Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Прокурордун өлүмүн караган соттогу чатак


Соттун жүрүшүнөн тартылган сүрөт. Ош шаары. 17-июнь, 2019-жыл.
Соттун жүрүшүнөн тартылган сүрөт. Ош шаары. 17-июнь, 2019-жыл.

Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө байланыштуу сотто чыккан жаңжалда шектүүнүн «токмок жедик» деген жакындары экинчи тарапка каршы милицияга арыз жазышты. Экинчи тарап муну прокурордун өлүмү боюнча сотту создуктуруу аракети деп баалоодо.

Баткен прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча соттук териштирүүдө Баткен районунун мурдагы прокурору Мирлан Калыбеков күбө катары көрсөтмө берип жаткан учурда тараптар ортосунда кайым айтышуу болуп, ал мушташка айланды. Анда шектүү Мелис Калыков да сөзгө аралашкан.

Прокурордун өлүмүнө айыпталып жаткан кылмышка шектүү Мелис Калыковдун эжеси Гүлсара Абдрашитова "17-июндагы сот отурумунда маркум прокурордун бир тууганы Өскөнбай Мамажакыпов урду" деп милицияга жана дарыгерге кайрылды. Абдрашитованын сиңдиси Дарика Калыкова буларды айтты:

«Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо участкалык бөлүмүнө барып, арыз бердик. Андан кийин ооруканага барып, медициналык экспертизадан өткөнбүз. Тергөөчү "өзүм байланышам" деген, азырынча чала элек. Биз буга чейин алардын түрдүү сөздөрүнө, анча-мынча ур-тепкисине да көз жумуп келдик. Бирок жашы жетимиштен өтүп калган энеге кол көтөргөнү туура эмес, ошондуктан бул жолу унчукпай коё албадык».

Сот отурумундагы чыр
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:44 0:00

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) маалыматына караганда, бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ээнбаштык» беренеси боюнча катталган. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматкери Абсаттар Табакалов билдирди:

«Арыз боюнча иш бирдиктүү реестрге Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») боюнча катталды. Учурда арыз сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Иликтөө иштери жүрүп жатат».

Экинчи тарап болсо муну куру доомат деп жатат. Маркум прокурордун иниси Өскөнбай Мамажакыпов Абдрашитовага кол көтөрбөгөнүн айтып, бул аракетти сотко тоскоолдук жасоо катары баалоодо:

«Булар сотту создуктуруп, тергөөнү бузуп, 2020-жылга чейин жеткирип алышса, андан кийин мунапыска илинип, жеңилдик алабыз” деген ойлору бар. Ушул себептен эле бизге доомат коюп жатышат. Өздөрү башташты, чагым кылышты. Журналисттер турушкан, өзүңөр деле көрдүңөр, биринчи баклажка менен урушту. Туугандары бизге асылышты. Эжемди уруп жатканда мен түртүп, анан урганым менен жакшы тийген деле жок. Андан кийин биз сыртка чыгып кеттик».

Тараптар жаңжалдашкан акыркы сот отуруму 17-июнда болгон. Ушундай кайым айтышуулар мушташка айланып баратканда судья соттук териштирүүнү токтотууга аргасыз болгон. Бул чуулгандуу иш боюнча соттук териштирүүнүн ар бир отуруму тараптардын кайым айтышуусу менен башталып, аягында да чыр менен аяктап келатат.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 2018-жылы 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында.

Кылмыш боюнча элүүдөн ашуун күбө бар. Алардын көпчүлүгү буга чейинки соттук отурумда көрсөтмө беришкен. Окуя болгон күнү маркум менен чогуу мергенчиликке чыккан мурдагы прокуратура кызматкерлери негизги күбө катары сурак берип жатышат.

Баткен прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча соттук териштирүүнүн кийинки отуруму 1-июлда уланат. Сот жараяны ушул жылдын 7-майында башталган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG