Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

Прокурордун өлүмү: кыйноонун карааны


Ош шаардык соту.
Ош шаардык соту.

Баткен облустук прокурорунун өлүмү боюнча сот жараяны 1-июлда Ош шаардык сотунда уланды. Келерки сот 9-июлга белгиленди.

Айыпталуучу Мелис Калыков сотто тергөө учурунда кыйноого кабылганын белгилеп, алгачкы көрсөтмөсүнөн баш тарта турганын билдирди.

Сотто Баткен облустук прокуратурасынын мурдагы бөлүм башчысы Алтынбек Кожоназаров менен Баткен райондук прокурорунун орун басары Санжар Кочкорбаев да көрсөтмө берди.

Жараян башталганда прокурордун өлүмү үчүн айып коюлган Мелис Калыков кыйноого кабылганы тууралуу президентке, Башкы прокуратурага жана башка бийлик бутактарына кайрылганын, азырынча жооп болбой жатканын айтты:

Мелис Калыков.
Мелис Калыков.

«18-ноябрга оогон түнү тепкилеп, кыйнап чыгышкан. Мени «Үй-бүлөңдү жана өзүңдү өлтүрөбүз» деп коркутушкан. «Эгерде сен кылмышты мойнуңа алып түрмөгө отурсаң, кийин өзүбүз чыгарып алабыз» дешкен. Намысыма тие турган аракеттер болгондо айласыздан көрсөтмө бергем. Ошон үчүн өтүнүч келтирип жатам, мыйзам чегинде толугу менен алгачкы көрсөтмөдөн баш тартам».

Бул күнкү сот жараянында Баткен облустук прокуратурасынын мурдагы кызматкери Алтынбек Кожоназаров менен Баткен райондук прокурорунун мурдагы орун басары Санжарбек Кочкорбаев көрсөтмө беришти.

Бул экөө тең окуя болгон күнү тоого эс алууга чыккандардын арасында жүргөн. Алтынбек Кожоназаров окуя болгон күнү мергенчиликтен кайткан учурда Мелис Калыков мас болгонун эстеди:

Алтынбек Кожоназаров.
Алтынбек Кожоназаров.

«Төрт-Күл көлүнө жакын жерде отурганбыз. Мелис «Лексуска» отуруп алыптыр. «Эй, сен эмнеге отурасың, мас экенсиң, рулду бер» деп айттым. Ал мени укпай Анарбай Мамажакыпов менен кетип калган».

Кожоназаров өзү да кызуу болгонун ырастады. Бирок ал мергенчиликке чыккандардын ортосунда ич ара пикир келишпестик болбогонун айтууда.

Негизги күбө катары көрсөтмө бергендердин бири, Баткен райондук прокурорунун мурдагы орун басары Санжарбек Кочкорбаевдин айтымында, автоунаанын изин кууп отурушуп, таңкы саат беш-алты чамасында сөөктү табышкан.

Кочкорбаев прокурорду караңгыда жарык чачкан жабдык жана чырак менен издегенин, ага кошумча фарасы күйгөн машине артында келе жатканын кошумчалады.

Ал Баткен-Исфана жолунан сөөк табылган жерге чейин бир сааттан ашык убакыт жол жүргөнүн, жанында арак заводунун өкүлү Эрнис Базарбай уулу болгонун, маркум прокурордун сөөгүн тийиштүү кызматка өткөрүп бергенче ошол жерде турганын билдирди:

Санжарбек Кочкорбаев
Санжарбек Кочкорбаев

«Алгач милиция кызматкери менен кошо Төрт-Күл көлүнө барчу жолдун оң-сол тарабын издеп келдик. Андан кийин Баткен шаарына келип, үйдөн караңгыда жарык кылып көрсөтүүчү жабдыкты алдым. Эрнис Базарбай уулу экөөбүз издедик. Лейлекке бараткан жолдон оңго киргенде дөңгөлөктүн изин көрдүк. Ошол изди кууп бардык. Айлананы жарык кылганда адамдын сөөгү жатканы даана көрүндү. Барып карасак күйүп калган экен. Бут кийиминен тааныдык. Анан башкалар келгенче күтүп отурдук».

Сөөк табылган аймак Тажикстан менен чектешет. Мелис Калыковдун адвокаты Асылбек Кунгуров айрым суроолорго берилген жооп менен тергөөдө берилген көрсөтмөлөр дал келбей жатканын айтты.

17-июнда болгон акыркы жараянда Баткен облустук прокурорунун мурдагы орун басары Арсланбек Байбосунов менен Баткен районунун мурдагы прокурору Мирлан Калыбеков күбө катары көрсөтмө берген. Анарбай Мамажакыпов өлөрдөн бир аз убакыт мурда алар менен мергенчиликке чыккан.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 2018-жылы 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG