Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:29

Депутат өз кадырын жети миллион сомго баалады


Депутат Сагындык Келдибаев жана экс-депутат Ыргал Кадыралиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев экс-депутат Ыргал Кадыралиевадан жети миллион сом доо өндүрүп алыш үчүн сотко кайрылды.

Ал Кадыралиеваны "жалган маалымат таратты, кадыр-баркыма шек келтирди" деп айыптап жатат. Кадыралиева өз айткандарын сотто далилдей аларын билдирди.

Келдибаев менен Кадыралиеванын үй-бүлөлүк араздашуусу, соттошуусу 2014-жылы башталган. Ошол учурда Ош шаардык прокуратурасында иштеген экс-депутаттын бир тууган агасы Канжар Кадыралиевди Келдибаевдер "бизди курал менен карактады" деп айыптап чыккан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон, сотко да жеткен, бирок эмгиче аягына чыга элек.

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Сагындык Келдибаев парламенттин 5-чакырылышында КСДП фракциясынан депутат болгон Ыргал Кадыралиева тууралуу Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотуна кайрылды.

Арызда ал өзүнүн орус жараны экени тууралуу экс-депутаттын маалыматын чагымчылдык, кадыр-баркка, ар-намыска шек келтирүү деп баалады. Буга байланыштуу ал жети миллион сом өндүрүп берүүнү соттон өтүндү.

Сагындык Келдибаев орус жарандыгын алганын танбайт, бирок 2014-жылдын аягында андан баш тартканын айтып келет:

- Мен жүз миңдеген кыргызстандыктар сыяктуу эле Орусияда мигрант болуп иштеп, өз убагында жарандык алып, ак эмгегим аркылуу Кыргызстанда жумуш орундарын камсыз кылган ишкермин. Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгүнө катышуу алдында мыйзамга ылайык орус жарандыгын тапшырганымды Орусиянын тиешелүү кызматтары тастыктады. БШК да менин жарандыгым боюнча маселе жоктугун расмий билдирди. Ыргал Кадыралиева мен тууралуу коомчулукка жалган маалымат таратканы үчүн сотко арыз жаздым. Ал чагымчылдыгы үчүн сөзсүз жооп бериши керек.

Жети миллион сомдук доого байланыштуу экс-депутат Ыргал Кадыралиева "Азаттыкка" комментарий берди жана айткандарын бышыктаган документтер бар экенин айтты:

- Соттошсо соттошобуз. Далилдей турган кагаздарымдын баары жетиштүү. Экинчиден, ал "бардык эле жарандар катары" деп жатпайбы. Сагындык Келдибаев мигрант эмес. 12 жылдан бери Орусиянын кадимки жараны. Эл да, Келдибаев да мигранттар менен орус жарандарын аралаштырбаса. Кыргыз парламентине башка өлкөнүн жарандарынын киришине акысы жок. Жарандыктан чыгуу-кирүү оюнчук эмес. Сагындык Келдибаев "орус жарандыгынан 2014-жылы чыктым" десе, андан кийин деле Орусиянын паспортун колдонуп жүргөнү тууралуу документтери бар деп угуп жатам. Тиешелүү органдарда иштер жүрүп жатканы тууралуу маалыматым бар. Эгер ал орус жараны болбосо иштей берсин. Бирок орус жарандыгын алып, кайра кыргыз жарандыгын алып иштей бергендей парламент оюнчук эмес.

Ыргал Кадыралиева менен Сагындык Келдибаевдин соңку араздашуусу аткаминерлердин, жогорку мамлекеттик кызматтагылардын, эл өкүлдөрүнүн кош жарандыгы тууралуу маселени кайра козгоду.

БШКнын мурдагы мүчөсү, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков бир эле учурда Орусиянын да, Кыргызстандын да жарандыгын алып жүрүү кадыресе көрүнүшкө айланганын, мындай адамдар Жогорку Кеңешке оңой эле депутат боло тургандай шарт бар экенин айтты. Бул маселе боюнча ал атайын кызматтын ишин сынга алды:

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

- БШКга партиялар тизмени паспорттун көчүрмөсү менен берет. Аларды БШКнын каттабай койгонго укугу жок. "Алар башка мамлекеттин жараныбы же жокпу?" деп текшере албайт. Анткени алар Кыргызстандын жарандыгынан чыккан жок, паспорттору колунда. Орус жарандыгын алгандан кийин президенттин буйругу менен кыргыз жарандыгын алып коюш керек. Биз муну жасабайбыз. Маселе - "Эки өлкөнүн жараны болуп, колунда эки паспорт турса каттоо керекпи же жокпу?" деп мыйзамда каралган эмес. Муну бир гана орган - УКМК текшериши керек. Алардын эң негизги милдети ушул. Саясатчылардын артынан кубалап, аларды тыңшоо эмес.

Ушул жылдын башында Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда аткезчилик боюнча камалган жана анын казак жараны экени маалым болгон.

2014-жылы күзүндө парламенттин азыркы депутаты Сагындык Келдибаевдин ишкер бир туугандары, ата-энеси Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевди "бизнесимди тартып алууга аракет кылып жатат, курал колдонуп карактады, опузалады" деп арызданып чыккан. Кадыралиев "Азаттыктагы" маегинде муну "каралоо" деп атаган.

Көп өтпөй Кадыралиев тууралуу анын Абдимитал Бекташов аттуу айылдашы да Башкы прокуратурага даттанган. Анын негизинде "Бейбаштык", "Опузалоо" жана "Өзүмбилемдик" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Кадыралиев узак убакытка чейин издөөдө жүргөн, тергөө органдарына өзү келген жана ооруканага да жатып чыккан.

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, юрист Мукар Чолпонбаев бул кылмыш ишин тергөөнүн, сот процессинин төрт жылга чейин созулуп кетишинин себебин мындайча болжоду:

Мукар Чолпонбаев.
Мукар Чолпонбаев.

- Биринчиден, кийлигишүүнүн айынан, экинчиден, айыпталуучу жабырлануучулар менен улам сүйлөшүп, ишти жабууга аракет кылып жатканынан болду окшойт. Мен бир жолкусу ушундай болгонун билет элем. Кадыралиев "күнөөнү мойнума алайын, антейин-минтейин, күнөөмдү жууюн" десе тигилер адегенде баш тартып, кайра макул болсо берки тарап убадасын аткарбай, ушундан улам кайра арыз жазылып, айтор ушинтип эле жүрүшчү. Эми саясий кырдаал өзгөргөндөн улам сотто башкача чечим чыгып калышы да мүмкүн.

Канжар Кадыралиевдин ишин быйыл январь айында Жогорку сот караган. Ал төмөнкү инстанциялардын ишти кайра кароо тууралуу чечимин күчүндө калтырган. Ошондон улам бул иш Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотуна, андан Ош облусунун Өзгөн райондук сотуна жөнөтүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG