого чыгып мергенчилик кылуу боюнча демилге окуя болордон бир күн мурун, облустук прокуратуранын кызматкеринин баласынын сүннөт тоюнда көтөрүлгөнүн билдирди:

Арсланбек Байбосунов.
Арсланбек Байбосунов.

«2018-жылдын 16-ноябрында Баткен облустук прокуратурасынын адиси Азамат Калыков баласынын сүннөт тоюна чакырган. Ал тойго Баткен облустук прокуратурасынын аппараттынын кызматкерлери барышкан. Тойдо биз отурган столду Мелис Калыков тейлеп жүргөн. Ошол тойдо «эртең тоого чыгып эс алып келбейлиби» деген сунуш болду. Анарбай Кубатидинович Мелиске карап туруп «сен машинеңди даярдап тур, биз менен чогуу барасың» деди».

Байбосуновдун көрсөтмөсүн Баткен прокурорунун өлүмү үчүн шек саналып жаткан Мелис Калыков суроо берип жатып четке какты. Анын айтымында, Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбековдун ишин облустук прокуратура текшерип жаткан.

Мелис Калыков.
Мелис Калыков.

«Байбосунов тойго чейин эле: «Шефти чакырып, сыйлап койбойсуңарбы, маселеңерди чечип?» деп сунуш кылганын Мирлан Калыбеков тергөөдө беттешүү болгондо айткан. Бирок сиз «тойдо гана уктум» деп айтып атасыз», - деди ал.

Мелис Калыков тоодо жүргөн учурда Байбосуновдун маркум прокурор менен кайым айтыша кеткенин да эскерди. Анын сөзү боюнча Байбосунов маркум прокурорду «досуң жогору жакта отурганы үчүн эле «парашютист» болуп келип калдың, эми биздин артыбыздан чукулабай, жөн иште» деп айтып, сөгүшүп кеткен.

Бирок бул айыптоону Арсланбек Байбосунов четке кагып, бул маалыматтар атайын аймак аралык кастыкты козутуу максатында ойдон чыгарылган деп түшүндүрдү.

Мелис Калыков күбөгө суроо берип жатып, Байбосунов өзүн коркутканын да айтты.

Бул аралыкта Мелис Калыков кыргыз элине, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылды.

Анда Калыков өзүнүн күнөөсүз экенин билдирип, ошол эле учурда прокурорду өлтүрүүнү алдын-ала пландаштырып, буйрутма бергендердин жана аны аткаруучулар деп эсептегендердин аты-жөндөрүн атаган.

Кайрылуу ээси Баткен прокурорунун өлүмү үчүн анын орун басары Арсланбек Байбосунов менен Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбеков түздөн-түз күнөөлүү экенин айтып, алар кылмышты пландап, уюштурган деп билдирген. Мындан тышкары Мелис Калыков өз кайрылуусунда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүргөндөр деп, 17-ноябрда чогуу аңчылыкка чыккан бир нече адамдын аттарын атаган.

Мелис Калыков бул маалыматтарды тергөөдө айтканын, бирок тергөөчүлөр аны эске албаганын да маалымдаган.

Кайрылууда аты аталгандар Калыковдун дооматын четке кагышууда. Алар 17-июндагы соттук териштирүүдө көрсөтмө берип жатып бул айыпка макул эмес экенин билдиришти.

Баткен районунун мурдагы прокурору Мирлан Калыбеков көрсөтмө берди. Ал былтыр 17-июнь күнү мергенчиликке чыккандан кийин мас болуп калган Мелис Калыковго прокурорду кошуп бергени үчүн гана өзүн күнөөлүү деп эсептей турганын айтты:

«Мен Анарбай Кубатидинович менен жумуштан сырткары да мамилем жакшы болчу. Биз 3-4 сааттан сүйлөшүп отурчубуз. Мен өзүмдүн жетекчимди ушул мас адамга кошуп бергеним үчүн өзүмдү күнөөлүү деп эсептейм. Мен ошол учурда туура эмес аракет кылгам».

Сотто эки тарап кайым айтышып, бири-бирине кол көтөрүүгө чейин барышты. Буга байланыштуу судья Жолборс Кудаяров сот отурумун токтотуп, кийинки кароону 1-июлга дайындады.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG