Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Оштогу чоң муштумдардын чоо-жайы


Түнкү Ош.
Түнкү Ош.

19-июнда Оштогу эс алуу жайында тартылган мушташтын кыска видеосу Интернетке тарап, коомчулукта кызуу талкууга түштү.

Видеодо эч кандай каршылык көрсөтпөй турган балдарды эки жигит кезеги менен жаак талаштыра койгулап жатканы даана көрүнөт. Көп өтпөй Ош шаардык милициясы видеодогу мушташ Оштогу “эс алуучу жайлардын” биринде болгонун ырастады.

Ал маалыматта эки жабырлануучунун жаагы сынганы, видеонун чоң муштум каармандары кармалганы кабарланды. Ош милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков мындай деди:

Замир Сыдыков.
Замир Сыдыков.

- 19-июнда мушташ болуп жатканы кабарланган. Милиция барып, мушташтын катышуучуларын кармап келген. Алардын бири эрежесиз мушташтын чебери болсо, экинчиси уюшкан кылмыштуу топтун жигердүү мүчөсү болуп чыккан. Ага карабай Ош шаардык соту аларды үй камагына чыгарган. Бирок 1-июль күнү Ош шаардык милициясына алардын үстүнөн ошол эле 19-июнда, ошол эле саунада бир кызды экөөлөп зордуктаганы боюнча арыз түшкөн. Анын негизинде алар кайрадан камалышты. Ош шаардык соту спортчунун бөгөт чарасы катары бир айга, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнө эки айга жатак абагын чегерди.

Токмоктоо боюнча түшкөн арыздын негизинде эрежесиз мушташтын көрүнүктүү өкүлү Бекболот Абдылда уулу менен кошо Оштогу кримавторитет Кадыр (Женго) Досоновдун Руслан аттуу жансакчысы кармалганы кабарланды.

Ал арада жаагы сынган жабырлануучулар Бекболот менен Русланга карата тосмо арыз жазып беришкени белгилүү болду.

Бул окуядан он күн өткөндөн кийин "мени экөөлөп зордуктады" деп 25 жаштагы кыз арыз жазган. Бекболоттун бир тууган эжеси Уулкан Аманова кыздын арызын бирөөнүн тымызын буюртмасы катары баалаганын айтты.

Аны чоңдор колдонуп, акыры ушинтип, өз максаттарына пайдаланып, ыргытып салышты.

- Бекболот 72 жаштагы кемпирдин жалгыз уулу. Биз эжелери турмушка чыгып кеткенбиз. Азыр апам Бекболотун тынбай сурап жатат. Биз болсо "Бекболот эс алып жатыптыр" деп алдап отурабыз. Муну укса, апам көтөрө албайт. Бекболот андай жаман ишке барганына ишенбейбиз. Аны чоңдор колдонуп, акыры ушинтип, өз максаттарына пайдаланып, ыргытып салышты. Убагында Бекболотту мактап, ошол ишке жиберген өздөрү да. Болбосо беш маал намаз окуган Бекболот ошол ишке бармак беле? Коррупционерлер, адам өлтүргөндөр камалбай эле, жаштыкка алдырып мушташып кеткендер тосмо арызга карабай камалып кете береби? Кызды болсо жалдап алып келип арыз жаздырышкан.

Уулкан Аманова "саясат" деп Бекболот машыгып жүргөн "Мухаммед Умар", "Эрэм" спорт клубдарынын ээлерин, жандап жүргөн Канжар Кадыралиевди айтып жатат.

Бирок Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков мунун артында эч кандай саясат жок экенин, болгону мыйзамдуулукту сактоо аракети болгонун билдирди.

- Ош милициясы сойкукана уюштургандарга каршы тынымсыз күрөшүп келатат. Улам бирин кармап, айып салган менен, кайра эле башкасы сойкукана ачып жатат. Мушташ болгон жердеги сойкукана боюнча да текшерүү жүрөт. Аныкталса, чара көрүлөт. Мушташ болгон жерде мурда сойкукана болгону чын. Анын ээлерине айып салынган. Милиция кыздын укугун коргоого милдеттүү. "Экөөлөп зордуктады" деген арыз ошол жайда иштеген кыздан түштү.

Бекболот Абдылда уулу мурдараак ИИМдин азыркы орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун "Мухаммед Умар" спорт клубунда машыгып жүргөнү боюнча да сөздөр чыккан. Бирок "Мухаммед Умар" спорт клубунун жетекчиси Улукбек Өмүрзаков Бекболот жүрүм-туруму начар болгону үчүн бир ай мурда клубдан куулганын билдирди:

Улукбек Өмүрзаков.
Улукбек Өмүрзаков.

- Биринчиден, Бекболот эч качан "Мухаммед Умар" спорт клубунун мүчөсү болгон эмес. Эрежесиз эр уруш боюнча Кыргызстандын курама командасына да кирген эмес. Ал болгону АО, ОсОО кылып ачылган майда залдардын атынан чыгып жүргөн. "Мухаммед Умардын" залдарында жөн кана кардар катары машыгып жүргөнү чын. Бирок жүрүм-турумуна байланыштуу аны 15 чакты бала менен чогуу бир ай мурда клубдан кууп жибергем. Анын үстүнөн арыз түшсө, демек милиция тергейт. Күнөөсү болсо жазасын тартат. Эгер ал түз жүргөн спортчу болгондо саунага бармак эмес, жөн турган балдарды урбайт эле. Эгер кылмыш кылса, күнөөсү далилденсе жазаланат да.

Бекболоттун жакындары ал "Мухаммед Умардан" кеткенден кийин Матраимовдорго тиешелүү экени айтылып жүргөн "Эрэм" спорт клубунда машыгып жүргөнүн айтууда. Бирок Бекболоттун ал жерде машыкканын азырынча эч ким ырастай элек. Уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү катары катталган, мурда төрт жолу соттолгон Руслан менен бирге барып, саунада чуу салганы азырынча Бекболоттун туугандарына да түшүнүксүз бойдон турат.

Бекболот менен Канжар Кадыралиев мурдараак ынак жүргөнүн, экөөнүн туугандык жайы да бар экенин Бекболоттун эжеси ырастады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG