Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Ошто спортчулардан жабыркаган ишкер “эскертүү” алды


Ишкердин дүмүрчөгүнө жазылган коркутуу.
Ишкердин дүмүрчөгүнө жазылган коркутуу.

Ош шаарындагы жеке ишкер Жайнагүл Турдуеванын үйүнө кире бериште илинип турган газдын дүмүрчөгүнө 12-август күнү белгисиз бирөөлөр “өлүм” (смерть) деп жашыл маркер менен жазып кетишкен. Ал муну дүкөнүн тоноп кеткен спортчу балдар жасаган деп шектенүүдө. Анын айтымында, эки күн мурда эле анын күйөөсүнө да абактан телефон чалуулар болуп, каракчылардын үстүнөн арызды алып салууну айтып коркутушкан.

Ишкер бул эки факты боюнча милицияга дагы арыз жазган. Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык бөлүмү Турдуеванын атынан арыз түшкөнүн, аны иликтешээрин билдирди.

Жайнагүл Турдуева 21-апрелде “Мухаммед-Умар” клубунун спортчулары анын дүкөнүн көз алдында карактап, күйөөсү Садырбек Зарамовду сабап кетишкенин айтып чыккан. Каракчыларды спорт клубдун ээлери, Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков жана Ош областтык прокуратурасынын бөлүм башчысы Улук Өмүрзаковдор коргоп, кылмыш жоопкерчилигине тарттырбай жатат деп билдирген. Кезинде ага-ини Өмүрзаковдор муну толук четке кагышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG